Аралаш
Кандай идишти колдоноруна карап, адамдын мүнөзүн билүүгө болорлугунан кабарыңыз барбы? Жок болсо, төмөнкү маалымат акыл-эс кампаңызды байытууга арналат.
БАШКЫ СӨЗ ОРДУНА
Катуу ачууланган убакта кандайдыр бир нерсени ыргытып же сындырып ийүүгө ашыгабыз. Көпчүлүгүбүз үчүн бул өзүн-өзү жеңилдетип, ачуусун басуудагы натыйжалуу жол болуп эсептелет.
Ал эми Канаданын Торонто шаарынын психологдорунун берген түшүндүрмөсү боюнча, идишти сындыруу жана андан чыккан үн сындырып жаткан адамдын эмоциясын чагылдырат дешет.
Ошентип, идиш-аяк үй-бүлөдөгү психологиялык абалды ошондой эле үйдүн ээсинин мүнөз-сапаттарын аныктап турат.
ЧОПО ИДИШТЕР
Чопо идиштерди көбүнчө оор басырыктуу, дайым жөнөкөйлүүлүккө умтулган, ошондой эле өз ден соолугуна жакшы караган адамдар көп колдонушат. Мындай идиштин үйдө болушу үй-бүлөнү материалдык жетиштүү жашоого алып келип, эртеңки күнгө ишеним жаратат.
Чопо идишти көп колдонгон адамдар досторуна колдон келишинче жардам беришип, ушактардан алыс болушат.
АЙНЕК ИДИШТЕР
Айнек идиштерди болсо, эч кимге окшошкусу келбеген, өзгөчө стилге ээ болууга умтулган, бөтөнчө чыгармачылык шыкка ээ адамдар көп колдонушат. Айнек – чыныгы достук мамилелерди бекемдеп, жан дүйнөнүн тазалыгын сактайт. Андыктан үйүндө айнек идиштери көп адамдан дос күтсөңүз, адашпайсыз.
ФАРФОР ИДИШТЕР
Фарфор идиштерин өзүнүн жашоосун эң жогорку деңгээлде түзүүгө умтулган, өзүн дайым ыңгайлуу, кооз жасалгалуу буюмдардын курчап туруусун каалаган адамдар урунушат. Мындай идиш ээлеринин башкы девизи – "Бардык нерсе кооз болушу керек".
Фарфор идиштерди баалагандардын жаны тынбайт жана башкаларды да тындырбайт. Акчаны көп табууга жетишип, кооз кийинип жүрүшөт. Көбүнчө ичим тап келишип, таарынганын узакка ичке ката алышат.
ХРУСТАЛЬ ИДИШТЕР
Хрусталь – көбүнчө консервативдүү адамдарга таандык. Бул идиштин тунуктугу, шыңгыр үнү, жаркырак өңү үй-бүлөдөгү жана жумуштагы ар кыл мамилелерге катуу, консервативдүү мамиле кылууга түртөт.
Ушул себептүү шайыр-шатман жүрүп, мода кууганды адатка айланткан бойдок кыздарга хрусталь идиштерин көп урунган бойдоктор туура келе бербейт.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg