Кытай кино актёру ЯН ЯН

180 сантиметрлик бойго ээ жигит учурда Кытайдын эң белгилүү актёрлорунун катарында турат. “Спецназдын даңкы” сериалынан Ян Янды күчтүү, мыкты физикалык даярдыктагы аскер катары көрдүк. Анын балет бийин бийлегенин көрүп сүйүп калгандар да жок эмес. Ырчы, модель, актёр, бийчи, айтор, көп кырдуу таланттын ээсине гезитибизден да орун бердик.

БАЛЕТ

Үй-бүлөдө жалгыз уул болгон Ян Яндын ата-теги Кытайдагы хань элинин өкүлдөрү. Ата-энеси жөнөкөй кеңсе кызматкерлери. Шанхайда төрөлүп-өскөн Ян кичинесинен искусствого жакын болду. Алгачкы маданиятка карай жолун Шанхай жаштарынын искусство мектебинен баштаган. Мектепте алдыңкы бештикке кирип окуду. Келечекте андан балеттин профессионал бийчиси чыкмак. Классикалык искусствого ыктаган жигит мектепти аяктагандан кийин Элдик-боштондук армиясынын Искусство академиясынын бий бөлүмүнө тапшырат.

Окууну аяктагандан кийин негедир анын багыты актёрлукка бурулуп кетти. Эмнеге балетти таштап салды, ким билсин?.. Ал эми анын аткаруусундагы классикалык бийлер клип болуп тартылып, күйөрмандардын көзүн кубандырып келет. Бийден сырткары Янды ырчы катары да тааныгандар көп. Тартылган тасмаларына саундтрек жазып, аткарган таланты да бар. Ошентсе да Ян Янды дүйнө эли актёр катары тааныды. Акыркы 5 жылдыкта каарманыбыз тартылган тасмалар корей дорамаларындай эле өз көрөрмандарын таап, дүйнө элинин жүрөгүнөн орун алып келе жатат.

2015-ЖЫЛ

Кино дүйнөсүндө ийгилик Янды башкаларды кыйнагандай кыйнап, көп күттүргөн жок. Балким, узун бою, чымыр денеси, татынакай келбети анын камера сүймөнчүгү болорунан кабар берсе керек. Алгач мюзиклге катышты, бир-эки сериалда эпизоддук ролдор менен “чуркап” өттү. Ошол эле жетиштүү болду. Анын “чуркап” өткөн кыска ролу белгилүү режиссёр Ли Шао Хундун көзүнө илинген. Режиссёр ойлонбой туруп аны 50 эпизоддон турган “Кызыл бөлмөдөгү түш” сериалына башкы ролго чакырган. Бюджети 18 миллион долларды чапчыган сериал Кытай кинематографиясындагы кымбат сериалдардын тизмесинде эле. Ян Ян өзүнө ишенген адамдарды уят кылган жок, сериалдан кийин “Мыкты жаңы актёр” наамын алган жигит кино дүйнөсүнө ишенимдүү баш бакты.

Алгачкы жолу толук метраждуу тасмага тартылышы актёрго дүйнөлүк атактуулукту алып келген. Ал мезгил 2015-жыл эле. “Сол кулак” тасмасы прокатта кассалык хитке айланып, Ян Ян болсо кино сынчыларынын жогорку баасына арзыды. 2015-жыл актёрдун карьерасындагы эң жемиштүү, ошол эле учурда алдыга секирик таштаган жыл болду десек болот. Анткени дал ушул жылы Ян тартылган бир нече сериал экранга чыгып, дээрлик бардыгы жогорку рейтингде турган. Ошол жылдан бери Ян Ян Кытай элинин сыймыктанган адамы болуп келет.

СУНУШ

Ян Яндын күйөрмандарына романтикалык тасмалардагы ролдору көбүрөөк жагат. Ошентсе да ал фантастика, романтика, тарыхый, мелодрама, драма, боевик сыяктуу дээрлик бардык жанрда өзүн сынап келет. Кайсы тасмаларын көрсөк болот деп суроо салсаңыз, акыркы 2-3өөнө токтоло кетели. Актриса Дилраба Дилмурат менен түгөй болгон романтикалык комедияны “Сен менин мактанычымсың” аттуу 2021-жылы чыккан сериалдан көрө аласыз. Эгер боевик жанрын жактырсаңыз, анда Ян Яндын атактуу актёр Жеки Чан менен биргеликте тартылган “Авангард: Арктика карышкырлары” тасмасын көрүңүз. Же болбосо учурда популярдуу болуп жаткан “Спецназдын даңкы” сериалына көз чаптырсаңыз, Ян Янды экинчи “сулуу чымчык” актёрлордун катарына кошпой каласыз. Ал эми актёрду тарыхый тасмалардан байкайын десеңиз, быйыл эле чыккан “Дүйнөнү ким башкарат?” сериалын көрүңүз.

БОЙДОК

Албетте, Ян Яндай жигиттин жеке жашоосу тууралуу сөз кылбай кетсек болбостур. Бирок бул жаатта бир сөз менен эле жооп айталы. Актёр – бойдок. Тасмалардагы өнөктөш актрисалары менен ойногон “химияны” оюн, жөн эле роль деп айткың келбейт. Жашоодо да экөө бирге жүргөндөй сезилет. Бирок бул мыкты актёрдук оюндун эле жыйынтыгы. Ян Янга Дилраба Дилмурат баштаган көрүнүктүү актрисаларды, ырчы, модель кыздардан бери чаптаганга аракеттер болду. Бирок расмий маалыматтар жок. 31 жаштагы Ян жеке жашоосун ушунчалык бекем катып, көпчүлүктүн көзүнөн, сөзүнөн алыс алып жүрөт, бали!

КЫСКА МААЛЫМАТ

  • 30дан ашык кино сыйлыктын ээси.
  • Forbes’тун тандоосу менен 2017-жылдан бери Кытайдын таасирдүү жана атактуу адамдарынын тизмесинде.
  • 2016-жылы Ян Яндын сүрөтү почта маркаларына басылып чыгып, мындай сыйга арзыган биринчи кытай актёру болгон.
  • 2017-жылы анын момдон жасалган келбети Шанхай жана Пекин шаарларында жайгашкан “Мадам Тюссо” музейлерине коюлган.
  • Кайрымдуулук иштерине көп каражат жумшайт жана башкаларды да кайрымдуулукка, боорукерликке үндөп келет.
  • Скрипка чертет.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан