КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башталышы)

Бул чыгарма – башынан аягына чейин Орусияда жашап жаткан эки каармандын бири-бирине кат жазышуусу. Кат жазышуу аркылуу алар кайсы бир окуяны, кимдир бирөөлөрдүн тагдырын, укканын, көргөн-билгенин бири-бирине айтып берет, өз ара талкуулашат. Бөтөн жердеги реалдуулук, мекендештер баштан кечирип жаткан жашоо: кыйынчылык, сүйүү, азгырык, таш боордук жана башкалар сүрөттөлөт.

– Арыба! Кандайсың? Москвага көнүп баратасыңбы?

Өзүң эми эле келсең, мен сага ар нерсени бир жиберип, башыңды ооруттум окшойт. Кечир... Москва ушундай, мен эмес. Адамдын чама-чаркына карабайт. Көпчүлүккө кошуп ушинтип ары-бери сүйрөй берет. «Кудайдын алдында, анан Москванын алдында адамдардын баары бирдей» деген сөз уктум эле. Кайдан укканым эсимде жок, бирок ошондой сөз бар. Мага жакпаган сөз, анткен менен бизге тиешелүү, бизге ылайык сөз... Москванын алдында баарыбыз чын эле бирдейбиз, Кудайдын алдында, билбейм...

Кайрылууну колуңдан келишинче мессенжерден тааныштарыңа жиберип, Фейсбук баракчаңа бөлүшүп койчу, сураныч...

– Бар болуңуз, эже! Кайрылууну тааныштарга жиберип, бөлүшүп койдум. Жапжаш кыз экен, жакшы болуп кетсин, ылайым! Мен дагы сиз айткан көптүн ичинде барына сүйүнүп, жогуна көнүп жашап жатам. «Москвага келерим менен эле иштеп кетпесмин, шаарды кыдырып ары-бери басам го» деп ойлогом. Бул оюмду эжеме айтсам: «Москва андай жай турмуштун шаары эмес, иштейсиң, иштен убактың артса, шаар кыдырасың», – деп койду. Москва чын эле жай турмуштун шаары эмес экен. Адамдары деле ошол эрежеге алда качан көнүп бүтүптүр, баары бирдей шашылып, чуркап жашайт тура. Мен Москванын бар жашоосуна, базар жашоосуна аралашып кете албай жатам. Өзүмдү Кыргызстанда, анан калса “Ош базарда” жүргөндөй эле сезем. Базардын ичи жайнаган кыргыз. Бири-бирине берекелүү соода каалап, тамашалашып, бапыраңдашат. Баары өзүбүздүкүлөр экенине сүйүнөрүмдү же азганактай элибиздин жарымы Москвада, анан да ушул базарда экенин көрүп күйүнөрүмдү билбей турам.

ххх

– Эже, мен кичинекей кезимде артист болгум келчү. Бирок атам: «Артисттердин тагдыры оор болот, кыз бала же мугалим, же доктур болгону эле жакшы», – деп мени театралдык окуу жайына окутпай койду.

Артист болом деген максатым борпоң эле болсо керек. Болбосо, атамдын ошол эки ооз сөзүнөн эле урап калмак беле? Мен мугалимдикти тандадым. Бирок биздин өлкөдөгү жетишпеген турмуш, азын-оолак айлык жана башка себептер акыры мени базарчы кылды. Өзүмдү-өзүм базарчы деп алып кайра өзүм арданам. Алдыма койгон чоң-чоң максаттарымды, өзүм элестетип жүргөн келечегимди ойлоп: «Кантип эле ушул бойдон базарчы болуп калмак элем, бул жумуш убактылуу», – деп өзүмдү ишендирем, чыйралам.

Москвада жүргөн ар бир экинчи кишинин Мекенде таштап келген кесиби, бала-бакырасы, айрымдарынын неберелери бар. Бир үйдө жашагандан кийин аңгемелерине кулак төшөйсүң, ар биринин тагдырын, тилектерин, максаттарын угасың. Максаттардын баары окшош. Бала окутмай, үй салмай, балдарга келечек түзмөй, той бермей. Ошону ээрчип келген адамдар. Деги эле Москвага келген күндөн тартып жыргап кеткен жан кездештирбедим. Түркүн тагдырлардын, кызык окуялардын шаары экен. Жанымдагылардын айтканын угуп отурам, ар кимисинде ар түрлүү арман. Анан мен арызданып ыйласам, «кой, ыйлаба, Москва көз жашка ишенбейт» деп мени сооротуп коюшат. Эң көп айтылган, жөнөкөй, бирок бардык учурда, бардык жерде, бардык кайгыларда колдонула берген, жешилбеген сөз экен.

Ушинтип бири-бирибизди сооротуп, биздин бөлмөдө алты киши жашайбыз. Дагы бир бөлмөдө эки үй-бүлө, үчүнчү бөлмөдө кожойкебиз күйөөсү, кызы үчөө. Айтор, өтө эле көп кишибиз. Киши көп болгондуктан үйдө душ менен туалетке кадимкидей кезек. Бул турмушка кантип көнүп кетем десеңиз?.. Бир жагынан күндүн суугу да жүдөттү. Жаздын ортосундабыз. Бирок жаздан дагы эле кабар жок. Качан жаз келет? «Чоочун жерге баратам, эл көрөм, жер көрөм, күндө шаар кыдырып көйкөлүп басам», – деп ойлосом керек, жалаң желбиреген көйнөктөрдү көтөрүп келиптирмин. Баса, Москвага жаңы келген күнү ак көйнөк кийип келгенимди сизге айта элекмин да. Мен мурда-кийин самолётто деле жол жүрүп көрбөгөм. Самолёт десе чемоданын сүйрөп, зыңгырап эле аэропорттон чыга калган кишилердин элестери жашачу. Жолго чыгарда ак көйнөк кийип жасанып алдым. Чемоданды ары-бери сүйрөп, көтөрчү жерде көтөрүп отуруп көйнөгүм бат эле кирдеди. Келген жеримде көңүлүм да көйнөгүмдөй бат кирдээрин билбептирмин...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан