– Азыр, Кудай бетин салбасын, “акылмандар” көбөйдү. Сабаттуусу деле, бир сүйлөмдү 5 ката менен жазганы деле интернеттеги социалдык тармактардан элге акыл үйрөтүү менен алек. Көбү аялдар тууралуу. Эмне деп жазышат дебейсизби? Кээде окуп аялдарды баарын өзүнө камтыган бир киборг же роботтой элестетчү болдум. Ошондой болгула деген бир чакырык да жок эмес. “Өзүң үчүн төрөп ал”, “эркек жакпаса эки мүнөттө айдап чык, ансыз деле күнүң өтөт” дегендей күлкү келтире турган акылдар да жок эмес. “Аялдын төрөгүсү келбегени бул нормалдуу көрүнүш, эркин мамиле деген абдан сонун нерсе, эркексиз жашаган кайф, балаңды 9 саат бою бала багуучуга каратып, кечинде келип энелик образды ойноп койгон суктанарлык көрүнүш” дегендей ойлорду коомго кадимкидей эле таңуулап жатышат. Эң негизги кейиткен нерсе – муну акыл токтотуп калган аялдар гана эмес, жаңыдан бойго жеткен кыздар аң-сезимине сиңирип жатканы. Үй-бүлөлүк институттун бузулуп жатканы кейитет. Дагы бара түшсөк кандай болот деп кыжалат болом.
Макул дейли, заман ушундай болуп жатат, ар кимдин өз чындыгы бар. Бирок жалпы да бир чындык болушу керек го. Бекеринен Кудай аялды аял, эркекти эркек кылып жаратпаса керек. Аялдар аял болуп жаралганы бир нерсе үчүн эле күрөшүп келе жатышат. Мурунку кылымдарда үй-бүлө очогу үчүн, жашоо үчүн, бирөөнүн тукумун улантуу үчүн күрөшүп келсе, кийинки жүз жылдыктарда укугу үчүн, коомдогу орду үчүн күрөштү, азыр болсо бардык ролду өзүнө алуу үчүн күрөшүп жатышат. Бардык ролду өзүң алдың, анан? Эмоционалдык жактан күйүп жок болуп кетесиң, аялдык энергияң бузулат, бактысыз болосуң, андан башка эмне болмок эле? “Өөй, кайда баратасыңар?” деген киши жок.
Жакында төрт балалуу келин менен баарлашып калдым. Бала тарбиясында отуруп калганы үчүн ушунчалык өзүн жаман сезет экен. Тим эле күнөөлүүдөй сүйлөйт үй кожойкеси болгону үчүн. Менимче, бала тарбиялоо аялдын жашоосундагы эң чоң миссиясы. Андан артык баалуулук барбы?
“Күйөөгө көз каранды болгум келбейт” деди жакында бир сиңдим. Бирок жетекчисине 24 саат бою көз каранды. Ал “бул байкуш уктап жатат болду бекен” дебей туруп түн ортосунда телефон чалып деле тапшырмаларын айтат. Бечара, болбогон акча үчүн көз каранды болуп жатканы менен иши жок, дагы эркекке көз каранды болгум келбейт дейт, тобо. Чыныгы көз каранды азыр болуп жатасың дегим келди, бирок унчуга албадым. Күйөөң болсо да ал өмүр бою сеники, ал эми жетекчиге сен күчүң барыңда гана керексиң. Андан кийин атыңды да эстеп калбайт. Күйөөгө көз каранды болбойм деп башка бир эркекке көз каранды болуп жашап жатканын сезбейт, кургурум.
“Үйдө отуруп калсам ичим бышып өлүп калбаймбы” дейт дагы бирөө. Балдарыңды баккандан кантип ичиң бышат? Балаңдын ар бир кыймылын, күлкүсүн, тиши чыкканын, жаңы басканын көрүп кантип зеригесиң?
Кыздар, аялдар, асылдар! Үй-бүлө деген – кут. Ооба, жашоодо миң түркүн нерселер болуп жатат, аялды барктабаган эркектер да бар, силер, балким, бул түшүнүктү кыйналып жашаган энелериңерден, эжелериңердин турмушунан улам коркуп мээге киргизип алгансыңар. Бирок шамал кайда айдаса ошол жакка кете берүү туура эмес. Ар кимдин өзүнүн жолу бар, ал жолдо бири чоң бакытка жолукса, экинчиси кыйынчылыктан курчуйт. Бирок кандай жагдай болсо да аял үй-бүлөсү менен бактылуу. Же туура эмес айтып жатамбы? Бул “жалгыз калба, кокуй, эрге тий” дегендик эмес, болгону силер ишенбей жаткан, көрүп туруп баркын билбей жаткан энелик, аялдык деген чоң бакытты эстетип койгум келди. “Карыганда жалгыз каласың, кокуй” деп да коркуткум келбейт, ар кимдин өз жолу бар. Азыр жашсың, сулуусуң, болгон жериңди операция кылып, куурчак болуп жасанып алып жакшынакай жүрөсүң. Ал кимге керек? Мамлекеткеби, ойношуңабы, коомгобу? Ошонун баарынан тажап, кичинекей алаканын кыбыратып, тыбырчылап керебетте ойноп жаткан томпойгон наристени эңсеген бир күн келет. Же жөн гана тамак ичип бүткөндөн кийин жан дүйнөңдү ача баарлашкан адам керек болот. Ошол мүмкүнчүлүктү жоготуп албайлы, эркиндикке окшош сезилген иллюзияга алданып калбайлы. Бакыт алыста эмес, күндө көрүп-билип, жаныбызда эле жүргөн адамдарда. Болгону сезүү керек...
Айлин Д.