Эрлан Андашев, ырчы: “ИШТЕГЕНИМ ӨЗҮМӨ ЖАГЫП ЖАТАТ”

Хит артынан хит ырларды жаратып, чыгармачылыгы жалындап турган бул ырчынын жөнөкөйлүгүнөн абдан таасирлендим. АКШда 10 жылдан ашык жашап, иштеп келе жаткан Эрлан Андашев менен буга чейин онлайн сүйлөшүп келсек, бул жолу жүзмө-жүз көрүшүп маектешүүгө мүмкүн болду. Ырчы мырза Бишкекке келери менен “Супер-Инфого” маек берди.

– Арыбаңыз, Эрлан мырза! Мекенге куш келипсиз. Көптөн бери көрө элек Бишкек, тааныш көчөлөр... Кандай сезимдер болуп жатат?

– Мекенибизге келгендеги сезимдер өзгөчө. Чын эле Бишкекте жүрөбүзбү, чын эле айылда жүрөбүзбү деп ишенбей кетип жатабыз. Бул күндү биз көп жыл күттүк да. Кыргызстанга келе элегибизге 10 жыл болуп калыптыр. Келгенден бери жакшы таасир калтырып жатат. Адамдар көп нерсени түшүнүп-билип калыптыр. Жылыш бар, жакшы өзгөрүүлөр байкалды. Кудайга шүгүр, Бишкекте жолдор оңолуп, жаңы көп кабатуу үйлөр, соода борборлору курулуптур. Айылда үйлөрдүн короолору тосулуп, тыкан болуп сонун көрүнүп калыптыр.

– Келип эле клип тартып, ишке кириштиңизби?

– Келе калып эле клип тартып жиберейин деген ой жок болчу. Клипмейкер Улан Шеркуловдун командасына рахмат. Менде 3 жыл мурун жаралган “Айылым” деген ыр бар болчу. Улан “чыгарбай туруңуз, жакшы кылып чыгаралы” деп элге тартууланбай калган. Ал алдын ала командасын даярдап, биздин келгенибизди аэропорттон бери сонун кылып тартып алышыптыр. Анан айылга менин ырдаганымды тартканы келип, идея жаралып кетти. Инимдин баласы мага окшошуп кетет экен, дал эле менин кичинекей кезим. Уландын сунушу менен бала чагым да чагылдырылып клип тартылып калды. Ааламга жол айылдан башталат дейт го. Айылда жүргөндө Америкага кетем деген ой такыр болгон эмес да.

– Бул арада “Ашыгым” аттуу ырыңыздын түрк тилиндеги версиясы чыкты. Эмнеден улам түрк тилинде ырдап калдыңыз?

– Негизи жол жүрүүдө көп нерселерди ойлоном. Түрктөрдүн да ырларын угуп калам. Анан алардын Netd muzik деген каналын көрүп, чет элдик каналдардан деле ыр берсек болот да, аракет кылып көрөйүн дедим. Жаңы ыр дебей эле “Ашыгымды” түркчө жаздырайын деп, “Манас” радиосунда иштеген Булент бейге сүйлөшүп ырдын сөзүн жаздырдым. Ырдоого аябай даярдандым, түркчө билбегендиктен оңой болгон жок. Азыр деле укмуш ырдадым дей албайм, бирок түркчө түшүнгөн адам менен көп иштештим. Негизи биринчи жолу “Жаным-жаным” ырым португал тилине которулган. Аны, буюрса, бир бразилиялык ырчы кыз менен ырдайм. Көптөн бери тилимди көндүрүп жүрөм.

– 23 миллионго чукул катталуучусу бар түрк каналына ыр жүктөө деле оңой болбосо керек?

– Ооба, аларда тартип катуу экен. Клиптеги ар бир көрүнүштү талдап, сурап чыгышты. Ырды кабыл алуу комиссиясы жактырды. Комиссиядан өткөн соң каармандардын, тартуу ишинде, ырдын жаралышында эмгек кылгандардын ар биринин колу коюлган расмий макулдукту талап кылышат экен. Баары даяр болгондо эч кандай тоскоолдуксуз чыкты. Акча сурашпайт экен. Негизи бир апта мурун чыкмак, документке кол коюулар бир аз кечигип калды.

– Бишкекте өтүүчү концертиңизге даярдыктар кандай болуп жатат? Концерт башка аймактарда да болобу?

– Кудай буюрса, концерт 23-24-сентябрда Бишкекте Спорт Ордосунда өтөт. Даярдыктар жакшы жүрүп жатат. Аз күндө жандуу музыканын коштоосунда репетициялар башталат. Сахна жасалгасынын үстүндө иштеп жатабыз. Баштан-аяк жандуу ырдап, элге жакын болуп, ошол күнү өзүм дагы ырахат алайын деп ниет кылып турам. Концерт, буюрса, Ош, Талас, Жалал-Абадда да коюлат.

– Ырчылыкка жаңы аттанган жылдары азыркыдай популярдуу болгон эмессиз. Жылдызыңыз АКШда жүргөндө жаркырап жанды. Популярдуу болуш үчүн ырчыга эмне керек экен?

– Ютуб, Инстаграм дебеймби. Эң негизгиси жан дүйнөдө чыгармачылык, анан күчтүү каалоо болушу шарт. Чыгармачылык болбосо алдыга жылуу болбойт. Акчасы, таанышы бар туруп ырлары элге алынбагандар канча. Мурун, биз жаңы ырдап баштаганда, “талантым бар, таанышым жок” деген сөз чындык болчу. Ал кезде ырды жарнамалоо, эфирден кетирүү чоң маселе жаратчу. Азыр бир эле күндө белгилүү болуп кетүүгө мүмкүн болуп жатпайбы. Талантың болсо аны элге көрсөтө турган мүмкүнчүлүк өз колубузда турат. Кааласаң бардык нерсе болот экен, аракет жана изденүү гана керек.

– Хит ырларды жаратып жатасыз, тойго ылайыктуу ырларга ыктаганыңыз байкалбайт. Буга АКШда Кыргыз жериндегидей тойлордун жоктугу себеп эмеспи?

– Жамандыктан Кудай сактаса, тойбу, оор жумушпу, эч нерсе чыгармачылыкка тоскоолдук жаратпайт. Тойго арналган ырларды эптеп-септеп эле чыгарып койбой, бири-биринен өзгөчөлөнтүп, сапаттуу кылып жаздырса деле болот. Негизи “тойский ыр” деген нерсе жок. Ырлар сапаттуу жана сапатсыз деп гана бөлүнөт.

– Чыгармачылыгыңызга өзүңүз канааттанып жатасызбы?

– Учурда ыр чыгарганым, иштегеним өзүмө жагып жатат. Эгер жасап жаткан ишиң өзүңө жагып жатса, андан алаксыбаш керек. Адам мушташып жатканда деле алаксып кетсе дароо нокаутка түшөт го. Жашоодо деле ошондой, көрүнбөгөн соккулар бар. Мен өзүмдү жоокер сезе берем. Биздики деле бир караганда чабуул да. Элдин кайсы катмары болбосун угарман топтошуң керек дегендей.

– Ырларыңыздын тексттери кандай шартта жаралат?

– Мен атайын текст жазбайм, кээде обонго жараша жаралып калат. “Ооба, билем”, “Коё бербейм”, “Таарынба” деген ырларым өзүмө таандык. Негизи чыккан ырларымдын темаларын, айрым саптарынын башталышын, кайырмаларын алгач түзүп алам. Анан оюмду, өзүм ылайыкташтырган саптарды акынга айтып берем. Мисалы, “жаныңа жаным тартылат” деп өзүм эле ырдап жүрө берчүмүн. Бирок “көргөндө көзүм карагат” деп улап кетүү оюма келмек эмес. “Сүйөмүн десем уяласың го” деп кыңылдайм, бирок андан аркысын көркөмдөй албайм да. Жыргал Жусупова, Эрнис Түмөнбаев менин оюмду түшүнүп, толуктап жакшы текст жазып берип жатышат.

– Өткөн күндөрдөн кандай сабак алдыңыз?

– Катачылыктын артынан көп нерсени түшүнөсүң дейт го. Мен деле көп катачылык кетирем. Бирок ошол катачылыктан сабак алып, аны кайра кайталабаш керектигин үйрөндүм. Баарын кандай болсо ошондой кабыл алып, кечке эле наалый бербей ойлорду бошотуш керек. Аркаңды бир карап, ушул тапта колуңда бар нерсеге шүгүр кылсаң баары жакшы болот.

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн чоң рахмат!

– Сиздерге дагы терең ыраазычылык.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
munduz2016
2022-09-03 22:24:00
Эрлан азаматсың,чыгармачылык бийиктиктерди багынта бер!!!
+3
Гулнура
2022-09-30 21:48:00
Сени аябай сыйлайбыз.Ырларың жагат.Ийгилик каалайм.
0
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан