Нурбек Монолов, сексолог: “КЫРГЫЗ АЯЛДАРЫ КЫСЫЛЫП ЖАТЫП ОРГАЗМДЫ КЕЧ ЖАШЫНДА СЕЗЕТ”

Аял-эркектин төшөк мамилеси ачык айтылбаганы менен, чоң эле маселе дешет адистер. Бул жаатта сексолог Нурбек Монолов менен маектешип, окурмандардан келген суроолорго жооп алганга аракет кылдык. Кызыктуу төшөк оюну, кумар тууралуу ыс-сык макала сиздер үчүн!

– Жолдошум экөөбүздүн ортобузда чоң сүйүү бар, бирок секске каалоом жок. Эмнеден улам мындай болушу мүмкүн?

– Сиздерде чоң сүйүү бар экени бир аз күмөн. Жубайлар ортосунда үч баскыч болот. Бири-бирине симпатия, балдарды чоңойтуу максаты жана секс. Сексте өзүнүкүн табуу деген нерсе бар. Эркектин баары модель кыздарды каалайт, кыздар акчалуу, ийгиликтүү, келбеттүү эркекти каалайт, бирок сексте алар бири-бирине төп келбей калышы толук мүмкүн. Эми сиздин сурооңузга келсек, балким, сизге күйөөңүздүн ийгиликтүү болгону, мүнөзү жагат, бирок сексте өзүңүздүкүн таппай калгансыз деп жыйынтык чыгарсак болот. Өзүнүкүн табуу – бул сексуалдык энергиянын төп келиши. Кээде супсулуу кыздар бою кыска, башы таз, курсагы чоң эркектерди тандап, алар менен бактылуу жашап калышат. Булар – ички туюму менен сексуалдык энергияны ошол адамдан тапкан акылдуу аялдар.

Экинчи себеби бар, аялга эркек стабилдүү жашоо бербесе, анын көңүлү төшөккө чаппай жашай берет. “Эртең эмне болот, маянамды кантип жеткирем?” деген ойлор мээсин уялап алган үчүн алар толук жибибей туруп алышат. Эркектер аялдардан жакшы секс кааласа, анда алардын турмуштук керектөөсүн толук камсыздашы керек.

– Күйөөм сөгүнчөөк, күндүз мени сөгүп, кечинде чогуу болууга мажбурлайт. Мен каалабайм, эмне кылуу керек?

– Күйөөңүз бышып жетиле элек. Секске эле эмес, мамилеге, жашоого көз карашы жаш баланыкындай болуп калган. Инсан катары, эркек катары өспөй жатат. Эркекти өзгөртүү кыйын, бул абалда аял өзүн өзгөртүшү керек. Олуттуу сүйлөшүп, ага эмне жакпай жатканын ачык айтышы керек. Эркекте “аялым сөксөм деле, тепсем деле күчүктөй болуп жүрө берет” деген ишеним жашаган үчүн аялына туура эмес мамиле жасайт. Демек, сиз өзүңүзгө мындан ары андай мамиле кылбашы керек экенин так айтыңыз. “Жаман мамиле кылсаң басып кетем” деген сигнал берип коюш керек. Ошондо сый болот. Негизи эле секстин 90 пайызы – психология.

– Керек учурда “провал” болуп турбай калат, кийинки учурда ошол коркунуч менен жашап калдым, бирок адистерге кайрылгандан уялам...

– Эки жолуңуз бар. Уялып жүрө бересиз, анда аялыңыз башканы таап кетип калат. Же өзүңүз үчүн кадам таштап айыгуу үчүн адистерге кайрыласыз. Аялдын акысын жебеш керек, эмнеге “жубайлык милдет” делинет? Милдетиңизди аткарышыңыз керек! Европада эркек жубайлык милдетин аткарбаса аялы кетип эле калат, а биздин аялдар үй-бүлө, бала-чакага кармалып чыдап жүрө беришет. Сиз коркпоңуз, “провал” психология менен байланыштуу нерсе, бир болбой калып эле коркуп калып экинчи жолу кумарга батып баштаганда эркектин мээсинде “дагы ошондой болот” деген коркунуч боло берет, ошол үчүн турбай калат. Сизди тез эле айыктырып койсо болот, маселе эмес. Адистерге барбай жүрө берсеңиз, мына ошол маселе.

– Канча убакта бир кумарга батуу туура?

– Сексте өзү норма деген түшүнүк жашабайт. Канча убакта бир болуу же жыныс мүчөнүн өлчөмү тууралуу эле сурай беришет бизде. Сексуалдык каалоо ар бир адам үчүн индивидуалдуу. Кимдир бирөөгө узакка созулган секс жагат, кээ бирөөнө ал жакпайт. Кээ бирөөгө сагынтып туруп бир жумада бир кумарга батуу жагат, башкасы күндө секс болушун каалайт. Бул адамдардын темпераментине жараша боло турган нерсе. Маанилүүсү – убакыт, позалар экөөнө тең жакса, ырахат алса болду. “Норма ушу” деп сексти стандартка салбаш керек.

– Аялдар эмнеге оргазмды кечирээк жашта сезишет? 30-35 жаштарда араң оргазм эмне экенин билгендер бар...

– Ар бир жыныстык катнаштан аялдын оргазм алышы сейрек кездешет. 10 жолу катнашка барып, ошонун биринде алса деле бул жакшы көрсөткүч. Бул негизи азиаттарга тиешелүү көрүнүш. Анткени кыздар турмушка чыкканда эркектен уялышат, өзүнүн каалоосун айта алышпайт. Же секс убагында кыйкырып-өкүрүп жыргай баштаса эркек “бул мунун баарын кайдан билет?” деп жаман ойлойт. Кысылып жатып оргазм алганды билбей калышат. Жаш өткөндө аял өзүнүн дене түзүлүшүн билет, эмнеден ырахат алып жатканын байкайт, эмне каалап жатканын күйөөсүнө айта алат. Ошондон улам оргазмга жетүү оңой болуп калат. Бошоп, жибий баштайт. Эркектердин сексуалдык жактан толуп бышып турган убагы 25 жаштан 35 жашка чейин. Ал эми аялдардыкы сексуалдык жактан бышып жетилген курагы 35 жаштан 45 жашка чейин. Ошол себептен да алар оргазмды кеч татышат. Эмнеге? Мисалы, 35 жаштарга келгенде аялдын үйү, балдары, стабилдүү кирешеси болуп калат, ошондо алардын мээси бошоп секске көңүл коё баштайт.

– Эркектер деле оргазмды имитация кылган учурлар болобу?

– Жок, эркек катнашта 100 пайыз оргазм алат. Сексуалдык катнаш болгондо алар дайым эле алат. Эркектердин маселеси оргазм эмес, эрекция. Турбай калуу же тез бүтүп калуу, ушул сыяктуу маселе болот.

– Мадонна синдрому деген эмне?

– Бул өзү эмне каалаганын айтпай, эркек эмне кылса ошого макул болуп жылмайып жата берген аялдар. Эркектер Мадонна синдрому менен болгон аялдарга үйлөнүшөт, бирок төшөктө сойкудай мамиле кылган аялдарды каалашат. Же ойнош кылышат. Сойкулар менен төшөк мамилеси кызыктуу, ал эми жашоо Мадонна синдромундагы аялдар менен стабилдүү.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан