КЛАССИКАГА АЙЛАНГАН ПИЦЦАЛАР

Кафеде, тамактануучу жайларда хит даамдардын бири пицца эмеспи. Бул жолу көп буюртма берилип, көпчүлүк сүйүп жеген пиццанын пепперони жана чили түрүнө токтолууну чечтик. Башынан аягына чейин кандай жасаларын сунуштайбыз.

КАМЫРЫ

Керектелүүчү азыктар (2 пицца үчүн):

Ун – 400 грамм

Ачыткы – 0,5 чай кашык

Кумшекер – 1 аш кашык

Туз – 1 чай кашык

Зайтун же өсүмдүк майы – 3-4 аш кашык

Суу – 250 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

Ысыгыраак сууга ачыткы менен кумшекерди салып аралаштырып, 10 мүнөт тыныктыра турабыз. Андан соң тузду кошуу керек. Унга зайтун майын кошуп, суудан аз-аздан куюп жумшак камыр жууруйбуз. Аны 5 мүнөттөн ашык ийлеп, үстүн жаап жарым-бир саат ачытабыз.

СОУСУ

Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 2 даана

Томат – 2 аш кашык

Пияз – жарым баш

Сарымсак – 3 тишче

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Туз, кара мурч – татымына жараша

Орегано – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Помидордун түп жагын кайчылаштыра тилип, кайнак сууга 3-5 мүнөт салып, кайра муздак сууга сала турабыз. Кабыгын сыйрып, тазалап, майда бөлүктөргө бөлүп алабыз.

2. Пияз менен сарымсакты майда туурайбыз.

3. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, кызып калганда алгач сарымсакты салып 2-3 жолу аралаштырган соң пиязды салып кууруйбуз. Помидорду салып туз, мурч себелеп аралаштырабыз. Боркулдай баштаганда томатты салып аралаштырып жай отто 40-50 мүнөт кайнатабыз. Ал ортодо соустагы помидорду эзип коюу керек. Сүзгүчтөн өткөрүп калдыктарын алып салабыз.

Соусту алдын ала даярдап койгонуңуз жакшы. Ашып калса банкага куюп бекем жаап муздаткычта сактоого болот.

ПЕППЕРОНИ

Керектелүүчү азыктар:

Камыр – 250 грамм

Соус – 4-5 аш кашык

Майлуу ышталган колбаса – 150 грамм

Моцарелла сыры – 80 грамм

Сулугуни сыры – 80 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Сырларды сүргүчтөн өткөрүп, колбасаны ичке тегерек бөлүктөргө бөлөбүз.

2. Жумшак камырга ундан себелеп кол менен жукартып чыгабыз, болжол менен жарым сантиметрге чейин жукартууга болот. Чекесин калыңыраак калтырабыз.

3. Камырды электр табасына салып, вилка менен бетин сайгылап коюу керек. Болбосо ачыган камыр ар кайсы жеринен көөп чыгат. Камырдын бетине алгач соусту сүйкөп, сырды себелейбиз. Сыр көп болгону жакшы. Үстүнө колбаса кесимдерин коюп, 250 градуста ысып турган электр мешине 15 мүнөткө салабыз.

Тамактануучу жайлардагы пиццаны 400 градус ысыктагы меште бышырышат, ошондуктан болушунча ысык электр мешине салуу кажет.

ЧИЛИ

Керектелүүчү азыктар:

Камыр – 250 грамм

Соус – 3 аш кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Фарш – 250 грамм

Пияз – 1 баш

Сыр – 150 грамм

Помидор – 5-6 кесим

Ачуу калемпир – 1 чай кашык

Сарымсак – 2 тишче

Орегано – 1 чай кашык

Базилик – 0,5 чай кашык

Кара мурч – 1 чай кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Сырды сүргүчтөн өткөрүп, пиязды майда туурап алабыз.

2. Көмөч казанда ысып турган майга пиязды салып кууруп, үстүнө фарш салып 5 мүнөт кууруйбуз. Татымалдардын баарын салып дагы 5 мүнөт кууруйбуз. Каалоого жараша татымалдарды азайтып же көбөйтүп алууга болот. Орегано, базилик өңдүү татымалдарды базар, дүкөндөрдүн татымал саткан бурчтарынан оңой эле табууга болот.

3. Камырдын асты-үстүнө ундан себелеп, кол менен тегиз жукартып чыгабыз. Чет жагы бир аз калыңыраак болушу кажет.

4. Электр табасына камырды салып, соусту бетине сүйкөп, куурулган фаршты салып, үстүнө помидор кесимдерин коёбуз. Эгер ачууну жактырсаңыз ичке тууралган ачуу болгар калемпирин да кошууга болот. Акырында сырды себелеп, 250 градуста ысып турган электр мешине 15 мүнөт коюп бышырабыз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан