Кош бойлуу айымдарды эмдөө: ӨЗҮҢҮЗДҮ ЖАНА БАЛАҢЫЗДЫ КОРОНАВИРУСТУН СОККУСУНАН КОРГОҢУЗ, ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗ!

Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, COVID-19 инфекциясы кош бойлуу айымдар үчүн олуттуу кыйынчылыктардын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Бул учурда коронавируска каршы вакцинанын пайдасы эмдөө менен байланышкан тобокелчиликтерден да маанилүү экенин акушер-гинекологдор баса белгилешет. Кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды эмдөө боюнча суроолорго Кыргызстандын акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров жооп берди.

– COVID-19 кош бойлуу аялдарга кандай таасир этет?

– Көптөгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, COVID-19 менен ооруган кош бойлуу аялдар боюнда жок айымдарга салыштырмалуу ооруга катуу чалдыгышат. Дарты күчөп кетүү коркунучу чоң. Бул коронавирусту жуктуруп алган кош бойлуу аялдарды ооруканага жаткыруу, алардын дем алуусун жеңилдетүүчү чараларды көрүү, интенсивдүү терапияны жана инвазивдүү вентиляцияны ишке ашыруу талап кылынышы мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Кошумчалай кетсек, коронавирус инфекциясы ымыркайдын эрте төрөлүшүнө, аны комплекстүү дарылоого алып келиши ыктымал.

– Кош бойлуу аялдар COVID-19га каршы вакцина алышса болобу?

– Ооба. Вакциналар коронавирус тарабынан чакырылган коркунучтуу оорулардан жигердүү коргоону камсыз кылат. Кош бойлуу аялдарды эмдөө эл аралык акушер-гинекологдордун уюмдары тарабынан сунушталат. Европа жана Америка өлкөлөрүндө бул категориядагы адамдардын арасында эмдөө эки жылдан бери жүргүзүлүүдө. Коронавируска каршы вакцина кош бойлуулуктун 22-жумасынан тартып жасалат. Бир айдан кийин вакцинанын экинчи дозасын алышат. КМШ өлкөлөрүндө болсо Орусия кош бойлуу айымдарды активдүү эмдөөдөн өткөрүүдө. Казакстандагы көрсөткүчтөр бир аз төмөн. Кыргызстанда болсо боюнда барлардын саналуу гана бөлүгү эмдөөдөн өттү. Балким, аларга так жана тастыкталган маалыматтар жетпей жаткандыр. Мындан улам биз болочоктогу энелерди эмдөөдөн өтүүгө чакырып кетмекчибиз.

– COVID-19га каршы вакциналар кош бойлуу айымдар үчүн коопсузбу? Эмдөөнүн терс таасирлери кандай?

– Кош бойлуу айымдарда эмдөөдөн кийинки кыйыр таасирлер эч бир өзгөчөлүгү менен айрымаланбайт. Алардын дене табы көтөрүлүп, ийне сайылган жери кыжаалат кылышы мүмкүн. Жалпы организмдин алсыздыгы байкалат жана башы оорушу мүмкүн. Бирок кыйыр таасирлер күчөп кетпейт. Анын үстүнө эмдөөгө чейин кош бойлуулар медициналык кароодон өтүшөт. Эгер мында каршы көрсөтмөлөр берилбесе, коркпой туруп вакцина алышса болот. Анткени эмдөөдөн кийинки кыйыр таасирлерге салыштырмалуу COVID-19 оорусу орду толтурулгус кесепеттерин тийгизиши мүмкүн. Кош бойлуу айым өзүнүн жана баласынын коопсуздугу үчүн туура чечим кабыл алганы жакшы. Туура чечим – бул эмдөөдөн өтүү.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча миңдеген кош бойлуу айымдар, бала эмизген аялдар COVID-19га каршы вакцина алышты. Алардын жана балдарынын биринде да вакциналарга байланыштуу көйгөйлөр байкалган жок. Анткени вакцинанын курамында түйүлдүккө же кош бойлуу аялга зыян келтирүүчү заттар жок, төрөткө да терс таасир бербейт. Алар плацентага кирбейт жана түйүлдүктүн өнүгүшүнө таасир этпейт. mNRK вакциналары ДНКны өзгөртпөйт же генетикалык өзгөрүүлөрдү жаратпайт.

– Вакцина эне сүтүнүн сапатына таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

– Эгер эсиңиздерде болсо, COVID-19га каршы вакциналар чыкканга чейин, пандемия учурунда, биз “бала эмизүүнү уланткыла” деп айтып келгенбиз. Анткени эненин антителалары сүт аркылуу балага берилери тастыкталган болчу. Жарык дүйнөгө келген ымыркайды оорулардан сактоо анын келечеги үчүн жакшы пайдубал тургузууга барабар. Профилактикалык азыктардын бардыгы эне сүтүндө болгондуктан жаңы төрөлгөн ымыркайды 6 ай эне сүтү менен гана азыктандыруу керек. Мында эмизген эненин өзү ооруп калбашы керек. Ага байланыштуу коронавируска чалдыкпаган айымдардын эмдөөдөн өтүшү маанилүү. Бирок төрөт учурунда кан кетип, кан уюп же операция жасалган болсо, вакцина албоо зарыл.

– Медициналык себептерден улам эмдөөдөн өтө албаган айымдар оорудан кантип сактанышы керек?

– Көпчүлүк ооруларга карата сактык чаралары окшош. Эң башкысы колду самындап, 20 секунддан кем эмес убакыт жуу, эл көп топтолгон жайлардан оолак болуу же беткап тагынуу маанилүү. Эгер жарандарыбыз өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн массалык түрдө эмдөөдөн өтүп, жамааттык иммунитет түзүлүп калса, коронавирус жалпы калк, анын ичинде кош бойлуу айымдар үчүн дагы коопсуз болот.

Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен «Саламаттыкты сактоо системинин туруктуулугун бекемдөө» (LHSS) долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн «Үй-бүлөнү пландаштыруу кыргыз альянсы» коомдук бирикмеси жооптуу, ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан