ШАЛДЫРАБАЙ, ЭНЕРГИЯЛУУ ЖҮРГҮҢҮЗ КЕЛЕБИ?

ЭНЕРГИЯНЫН ТҮРЛӨРҮ

Эриксондун ою боюнча, адамдын психологиялык дени сак жашоосуна керектүүнүн бардыгы адамдын өзүндө жайгашкан. Болгону адам өзүн таанып, ички ресурстарын туура багып-өстүрсө маселе жаралбайт. Ички ресурс – бул адамдын жашоо энергиясы. Ички ресурс түгөнгөндө же аз калганда жашоонун кызыгы кетет. Кантип энергияны түгөтпөй, тескерисинче, толуктап жашоо керек? Ал үчүн энергия эмнеден көз каранды экенин билип алышыбыз зарыл. Адам энергиясы негизинен 4 топко бөлүнөт:

1. Дене энергиясы (ден соолук)

2. Эмоция энергиясы

3. Акыл-эс энергиясы (интеллект)

4. Жан дүйнө энергиясы (гармония)

ДЕНЕ ЭНЕРГИЯСЫ

Дене энергиясын тең салмакта кармап турган факторлор – тынч уйку (күнүгө 7-8 саат), кыймыл, туура тамактануу, таза аба жана башка.

ЭМОЦИЯ ЭНЕРГИЯСЫ

Эмоция энергиясы – адам жашоосунда түрдүү эмоцияларга (оң жана терс) туш болот. Бирок оң эмоциялар бир кыйла көбүрөөк болушу зарыл. Позитив чакырыңыз, позитивдүү көз карашта болуңуз, маселени позитив менен чечиңиз. Позитивдүү болуш үчүн:

1. Өзүңүзгө болгон ишеним күч болушу шарт.

2. Өзүңүздү тарбиялай билиңиз (эрте туруу, ишиңизге жоопкерчиликтүү, убакытка так болуу, терс адаттардан баш тартуу жана башка).

3. Туура байланыш – сизге пайда алып келе турган, өстүрө турган, негизгиси маектешүүдө жылмаюу, кубаныч, ыңгайлуулук тартуулаган адамдар менен байланыш түзүңүз.

Эмоционалдык энергияны толуктап туруу үчүн маанайыңызды көтөргөн иштерди жасаңыз: театр, кино же концертке баруу, сейилдөө, музыка угуу, китеп окуу, достор, үй-бүлөңүз менен баарлашуу жана башка.

АКЫЛ-ЭС ЭНЕРГИЯСЫ

Адамдын эң көп энергия короткон органы – мээ болуп саналат. Адам организмин башкарган органды саламаттыкта кармоо үчүн:

1. Дайыма жаңы нерсе үйрөнгөнгө аракет кылуу керек.

2. Өзгөрүүлөргө даяр болуу (комфорт зонасынан чыгуу).

3. Мээни эс алдыруу (медитация). Медитация десе эле лотос позасында отуруу дегенди элестетпеңиз. Ар бир адам өзүнүн организмине туура келе турган, телефонду кайра иштете тургандай организмди да кайрадан “перезагрузка” кыла турган медитация чекитин билиши шарт. Бири чуркап баратып мээсин “тазалайт” бири үй жыйнап, бири 20 мүнөт тынч жерде жатып жана башка.

ЖАН ДҮЙНӨ ЭНЕРГИЯСЫ

Жан дүйнө энергиясы – адамдын өзүн-өзү табуу энергиясы. Энергиялардын арасынан адам тарабынан кабыл алууга оор болгон дал ушул жан дүйнө энергиясы. Адамзаттын 70-80 пайызы өзүн-өзү таппай, кабыл албаган боюнча өтөт. Өзүн сүйүү, баалоо, кызыкчылыктарын аныктоо, эч кимге, эч бир эрежеге карабай өзүнө ыңгайлуу жашоо образын жүргүзүү дегендин баары жан дүйнөдөгү гармонияга алып келчү белгилер. Байкасаңыз, жан дүйнөсүндө гармония бар адамдын жүзү нурданып, айланасына да жарык чачып турат.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан