(Башы өткөн сандарда)
Айсулуу кыйналып жатты. Өмүр менен өлүмдүн ортосунда турса да курган эне баласын ойлоп турду. “Мен эмне болсом да балам аман калса болду” деди эне жан талаша. Эркин болсо башын кучактаган боюнча ыйлап жатты. Алка-шалка тер болгон Калия эки өмүрдү тең сактап калганга аракет кылып жатты. Акыры кыйналып жатып Айсулуу аман-эсен көз жарды. Баланын бакырган үнү тоо арасын жаңырта берди.
– Оо, Кудай, төрөлдү!- деди Табылды табып сүйүнө. Жашоого наристе келди! Баарынын жүзүнө күлкү чачты. Ошол күнү эле жаңы көз жарган Айсулуу менен анын уулун Ош шаарына алып келип төрөтканага жаткырышты.
– Калия, азаматсың, эненин да, баланын да ден соолуктары мыкты. Сен мындан ары гинеколог деле болуп иштеп алсаң болчудай,- деп тамашалады кесиптеши.
– Ошондой эле болсун!- деди жеңилдене дем алган Калия.
Айсулуу наристени тиктеп жатты. Кайсы бир жерин өзүнө, кайсы бир жерин Эркинге окшоштурду. Кабагын түйүп алганы так Эркинге окшоп калды эле, күлүп жиберди. Бул учурда Эркин гүл алып кирип келе жаткан.
– Кел, келсең, кабагын карасаң, сага окшош экен.
Эркин наристени жылмайып колуна алды. Жыттап алды.
– Буюрса, эми баары жакшы болот. Баарын ак барактан баштайбыз. Уулубуз бир аз торолгондо башка өлкөгө кетебиз.
– Эмнеге?
– Чет өлкөдө жашасак сен баарын тезирээк унутасың деп ойлойм. Болбосо көп нерсе кайра башынан эсиңе түшө берет. Экөөбүздүн жараларыбыз кайра сыйрыла берет.
– Эркин, адам өзүнөн-өзү кача алабы? Башка өлкөгө кеттик дейли, жараларыбыз ошол жактан айыгабы? Жаманбы, жакшыбы, бул биздин жашообуз. Ушул жерде туруп айыгып, жашоону так ушул жерде туруп жеңишибиз керек. Качкан туура эмес! Качып кетип экөөбүз эмне таптык? Андан көрө колубуздагы нерселерди баалайлы. Бактылуу бир үй-бүлө куралы...
– Айсулуу, чын эле бул жерде калууну каалап жатасыңбы?
– Ооба, Табылды агай мени дарылады. Көп нерсени түшүндүм, кабыл алдым. Ата-энебиздин каталарын кабыл алдым. Мен баарын кечирдим, Эркин, сени, ошол абалды, атаңды, өз апамды, эң негизгиси, өзүмдү кечирдим. Бул кандай жакшы сезим экенин айтып бере албайм. Үстүмдөн басып турган жүктөн кутулгандай болдум.
– Сен азаматсың! Баары сен каалагандай болсун, сен кайда жашайбыз десең ошол жакта жашайбыз.
– Эркин, сага дагы бир суранычым бар.
– Оув, мен сен эмне десең баарын аткарганга даярмын.
– Биздин экөөбүздүн тең апаларыбыз бар. Ооба, экөө тең ката кетирди. Бирок колубузда бар экенинде кабыл алышыбыз керек. Мен дагы, сен дагы апаларыбызды кабыл алалы. Алар биздин уулубуздун чоң эне, таенелери. Бир үй-бүлө болуп жашаганга, өткөн-кеткенди унутканга аракет кылалы. Шаарга барганда апаларыбызды маңдайыбызга алалы да жакшы бир сүйлөшөлү.
– Акылдуум менин!
Эркин бир колуна уулун алып, экинчи колу менен жубайын кучактап бактылуу болуп турду.
ххх
Альфия эртең менен эрте туруп Анвардын көрүстөнүнө барды. Анын туулган күнү эле. Бажырайган гүлдөрдү коюп, тазалап баштады. Экинчи бир аял келип калганын байкаган жок. Калия бул күндү утурлап дайым келчү. Бирок Альфияга көрүнчү эмес, бул жолу атайын басып келди.
– Альфия, кандайсың?
– Сенби, жакшы. Сени Ошто деп ойлодум эле.
– Бүгүн Анвардын туулган күнү, ошол үчүн келдим.
Калия колундагы гүлдөрүн коюп, куран түшүрүп болуп улутуна берди.
– Кызык, Анвардан сенин бир кызың, менин бир уулум бар. Өмүр бою экөөбүз бир эркектин сүйүүсүн талашып келдик.
– Анвардын сенден уулу бар экенин жакында билдим. Мен эч качан аны мындай ишке барат деп ойлогон эмес экенмин. Анын жүрөгүндө жалгыз мен бармын деп ойлочумун. Бирок сүйүндүм. Менин кызымдын иниси бар экенине сүйүндүм.
– Сен гана бар болчусуң көңүлүндө. Бирок сенин жашооңдо ал өтө маанилүү адам болгон жок. Колуңда алтын кармап турганыңды билбей, башка бирөөнүн колундагы момпосуйга кызыктың. Анвардын сен толтура албаган бөлүгүн гана менден толуктачу. Бирок сени сүйгөндөй мени эч качан сүйгөн жок. Бул чындык.
Альфия көзүнө толгон жашты аарчый берди.
– Кандай болгон күндө да сага рахмат. Айсулууну жашоого кайрыдың. Сен болбосоң кызым бактылуу болбойт эле. Ошону менен күнөөлөрүбүздү кечиришели. Баса, бүгүн алар уулуна жентек берет. Сени да чакырышты болуш керек.
– Ооба, барам.
Тагдырдын эки айрылыш жолунда кеткен мурунку эки курбу көп жылдан кийин биринчи жолу бири-бирине ачык жүз, кечирим менен карашты.
ххх
Той. Бул жерде бирин-бири кечиришкен, кабыл алышкан, Айсулуу менен Эркиндин баласына бата бере турган чакан гана адамдар бар эле. Айрыкча Эркин менен Айсулуу бактылуу болчу. Алар оңой жол баскан жок, тагдырлары мүмкүн болбогон жерден бирикти, ажырай турганда да даанышмандык менен бири-бирине жол таба алышты. Азыр бардык кыйынчылыктарды жеңген эки күчтүү инсан турду. Колдорунда ак сүйүүдөн жаралган наристелери бар эле.
Окурман, жашоонун ак жана кара философиясы бардык учурда, бардык абалда, бардык мамиледе бар. Аксыз кара жок, карасыз ак жок. Маанилүүсү – адамдар кайсыны тандаганында. Акты тандаган адам гана жарыкты таба алат. Жарыкты таба алган адам гана бактылуу боло алат.
(Аягы)