БАДЫРАҢ – ОРГАНИЗМДИ ТАЗАЛООЧУ ТАБИГЫЙ АЗЫК

Бадыраң грек тилинде “өсүп жетиле элек” деген маанини билдирет. Чынында эле бышып жетиле электе колдонулган жашылчалардын бири болуп саналат. Мекени болсо азыркы Индиянын батыш тарабы. Жай-кыш дебей көп колдонулган бул жашылчанын организмге канчалык пайдасы бар? Билип алыңыз.

Бадыраңдын 95 пайызы суудан туруп, 100 граммында 14 килокалория гана бар. Ошондуктан салмак таштоо үчүн белгиленген диеталарда бадыраң алгачкы катарда турат. Ал активдештирилген көмүрдөй эле организмди тазалай алат. Анткени анда уулуу заттарды өзүнө сиңирүүчү жана чыгаруучу табигый сорбент бар.

Химиялык курамына келсек, бадыраң С, Е жана В тобундагы витаминдерге, калий, магний жана кальцийге бай болгондуктан ар кандай ооруларды алдын алууга жана тери менен чачтын бекем болушуна көмөктөшөт. Ошондой эле:

Заара бөлүп чыгаруу системин жакшыртууга жардам берет

Өт жана бөйрөктө таштын пайда болуусунун алдын алат

Жүрөктүн булчуңдарын чыңдоого көмөкчү

Теридеги эпителий тканын жакшыртып, безеткилердин чыгуусун азайтат

Организмдин шишикке каршы туруктуулугун жогорулата алат

Организмдин энергетикалык потенциалын көтөрөт

Бүйлөнүн канашын азайтып, ооздогу жагымсыз жыт менен күрөшөт

Гормондордун иштелип чыгуусун жакшыртат

Бадыраңды кабыгы менен жеген пайдалуу, анткени көпчүлүк микроэлементтер кабыгында жайгашкан. Бирок бадыраңды колдонордун алдында жарым сааттай муздак сууга чылап коюу кажет, бул убакта сырткы кабыгындагы нитраттар тазаланат. Ошондой эле жарылып же кесилген бадыраңды сактоого болбойт. Бул учурда тескерисинче С витаминин жок кылуучу зат бөлүнүп чыгат.

Кимдерге болбойт?

– ашказан жарасы

– гастрит менен жабыркагандар

– ашказан кычкылы көп бөлүнүп чыкканда

– кан басымы жогору адамдар

– атеросклероз

– нефрит сыяктуу ооруларда жаңы, бышырылбаган бадыраңды колдонууга болбойт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1028, 19-25-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан