Динара Тилекеева, ырчы: “КамАЗ АЙДАГАН АБДАН ЖАКТЫ”

Бул аптада “Рулдагы жылдыз” рубрикабызда ырчы Динара Тилекеева конокто. 15 жылдык айдоочулук тажрыйбасы бар ырчы айым кандай айдоочу экенине бирге баам салып көрөлү.

Үлгүсү – Kia Morning

Чыгарылган жылы – 2013-жыл

Кыймылдаткычынын
көлөмү
– 1000 сантиметр куб

Жогорку ылдамдыгы – саатына 200 чакырым

Баасы – 5 миң доллар

“АЛГАЧ ИРЕТ ЖИГУЛИ АЙДАГАМ”

– Кичинекей кезимде үйдө унаа жок болчу, бир жакка барарда жолдон унаа тосуп кетчүбүз. Кээде туугандардын автоунаасына түшүп калчубуз. Унаага түшкөндө дайыма рулуна отургум келе берчү. Апам “кичинекей кезиңде оюнчук алып бер дегендей эле оңой элестетип “апа, машина алып бер” дей берчүсүң, арзан эле турат деп ойлочу окшойсуң” деп күлүп калат. 6-7-классымда бир байкебиздин унаасында бара жатып эмнегедир айдап көрөйүнчү деп сурангым келди. Негизи аяп, беришпейт го. Ал байкем мага унаасын айдатты. Ошентип биринчи жолу Жигули айдагам. Байкем жанымда отуруп үйрөтүп жатты. Абдан кызыксаң бардык нерсе жеңил болот окшойт, коңшу айылга чейин айдап баргам. Ошондон тартып кимдин болбосун унаасын сурап айдап калдым. УАЗ, КамАЗга чейин айдагам. Досторум “сен айдабаган учак эле калды” деп күлүп калышат. Ар кимдин унаасын айдап жүрүп, акыры 2007-жылы өзүм Ауди үлгүсүндөгү унаа сатып алгам. Башында күбөлүгүм жок эле, билгеним боюнча бир аз айдап жүрдүм. Анан автомектепке тапшырып окуп, күбөлүк алдым. Ал кезде “механиканы” шуулдатып эле айдачумун. Азыр кадимкидей жүдөйм. Мурун “механиканы” кантип гана айдап жүрдүм экен деп таң калам.

“БААСЫ КЫМБАТ УНААЛАРДЫ ЖАКШЫ КӨРҮП ЖҮРӨМ”

– Мен унааны көп жыл айдайт экенмин. 2010-жылы Дэу Ланоc деген экинчи унаамды сатып алдым. Өңү өзүмө окшош капкара, фаралары чоң болчу (күлүп). Бул унааны аларда аз эле акчам бар болчу. “Унаа жок жаман экен” десем апам “үйдөгү Тикону сатып, үстүнө акча кошуп алып ал” деди. Ошентип унаалуу болуп калгам. Аны деле 5-6 жылдай айдадым. Жакшы кызмат кылды. Анан чыгармачылыктан чогулткан акчама азыркы Kia Morning үлгүсүндөгү унаамды сатып алдым. Муну аябай жакшы көрөм. Үнөмдүү, көп май ичпейт, ыңгайлуу. Акжолтой унаа. Экөөбүз бири-бирибизди түшүнүп, чогуу иштеп келе жатканыбызга 5 жыл болуп калды. Унаа алгандан кийинки жетишкендиктеримди бүт эле ушул унаама жоруй берем. Мунун Кыргызстанга келгендеги алгачкы ээси мен болгом. Ал кезде 5 миң долларга алгам. Азыр
7 миң болуп кетиптир го. Ушуну айдагандан кийин жылы жаңы машина абдан ыңгайлуу болорун билдим. Башында тетиктери оңой менен табылчу эмес. Кийин Киалар көбөйүп, тетиктери да жеткиликтүү болуп калды. Эми алмаштырганда жылы жаңысын алышым керек деп баасы кымбат унааларды жакшы көрүп жүрөм. Азыр жаңы үй алып, ошонун оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Буюрса, кийинки каражатымды унаага чогултам.

“ОБУ ЖОКТОНУП ГАЗДЫ БАСКАНДАРДЫ ЖАМАН КӨРӨМ”

– Унааны жакшы айдайм деп мактанып кетсем болот. Туугандарымдын баары унаа айдашат. Апам “сенин унааңа отурган жакшы, коркутпай айдайсың, тигилер жулкунтуп айдашат” деп калат. Жалал-Абад шаардык филармониясынын аксакалы, Кыргыз Эл артисти Шахра Талипова эжебиз дагы “жакшы айдайсың” деп унаама чын жүрөктөн отурат. Негизи эже өзү көп чочуйт, бирок мага ишенип отурат. Унааны кыбыратпай ылдам эле айдайм. Бирок обу жоктонуп газды басып, жолдо ыңгайсыздык жараткандардан эмесмин. Андайларды жаман көрөм. Өзүм унаа айдап алыс жолго Чоң-Алай аркылуу Кытайдын чек арасына чейин баргам.

“ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН КӨП ДЕЛЕ БУЗБАЙМ”

– Кээде жол чырактан өтүп кетип МАИ кызматкерине кармалган учурлар болгон. Жол эрежесин көп деле бузбайм. Жакында кичинекей баламды эмдөөгө алып баргам. Шашылышта дарыканадан дары алайын деп унаамды токтотуп кире калсам, туура эмес жерге токтотуп коюптурмун, чыксам унаамды жүктөп кетишиптир. 1000 сомдон ашык айып пул төлөп чыгардым. Анан ошол жерден дагы бир төлөнбөй жүргөн айып пулум бар экенин көрсөтүштү. Өткөндө Бишкекке барганда камерага түшүп калыптырмын. 2000 сомдук айып пул төлөшүм керек экен.

“ЖҮРӨК МЕНЕН АЙДАСАҢ УНААНЫН КАНДАЙ ЖҮРҮП ЖАТКАНЫН СЕЗЕСИҢ”

– Троллейбус да айдап көргүм келет, айдап көрө электеримди айдап көргөнгө кызыгам. Дайыма айдабаган унаалардан КамАЗ айдаган абдан жакты. Жерден өтө бийикте болуп бир башкача сезим болгон. Башкаруу оорураак болот экен. Түз жолдо гана айдагам, токтотуп, бурулган андан дагы оор болот болуш керек. Унааны жаңы айдап жаткандарга “коркпо, рулду мыжыкпай жүрөк менен айдаш керек” деп айтып калам. Жүрөк менен айдасаң унаанын кандай жүрүп жатканын да сезесиң. Унаамдын бузулуп жатканын үнүнө карап эле билем. Мурун эмнеси бузулганын түшүнчү эмесмин, устага эле оңдотуп кетип калчумун. Азыр жакшы оңдоочу адистер менен достошуп алгам, бат-баттан текшертип турам.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан