Кыргыздын 14 чырагы өчтү: МИГРАНТТЫ ЭЗГЕН ЭРЕЖЕЛЕР ЖЕҢИЛДЕЙБИ?

21-август – Орусияда 14 Кыргыз жаранынын өмүрүн алган кырсык. 22-август – кабыргасы кайышып, көз жашын агызган мекендештер. 23-август – Кыргыз жеринде жалпы улуттук аза күтүү күнү... Кыргыз эли оор жоготууга туш болуп, кайгыга түштү. Бул макалабыз Орусия-Казакстан чек арасында жол кырсыгынан каза тапкан мигрант мекендештер, алардын жакындарынын оор абалы, Орусиянын миграциялык талаптары жана башка жагдайлар тууралуу болмокчу.

МИГРАЦИЯЛЫК ТАЛАП КАТУУЛАДЫ

Мигранттардын Орусияда жүрүү тартиби катаалдады. Тагыраагы, мындан 4 жыл мурун кабыл алынган мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн көзөмөл күчөтүлдү. Жаңы талаптар быйыл 3-сентябрда күчүнө кирет. Ага ылайык, эмгек мигранттары эми жашаган жери боюнча гана каттоого туруп, миграциялык каттоосун жаңылап, батир ээси менен келишим түзүүгө милдеттүү. Бул үчүн паспортторуна сөзсүз Орусиянын чек арасынан “кирди-чыкты” деген мөөр бастырышы кажет, болбосо миграциялык мыйзамды бузду делип өлкөдөн депортацияланышы мүмкүн экени айтылып жатат. Ушундан улам “кирди-чыкты” мөөрүн бастырыш үчүн Кыргыз мигранттары Орус-Казак чек арасына массалык түрдө топтолуп, узун кезек пайда болгонун ырастаган видеолор, сүрөттөр тарап жатат. Мигранттар Кыргыз бийлигин Орусия тарап менен сүйлөшүүгө, мигранттардын түйшүгүн жеңилдетүүгө чакырып жатышат. Ошондой эле мекендештер Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Саматтын начар иштеп жатканын айтып, анын жумуштан кетүүсүн талап кылышууда. Кыргыз бийлиги мигранттардын талабына жүйөлүү жооп айта элек.

БЕЙКҮНӨӨ КУРМАНДЫКТАР

21-август күнү 14 Кыргыз жараны паспортуна “кирди-чыкты” мөөрүн бастырыш үчүн чек арада кезек күтүп турганда каза табышты. Алар отурган кичи автобусту оор жүк ташуучу унаа башка унаага жабыштыра сүзгөн, муну ЖМКларга жарыяланган сүрөттөр ырастап турат. Каза тапкандар Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун тургундары. Алардын сөөгү 23-августта атайын учак менен “Ош” аэропортуна алып келинип, жерге берилди. 23-август Кыргызстанда аза күтүү күнү деп белгиленди.

Улук Бекмурзаев: “ҮЙҮБҮЗДҮ БҮТҮРҮП, ЭЛ КАТАРЫ ЖАШАЙЛЫ ДЕП ОРУСИЯГА КЕТИШКЕН ЭЛЕ”

– Мен Орусиядагы жол кырсыгында каза болгон Диана Бекмурзаеванын таякеси болом. Диана 24 жашта болчу, кичинесинен таята, таенесинин колунда өстү. Ата-энеси ал төрөлгөндө эле ажырашып кетишкен, азыр үй-бүлөлөрү бар. Диана Кара-Суу районунан болот, Ноокат районунун Муркут айылына турмушка чыккан. 2 жашар кызын кайнене, кайнатасына таштап “үйүбүздү бүтүрөлү, эл катары жашайлы” деп күйөөсү экөө Орусияга иштегени кетишкен эле. Күйөөсү Таалайбек да ошол кичи автобустун ичинде болгон, учурда ооруканада, абалы оор деп жатышат. Диананын таенеси 3 жыл мурун каза болгон, таятасына оор болуп жатат. Диана абдан жоош, сабырдуу, тырышчаак кыз эле. Айылдан жер тилкесин алышып, үйүнүн пайдубалын куйдуруп коюшкан. Ошол тамды бүтүрөбүз деп аябай иштешти окшойт. Акыркы күндөрү Орусияда кафеде иштеп жүргөн экен. Чек арадан “кирди-чыкты” кылып каттоо маселесин чечебиз деп күйөөсү экөө тең ушул кырсыкка кабылып жатпайбы. Сөөгүн алып келген күнү эле кечинде жерге бердик. Денеси ортосунан үзүлүп кеткен экен жабыштырып тигишиптир. Ак кепиндеп жерге бердик.

Акыл Айтматов: “ҮЙЛӨНӨМ ДЕГЕНИНЕН КУДАЛАР МЕНЕН СҮЙЛӨШҮП КОЙГОН ЭЛЕК”

– Уулум Майрамбек Акылбек уулу кырсыкта каза болгон 16 адамдын бири болуп калды. Ушул жылдын декабрь айында 25 гана жашка чыкмак (ыйлап). Ал унаада баламдын жалал-абаддык Шекербек деген шериги да каза болуп калды. Каза болгондордун баары жапжаш, эң улуусу 46 жашта экен. Балам Орусияда ширетүүчү болуп иштечү. Мен, аялым, уулум болуп чогуу жашайт элек. Кырсык болор күнү акыркы жолу саат 10до сүйлөшкөнбүз, “ата, кезек узун, күтүп отурабыз” деген. Көп өтпөй бир тууган карындашым чалып “Майрамбек каякта?” деп сурап калды. Карындашым автоунаа менен Кыргызстанга бара жаткан, чек арадагы кырсыкты көрүп, талкаланган унаада жалаң кыргыздар экенин укканда дароо мага чалыптыр. Баарыбыз туш-тарапка чалып эле ызы-чуу түшүп калдык. Жүрөгүбүз туйгандай эле балам каза болгондордун арасында экен. Эки жылдан бери үйлөн десек болбой, быйыл үйлөнөм, эмдиги жылы үйлөнөм деп эле качырып жүргөн. Жакындан бери Москвада бир кыз менен сүйлөшүп жаткан, үйлөнөм деген пландары бар эле. Кыздын ата-энеси менен тойду эмдиги жылы күзүндө беребиз деп сүйлөшүп койгон элек. Минтип кырсык тооруп баламды шум ажал алып кетти. Мен эч кимге нааразы эмесмин, кырсык да. Баламдын жаны акыретте тынч жатышын каалайм.

Кыргыз бийлигинен Орусиядагы эмгек мигранттарынын каттоого туруу маселесин чечип берүүнү суранам. Мени Москвадан Кыргызстанга узатканы кыргыз балдар келген эле, баарын полиция текшерип, “базада жок экенсиңер” деп 4 жигиттин документтерин алып коюшту.

Акылбек Кожомбаев: “ИНИМ МЕНЕН КЕЛИНИМДИН КАЗА БОЛГОНУН ИНТЕРНЕТТЕН БИЛДИК”

– Кырсыкта каза болгон Каныбек бир тууган агамдын баласы. Биз Кадамжай районунун Марказ айылынан болобуз. Инимдин келинчеги Ойгүл да ошол кырсыктан каза тапты. Бир үйдөн эки сөөк чыгып сай сөөгүбүз сыздап турат. Иним 36, келиним 31 жашта эле. 2 уул, 1 кызы бар, улуу баласы быйыл 3-класска барат. Чогуу түтүн булатканына 9 жыл болгон. Иним да, келиним да абдан тырышчаак, оокат кылалы деген жубайлар болчу. 3 баласын ата-энесине таштап Орусияга кеткенине бир жылдан ашып калган. Күзүндө балдарына сүннөт той берип элдин, туугандардын батасын алабыз деп жүрүшкөн. Алардын каза болгонун баарыбыз интернеттен билдик. Туугандарыбыздын бири каза болгон адамдардын сүрөттөрүнүн ичинен инимди, келинимди таанып калыптыр. Арга жок, өлүмдүн алдында баарыбыз алсыз экенбиз. 3 баласынын чоңойгонун, окуганын көрүп кетишсе эмне, аттиң! Азыр кичинекейлери эч нерсени билбей ойноп жүрүшөт. Чоң ата, чоң энесине деле эркелеп чоңоюшат дечи, бирок ата-эненин мээрими баары бир башка да. Жетимдиктин азабын эч бир бала тартпасын. Миграцияда жүргөн ата-энелер балдарынын кашына аман-эсен келип алышсын деп дуба окуп отурабыз.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Орусияда жол кырсыгынан көз жумган мекендештерибиздин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан