Курал Чокоев, ырчы: “БИР БАШКАЧА ЭЛЕ АДАММЫН НЕГИЗИ”

Бул сапар чыгармачыл чөйрөдөгү кесиптештери ырчы Курал Чокоевге суроо узатышты. Ырчы мырза алардын соболдоруна кандай жоопторду узатканына көз чаптырыңыз.

Жеңиш Кангелдиевдин суроосу:

– Курал, сенде бой десе бой, өң десе өң бар... Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасынан кетип калганыңа өкүнбөйсүңбү? Балким, азыр Семетейди ойнойт белең?..

– Бой десе бой, өң десе өң (күлүп)... Чоң рахмат комплиментиңизге. Башында кетип калганыма өкүнгөм. Бирок азыр алдыга койгон максаттар башка жаатта болуп жатат. Өкүнгөнгө деле убакыт жок. Эгер чыгармачыл чөйрөдө болбосом, кыйналмак болушум керек. Чыгармачыл чөйрөдө жүргөнүм, актёрлор менен аралашып кээде киного тартылып калганым театрды сагындырбаганга жардам берип жатат. Албетте, Семетейдин ролун жараткан жакшы, мен эми өз жашоомдо Семетей болгонго аракет кылып жатам.

– Чыгармачыл адамдын эл алдында ички маданияты кандай болуш керек?

– Негизинен чыгармачыл эле эмес, ар бир адамдын жүрүм-турум маданияты болушу шарт. Эл алдында ар бир адам өзүн маданияттуу алып жүрүшү керек деп эсептейм.

– Өзгөчө тамактардан эмнелер жагат?

– Негизи даамдуу тамак болсо баарын жей берем. Тамак тандабайм. Албетте, өзгөчө тамактарды жеген жагат. Ар улуттун ашканасынан даам сызганды жакшы көрөм.

Кенже Көбөкованын суроосу:

– Кийин кинодо роль жаратам деп ойлойсуңбу же ырчылык кесип менен эле кетесиңби?

– Азыр тасмада, сериалдарда анча-мынча роль жаратып жүрөм. Ошолор менен актёрлук кесипти толуктап жатам. Алдыда дагы тартылууга аракет жасайбыз. Кээде кастингдерге сүрөт, видеороликтерди жөнөтүп турам. Ал эми ырчылыкты уланта берем.

– Үй-бүлөдө кызганчааксыңбы?

– Ооба, кызганчаакмын.

Ильяз Андаштын суроосу:

– Тамаша иретинде болсун суроолор! Курал Чокоев, сиз ырчысызбы же work`чусузбу же Ысык-Көлдө кафе иштеткичсизби?

– Мен биринчи ирет адаммын. Анан калгандары: ырчы, work`чу, бизнесмен...

– Курал мырза, аялыңыз үйдө 1-атаманбы же 2-атаманбы (күлүп)?

– Билбейм, Ильяз үйүндө аялы менен “мен биринчи атаманмын, сен экинчисиң” деп бөлүшөбү? Ильяз аялынан орун талашып мектепте эле калып кетсе керек. Бизде 1-2-атаман деген нерсе жок. Бири-бирибизди түшүнүп, мамиле куруп жашайбыз.

– Чачыңызга качан кам көрөсүз? Чач эктирүү планыңызда барбы (күлүп)?

– Чачым азырынча Кудайга шүгүр эле, чач эктирүү деген планда жок!

Алмаз Шердин суроосу:

– Жашооңуздагы сизге пайда берген эң мыкты кеңеш?

– “Баштасаң коркпо, корксоң баштаба”!

– Мүнөзүңүздү 5 сөз менен сыпаттап бериңиз.

– Бир башкача эле адаммын негизи.

– Сизди белгисиз аралга жөнөтүшсө кандай буюмду алмаксыз жана эмне үчүн?

– Белгисиз аралга барбайт болчумун. Белгисиз аралга барып кала турган болсоң даярданууга мүмкүнчүлүк жок болмок да. Колуңда бар нерсе менен эле барасың. Эгер мага алдын ала белгисиз аралга барасың десе, барбайм эле демекмин.

Манас Алыкуловдун суроосу:

– Курал мырза, быйыл Ысык-Көлдөн чыкпай иштедиңиз, жок дегенде бир машинанын акчасы чыктыбы?

– Манас, сага “бирөөнүн акчасын санаба” деп эч ким акыл айткан эмес беле?

– Аялыңыз жүрөгүңүздүн суусун качан алды эле? Үйлөнгөндөн кийинби же үйлөнгөнгө чейинби?

– Баары үйлөнгөндөн кийин башталат.

Темир Дамирбековдун суроосу:

– Элдин сиздин дарегиңизге айткан пикирине кандай реакция кыласыз?

– Эгер туура айтылган сөз болсо, туура эле кабыл алам.

– Уят болгон ыңгайсыз абалдан кантип чыгасыз?

– Күлүп, жылмайып эле чыгып кетем.

– Хит болгон жакшыбы же хайппы?

– Албетте, хит болгон жакшы, бирок хайп дагы жаратып туруш керек.

Үмүтай Абдышеванын суроосу:

– Жакын досторуңуз кыянаттык кылганбы?

– Мен абдан ишенчээк адаммын, достор көп эле алдашат.

– Жубайыңыздын сизге жакпаган сапаты?

– Жубайым “минус-плюстары” менен жагат. Сүйүү деген ушундай болот турбайбы, көрсө.

– Жол кырсыгы болду. Сиз хирургсуз. Алдыңызда 4 адам бирдей жаракат алып суналып жатат. Бирок убакыт тар, бирөөсүн гана куткара аласыз. Алар: кыйын аранжировкачы, өлкө башчысы, сиз аткарган ырлардын автору, жалгыз бир тууганыңыз. Кимисин аман алып каласыз?

– Айланайын, бул кандай жагдай. Андайдан Кудай сактасын. Эми аны хирург болсом ойлонмокмун.

– Адамдарды кандай критерийлер аркылуу жакын тутасыз?

– Ишмер, эмгекчил адамдарды баалайм.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан