ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 29-АВГУСТТАН 4-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН

КОЙ (21.03-20.04)

Өзүӊүздү инсан катары түшүнүү үчүн эӊ сонун учур. Жетекчилик сиздин мүмкүнчүлүктөрүңүздү көрүп, мамилесин жакшы жакка өзгөртөт. Жумуш учурунда узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүгө байланыштуу убадаларыңыздан этият болуңуз. Каржылык абалыӊыз жакшырып, көп көйгөйлөрдү чече аласыз. Ден соолугуӊузга кам көрүӊүз, кайдигерлик кылып өнөкөт оору жаратып албаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптада бардык иштериӊиз жеӊил жана ийгиликтүү өтөт. Маселени чечүүдө кооз сүйлөө жөндөмүӊүз жардамга келет. Кийим-кече, тиричилик техникасын сатып алуу үчүн ыӊгайлуу мезгил. Ишкерлерде капиталын бир нече эсеге көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар. Эӊ татаал деп эсептеген пландарыӊызды ишке ашырууга азыртан аракет баштаӊыз, болбосо ал пландар кыял боюнча калышы толук мүмкүн. Бош убактыӊызды жеке өнүгүүгө арнаӊыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жаӊы өнөргө ээ болуп кесип аркалайм деген эгиздерди ийгилик коштойт. Сиз үчүн кымбат болгон баалуу нерсеӊизди жоготуп алуу коркунучу бар, алыска жол тартканы жатсаӊыз үй-жайыӊызды жакын тааныштарга табыштап кеткениӊиз туура. Эгиз айымдар сүйүүдө түгөйүнүн кысымына кабылышы мүмкүн, бирок мамилени үзүүгө бул себеп болбошу керек. Бойдок эгиздер эски сүйүүсүн эстеп ал мамилени кайра жаӊыртуу ою пайда болушу ыктымал. Материалдык жактан жакындарыӊыздын колдоосуна муктаж болосуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жумушта айлык маянаӊыз көбөйүп сүйүнөсүз. Жаӊы сунуштар түшүп ал мүмкүнчүлүк сизге алдыга жылууга кенен жол ачат. Башкысы өзгөрүүдөн, тобокелдикке баруудан коркпоӊуз. Үй-бүлөлүү бөйөндөр балдарынын кызыгуусуна көӊүл бөлүп, үйгө буюм алууда алардын ою менен да эсептешкени туура. Эски тааныштардан кол үзбөй абалын сурап туруӊуз, аптада алардын жардамы тиет.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптада буга чейин катылган таланттарыӊыз ачылат, жаӊы кызыгуу пайда болот. Документтер менен иштөөдө токтоолукту жана тырышчаактыкты сактоону унутпаңыз. Буга чейин чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдүн түйүнүн чечүүгө мүмкүнчүлүк бар. Дем алыш күндөрүн үй-бүлөӊүздүн курчоосунда өткөрүӊүз. Сүйүктүүсү бар арстандарга түгөйүнөн баш тарта албай турган сунуш түшөт.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Көп жылдар бою сезимдерин жашырып жүргөн бийкечтерге сүйүүсүн билдирүүгө убакыт келди. Өнөктөшүңүз менен мамилеңиз эми сөзсүз жаӊы деӊгээлге чыгат. Акчаны сарптоодо этият болуңуз, керектүү нерселерди гана алып, ашыкча чыгымдарды көзөмөлдөп турганыӊыз жакшы. Жеке жашооңузда рухий жактан байыта турган олуттуу өзгөрүүлөр болот. Өзүңүздү туура адамдар менен курчаӊыз, бул сиздин энергияны тазалайт.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада жаӊы иштерди баштабай турганыӊыз жакшы, эгер баштап алсаӊыз этият жана сабырдуу болуӊуз. Бирөөнүн басып өткөн жолун сыноодо абайлаӊыз, турмуштук тажрыйбаӊыз аз болгондуктан жагдайга туура баа бере албай калышыӊыз мүмкүн. Позицияӊызды түшүндүрүүдө эмоцияӊызды тизгиндей албай калышыӊыз ыктымал, мындан улам көпчүлүк сиздин айтайын деген оюӊузду толук түшүнбөй калат. Сүйүүдө туруктуу таразалардын сабырын түгөйү сынайт.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Айланаӊызда бекер жардам берүүгө даяр адамдар бар. Сиз буга таӊ каласыз. Кызыктуу, мүмкүнчүлүгү кенен сунуштан баш тартуунун кереги жок, ал сизге карьералык өсүш алып келет. Бойдок чаяндарда сүйүктүүсүн табып, үй-бүлө куруу үчүн эӊ сонун мезгил. Чаян мырзаларда тартылуу күчү укмуш иштеп, оӊой эле селкилердин көӊүлүн өзүнө бурдура алышат. Тагдырдын сюрприздерине даяр туруӊуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Буга чейин кыялданып жүргөн кыймылсыз мүлктү сатып алуу ыктымалдыгы жогору. Бул унаа же батир болушу мүмкүн. Киреше булагыӊыз көбөйүп, материалдык абалыӊыз жакшырат. Ала албай жүргөн аласаларыӊызды кайтарып аласыз. Жумушта майда нерселерге көӊүл бурбай, чоӊ иштериӊизди бүтүрүүгө аракет кылыӊыз. Үй-бүлөӊүздө тынчтык жана гармония өкүм сүрөт. Бул убакта үй-бүлө мүчөлөрү менен табият коюнунда эс алсаӊыз пайдалуу болот.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Аптада сүйүктүүӊүз менен жолугушуп, унутулгус кеч тартуулайсыз. Кесиптештер арасында аброюӊуз жогорулайт, мындан улам жетекчилигиӊиз сиздин ой-пикириӊиз менен эсептешип баштайт. Жаңы тааныштарды табууга аракет кылыңыз, алар сиздин жашооңузда негизги ролду ойношу мүмкүн. Бизнес баштоо же билимге инвестиция жасоо жөнүндө көп ойлонуп баштайсыз. Эртеӊки күнгө болгон ишенимиӊиз күчөйт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Азыр сиз уялбастан чоң суммадагы каражатты өзүңүзгө жумшай турган мезгил келди. Өзүңүздүн толук потенциалыңызды ачып, атак-даңкка ээ болосуз, ар кандай ишмердүүлүк тармагында жетишпеген тажрыйбаны ала аласыз. Сиздин бизнес жөндөмүңүз буга жардам берет. Үй-бүлөлүү суу куярлар балдардын көзүнчө талашып-тартышып, чыр чыгаргандан алыс болгону оӊ. Унаада рул башкарсаӊыз ылдамдыкты ашырбай эреже менен айдаӊыз.


БАЛЫК (20.02-20.03

Аптада жашооңузду жакшы жакка өзгөртчү сүйүктүү адамыӊызды табасыз. Өзгөрүүлөрдөн коркпоңуз, алардын баары жакшылык үчүн. Каржы тармагында чоң ийгиликтер күтөт. Үй-бүлөңүз менен саякатка чыгууну унутпаңыз. Лотерея оюндарынан бир нерсе утуп алуу ыктымалдыгы жогору. Жумушта катачылык кетирип, бирок жетекчиӊиз муну түшүнүү менен кабыл алат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан