Урмат Акматов, «Айыл Банк» ААКсынын Лизинг башкармалыгынын башчысы: «АЙЫЛ БАНК»АР ДАЙЫМ ЭЛ КЫЗМАТЫНДА»

– Урмат Турдуевич, «Айыл Банк» ААКсы Кыргызстандын рыногунда лизингдик операциялар боюнча лидер болуп келет. Ушул убакка чейин лизингге канча техника, жабдууларды, мал жана башкаларды бердиңиздер?

– Ооба, «Айыл Банк» ачык акционердик коому лизингдик операцияларды 2011-жылдан бери жүргүзүп келе жатат. Ал мезгилдин ичинде бир нече лизинг продуктулары иштелип чыкты. Өлкөбүздө бул тармакта алгылыктуу ийгиликтерге жетишип жана татыктуу алдынкы орунга жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Банк аркылуу 2011-жылдан бери 7 миллиард 786 сом суммасында каржылоо болду. Бүгүнкү күнгө чейин 3725 даана айыл чарба техникалары, анын ичинен 2757 трактор, 185 комбайн, 783 даана майда айыл чарба техникасынын чиркеме шаймандары берилди. Андан сырткары 2019-жылдан бери банк жогорку продуктивдүү асыл тукум мал продуктусу боюнча лизингге асыл тукум уйларды берип келе жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 211 баш эт жана сүт багытындагы уйларды бердик.

Лизинг продуктуларды кеңейтүү максатында банкта коммерциялык лизинг продуктулары дагы ишке ашкан. Анын негизинде атайын иш багыты үчүн каралган техникалар (спецтехникалар), транспорт каражаттарынын бардык түрү (жеңил автоунаа, коммерция багытындагы жүргүнчү ташыган автоунаалар), өнөр жайы үчүн каралган, технологиялык, өндүрүштүк жана башка жабдуулар каржыланат. Бүгүнкү күнгө чейин бул продуктунун негизинде 489 атайын иш багыты үчүн каралган техника, 19 автоунаа жана 20 өнөр жайы үчүн каралган технологиялык, өндүрүштүк жана башка жабдуулар берилди.

– Техникаларды кимдерден аласыздар?

– Лизинг тармагында банк 30дан ашык техника менен камсыздоочу жеке компаниялар менен иш алып барат. Андан сырткары жеке жактар менен бир жолку келишимдер түзүлүп берилет. Биз ошол компаниялар менен иш алып барып жатканда, техника чыгарган завод менен түзгөн келишимин, техникалык базасын карайбыз. Ар бир техника менен камсыз кылган жеке компаниялардан бир жылдык кепилдик алабыз. Ошол убакыттын ичинде техника заводдун кемчилиги менен бузулган болсо, ошол техниканы алып келген жеке компаниялар оңдоп беришет.

– Азыр эл кандай техникага муктаж, сиздерден кандай техника сурашат?

– Чакан жана орто бизнес субъектилеринин негизги фонддорун жаңыртуу үчүн лизинг эң натыйжалуу финансы куралы болуп саналат. Андыктан акыркы мезгилде элдин техникага суроо-талабы өсүүдө. Ошол эле учурда сапаты жогору, кубаттуулугу 90 аттын күчүнөн жогору болгон айыл чарба техникаларына талап жогору болууда. Демек, мекендештерибиз сандан сапатка өтүп жатат деп айтсак болот. Чындыгында, мына ушул техникалардын бардыгы дыйкандын жана жалпы эле айыл чарба өндүрүшчүсүнүн оор эмгегин жеңилдетүүгө жардам берүүдө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы №120-т номерлүү тескемесинин негизинде, айыл чарба техникаларын жана фермердик ишке керектүү жабдууларды, айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүүчү жабуудаларды, тамчылатып сугаруучу машиналарды жана жабдууларды лизинг аркылуу каржылоо максатында акча каражаты бөлүнүп, жылдык 6 пайыз менен кардарларыбыздын муктаждыгы канааттандырылды. Бул программанын негизинде 99 даана айыл чарба техникалары, 1 даана айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүүчү жабдуу, 2 даана фермердик ишке керектүү жабдуулар, 22 даана тамчылатып сугаруучу машиналар кардарларыбызга лизингге берилди.

– Лизингдин мөөнөттөрү жана пайыздык чени боюнча айта кетесизби?

– Айыл чарба техникалары мамлекеттин жеңилдетилген программаларынын негизинде жылдык 6 пайыздык ченден 11 пайызга чейин берилет. Пайыздык чен өздүк салымдын суммасынан көз каранды. Мамлекеттик лизинг программалары боюнча 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Эффективдүү пайыздык чен 11,69.

Коммерциялык лизингдин мөөнөтү 5 жылга чейин жылдык 16 пайыздан 18 пайызга чейинки чен менен каралат. Мында дагы пайыздык чен кардардын өздүк салымынан көз каранды болот. Эффективдүү пайыздык чен 19,81.

– 2019-жылы «Айыл Банк» Кыргызстанда уникалдуу долбоорду – жогорку продукттуу бодо малды лизингге берүүнү баштаган эле. Андан бери бул жаатта кандай иштер болду? Кыргызстандын фермерлери асыл тукум малга маани беришеби?

– Кардарларыбыздын асыл тукум малга болгон суроо-талабы күндөн күнгө өсүүдө. Бул жаатта мамлекеттен жеңилдетилген лизинг шарттары каралып жатат. Банктын өздүк каражатынын негизинде бүгүнкү күндө кардарлар лизингге сүт багытындагы асыл тукум уйларды алууга белсенүүдө. Асыл тукум уйлардын бул жаңы партиясы Чехиядан алынып келинери күтүлүүдө. Чехия Республикасынан былтыр 2021-жылы 70 баш симментал породасындагы сүт багытындагы уйларды алып келгенбиз. Алган кардарларыбыздын көрсөткүчтөрү абдан жакшы жана сүт өндүрүү жаатында үлгүлүү болгондуктан, фермерлердин суроо-талабы голштин жана симментал породасындагы уйларга өсүүдө. Негизи лизинг ишмердиги Кыргызстанда жаңыдан өнүгүп келе жаткан тармак. Бирок анын ошол кыска өмүрү жана өнүгүшү «Айыл Банк» ачык акционердик коому менен түздөн-түз байлашытуу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан