Жаныбек Абиров, Жогорку Кеңештин депутаты: “МЕНИ ШААРДЫК, АК КОЛ ДЕГЕНДЕР ЖАҢЫЛЫШАТ”

Жаныбек Абиров – Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири. Ал 29 жашында Бишкек шаардык кеңешинде төрага болсо, 33 жашында бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келди. Жаш саясатчы өзүнүн ийгиликтери тууралуу “депутат болуу кыялы менде кичинемден бар эле, кыялдарды канчалык эрте багып баштасаң ошончолук эрте орундалат экен. Кыялдангыла жана аны ишке ашыргыла” дейт.

“3-КЛАССЫМДА ЭЛЕ ДЕПУТАТ БОЛОМ ДЕЧҮМҮН”

– Мен 1988-жылы төрөлгөм. Түбүм Кочкордон болот, бирок Токмокто төрөлүп, 6 жашыма чейин ошол жакта өстүм. Ата-энем өмүрү мамлекеттик кызматта иштебеген адамдар. Атам 1976-жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенет, апам “Кыргызстан аба жолдору” компаниясында кассада авиабилет сатып 27 жыл иштеди. Эки эжем бар, бири дарыгер, экинчиси юрист. Кичинемде атам костюм-шым кийип, галстук тагынып жүрсө мен да атамдай болгум келчү. Менин ошол курактагы түшүнүгүмдө депутат гана ошондой статуста жүрөт деп ойлочу окшойм. 3-классымдан депутат болом деп кыялдана баштадым. Кочкул кызыл түстөгү костюм-шымым бар эле, ошону кийип алып өзүмдү депутат элестеткен күндөрүмдү азыр күлүп эстейм. Атам толтура гезиттерди үйгө алып келгенде бирин калтырбай окучумун. Баса, “Супер-Инфо” анда жаңы чыгып келе жаткан убак эле. Кичинемден улуу саясатчылардын өмүр таржымалын, басып өткөн жолун баяндаган чыгармаларды көп окудум. Айтор, “депутат болом” деген кыял ичимде дайыма мени менен жашады. Жаштын тилегин берет деген чын окшойт, Кудай буюруп, 29 жашымда Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, кийин шаардык кеңешти жетектеп калдым. Саясатка келүүмө себеп болгон адамдар тууралуу айтсам, алардын бири атамдын досу Лев Васильев. Ал ошол убакта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болчу, ал мени КСДП партиясынын тизмесине кирүүмдү сунуштаган. Дагы бир адам – Иса Өмүркулов, бул киши кайнатамдын аталаш туугандары болуп кетет. Саясий карьерамдын калыптанышына салым кошкон адамдардын бири.

“МАЛ КАРМОО – БАШКЫ БИЗНЕСИМ”

– Өзүм Бишкек шаарында чоңоюп өстүм. Бирок атам мени жайкы каникул сайын айылга, жайлоого жөнөтчү. 9 жашымда аталаш бир туугандарым менен жайлоого чыгып, таңкы саат 4-5терде туруп уйларды саайт элек. Бир жолу уй саап бүтүп, малдарды жайытка айдап жөнөдүк, атты да токуму жок жайдак минип алчумун. Атым менен дарыяны кечип өтүп баратып сууга кулап түшкөм. Суу чоң болчу, ошондо атым качып кетпей мени күтүп туруп калды, шап куйругуна жабыштым, туугандарым жээкке тартып чыгарып кетишкен. Азыр деле мал чарбачылык менен алектенем. Мал кармоо – башкы бизнесим. Быйыл каникулда жайлоого барып чабандарыма мончо курдуртуп бердим, чөп чабык бар. Мындан сырткары алма багым бар. Мени “шаардык, ушул эмнени билмек эле, ак кол” дегендер жаңылышат. Азыркыга чейин Токмоктун мал базарына барып топоз, жылкыларымды өзүм сатам. Кээде 5-6 топозду бир союп элге таратып беребиз, жоопкерчиликтүү адамдар бир айдан соң акчасын чогултуп беришет. 8 жаштагы балам бар, мал карамак тургай картошка аарчыганды билбейт. Бирок мага “биздин заманда мындай эле, тигиндей эле” деп наалыган жакпайт. Азыркы балдар технология менен өсүп жатышат, балким, булардан мыкты робот жасоочу же IT адиси чыгат, ким билет. Баарын өз доорубузга салыштыра бербешибиз керек.

“19 ЖАШЫМДА ҮЙЛӨНГӨМ”

– Эрте, 19 жашымда үйлөндүм. Келинчегим менен 2007-жылы эжекем тааныштырган. Экөөбүз дайыма чогуу жүрдүк, АКШга да окууга чогуу барып келгенбиз, ал жактан окуу менен бирге мен айдоочу болуп, келинчегим официант болуп иштеп жүрдү. Кыргызстанга келгенде үйлөнүп, биротоло чогуу АКШга кетүү планыбыз бар эле. Бирок 2009-жылы АКШ элчилиги бизге 3 жолу виза берүүнү жылдырып салды. Келинчегим менен чогуу “Дордой” базарына Түркиядан айымдардын кийимдерин ташып сата баштадык. Кийин Италия, Түштүк Кореядан кийимдерди алдыртып “Дордой плазада” дүкөн ачып сата баштаганбыз. Айтор, көп ишти чогуу баштап, менин жардамчым, тирөөчүм болуп жүрдү. Үйлөнгөнүбүзгө 14 жыл болду, ортобузда 3 балабыз бар. Улуу кызым 13 жашта. Учурда келинчегим балдарды тарбиялоо менен алек. Бул жашоодо мен кеңешин уга турган үч эле адам бар, алар: атам, апам, келинчегим.

“САЯСАТТА БААРЫ БИРИ-БИРИНЕ АТААНДАШ”

– Саясатка жаштар эмне үчүн керек?

– Жаштар тигиндей, жаштар мындай деп сындай беришет. Жаштарда амбиция, демилге, энергия, күч бар, болгону аларга туура багыт берүү керек. Улуу муунга бир сунушуңду айтсаң көбү “жок, колуңдан келбейт” деп кетенчиктей берет. Жаштарда андай жок, кылам, жасайм, колумдан келет дегендер.

– Шайлоодо сүрөттөрүңүз абдан көп жерге илинди?

– Ооба, Ленин району боюнча 250 күркө менен сүйлөшүп, өзүмдүн плакаттарымды чаптаттым. Азыркыга чейин илинип тургандары бар. Ал күркө ээсинин тандоосу да, “дубалым начар, жаап тура берсин” дегенинен калтырып койгонбуз.

– Кандай учурда эмоцияңызды башкара албай, муштумга өтүп кетишиңиз мүмкүн?

– Ар кандай учурда, көчөдө аялын күйөөсү сабап жатса же бирөөнү беш-алтоо тепкилеп жатса жөн карап тура албайм, сөзсүз аралашам. Негизи эле эмоционалдуумун, муштумум дайыма даяр турат (күлүп).

– Эмнеден коркосуз?

– Принциби жок адамдардан. Анткени аларга баары бир. Эркекчилик, кол бердиңби, убадаңды аткар, ушакка ишенбе деген принциптер болот. Принциби жок адам бирөөнү өлтүргөнгө чейин деле барышы мүмкүн.

– Сизге ашык болгон кыздар көп, өзүңүздү келишимдүүмүн деп эсептейсизби?

– Эл көзүндөгү адам жүрүм-туруму, өң-келбети, айтор, бүт жагынан үлгү болгону жакшы. Социалдык баракчама кээде кыздар жазып калышат. Көңүлүн калтырбай мен да аларга кээде лайк басып коём. Мындай көңүл бурууга объективдүү эле карайм. Бирок чектен ашпайм, анткени жубайым, балдарым бар.

– Кыргыз тилин толук кандуу билесизби?

– Шаарда өскөн балдардын көйгөйү – кыргыз тили. Менде да бул көйгөй бар болчу. Бирок 2016-жылы кыргыз тилин кадимкидей эле кайра башынан үйрөндүм. Мектепке барып мугалимдерден сабак алдым. Азыр кыргызча сабаттуу жаза албасам да, оюмду толук түшүндүрө алам.

– “Атасынын акчасына эле депутат болуп келген” деген сындарга эмне дейт элеңиз?

– Мен өзүмдү өзүм жасагам деп эч качан айткан эмесмин. Албетте, ата-энем моралдык, каржылык жактан жардам беришет. Ичип, чегип кетпей атамдын фамилиясын татыктуу алып жүргөнүмө сыймыктанам.

– Душмандарыңыз көппү?

– Саясатта баары бири-бирине атаандаш. Сый гана мамиледе болушуң мүмкүн, бирок абдан жакындап кетпейсиң. Душмандар эмес, көрө албастар бар. Мисалы, 29 жашымда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп турдум, 40-45 жаштагы төрага болом деген талапкерлер бар болчу. Ошондо “эмнеге ушул сволочтун жылдызы жана берет” деп жаман көрүшсө керек ичинен (күлүп).

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан