Сагыныч, ырчы: “МУРУН МАИ ТОССО ЭЛЕ АКЧА СУНА БЕРЧҮМҮН”

“Кетпейм сага жолукмайынча”, “Сагындым”, “Мейли” деген ырлардын аткаруучусу, ырчы Сагынычтын кандай айдоочу экенине кызыгып көрдүк. Баамыбызда, ал мыкты айдоочу. Себеби “Коопсуз шаардын” видеокамераларына бир да жолу түшкөн эмесмин” дейт ал.

Үлгүсү – Mercedes-Benz S-Klasse

Чыгарылган жылы – 2001-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 5000 сантиметр куб

Жогорку ылдамдыгы – саатын 250 чакырым

Базар баасы – 6-7 миң доллар

– Сагыныч мырза, саламатсызбы? Жазда жеке концертиңизди бердиңиз эле. Андан бери чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болуп жатат?

– Саламатсыздарбы? Биз чыгармачылык аркылуу нан тапкандан кийин аракет кылып иштеп жатабыз. Өзүмдүн студиям бар, аранжировка жасайм. Жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатам. Жакында бир жаңы ырыма сапаттуу клип тарттырайын деп турам. Андан тышкары быйыл Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырдым. Искусство жаатында буга чейин билимим жок эле.

– Жакшы, кайрадан студенттик жашоо башталып жатыптыр да. Айдоочулук тууралуу сөз кылалы. Алгачкы ирет рулга отурган учурду эстебейлиби?

– Алгач рулга 19 жашымда отургам. Маңдай терим менен тапкан акчама Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаа сатып алгам. Ага чейин эч качан унаа айдап көргөн эмесмин. Эмнегедир бирөөнүн унаасын айдагандан корко берчүмүн. Ошондуктан өзүм унаа алганча эч кимдин машинасын айдаган жокмун.

– Ага чейин унаа айдабасаңыз, анан айдоочулук күбөлүктү качан алдыңыз?

– Алгач машина алып, анан күбөлүк алдым да. Сатып алып жаткан машинанын ээси Тунгучта жашайт экен. Ага айдоочулук күбөлүгүм жок деп деле айткан жокмун. Акчасын берип, нотариустан күбөлөндүрүп өзүмө өткөрдүм. Чыкканда ал байке “бул жол менен түптүз айдап кете берсең Алматы көчөсүнө чыгасың” деп мага жол көрсөтүп койду. Эмне кыларымды билбей эле машинага отурдум да, алдымда бара жаткан унааларды ээрчип кете бердим. Эптеп айдап үйгө жеттим да, токтотуп койдум. Анан айдоочулук күбөлүк алдым.

– Жол эрежесин канчалык деңгээлде билесиз? Кандай айдоочусуз?

– Башында чындап жакшы билчү эмесмин. Жөн эле алдымдагы машиналарды ээрчип айдай берчүмүн, азыр жакшы эле билем, Кудайга шүгүр, тажрыйбам жетиштүү десем болот. Жол эрежесин бузбай айдайм. Азыркы тапта унаамда эч кандай айып пул жок.

– Ошондо “Коопсуз шаардын” видеокамераларына түшүп калган учур боло элекпи?

– Жок, видеокөзөмөлгө такыр түшө элекмин. Айып пулду төлөө жолдорун дагы билбейм. Өткөндө Ысык-Көлдөн текшерүү болуп, унааларды тосуп жатыптыр, МАИ кызматкери текшерип “эч кандай айып пул жок экен. Жакшы айдоочу экенсиң” деп узатты.

– Жол эрежесин бузбайт экенсиз, негизи МАИ кызматкерине акча берген учурлар болгонбу?

– Башында документим жайында, жол эрежесин бузбасам деле МАИ кызматкерлери тосуп калса түшүп эле 500 сом суна берчүмүн. Менде бала кезден эле МАИ кызматкери тоссо, түшүп акча берип коюш керек деген түшүнүк калыптанып калыптыр. Бир жолу МАИ кызматкерине түшүп эле 500 сом сунсам “эй, сен эмнеге берип жатасың?” деди. Мен “байке, алып коё бериңизчи” дедим. Ал “документтериң барбы?” деди, алып чыгып көрсөттүм. “Бул жөн эле түнкү текшерүү, баары жайында экен, акча бербе” деп кетирди. Ошондон кийин акча бере бербеш керек экенин түшүнгөм.

– Унааны бат-бат алмаштырасызбы же бирди сүйүп айдагандардансызбы?

– Унааны алмаштырып айдап көргүң келген бир учур болот экен. Унаамды сатып, үстүнө бир аз акча кошуп башкасын ала берип, канчанчы унаамды айдап жүргөнүмдү эсептен өзүм деле жаңылып калдым. Болжолдуу эсептегенде азыр он бешинчи унаамды айдап жүрөт окшойм. Азыркы айдап жүргөн Mercedes-Benz S-Klasse үлгүсүндөгү унаамды быйыл февраль айында досум белек кылды. Негизи алмаштыра бербей унааны карап, сырын билип айдаган жакшы экен. Мурун жаш кезде алмаштырган кызык болчу да, азыр андай эмес.

– Түсүнө маани бересизби?

– Негизи жок жаман. Мен антип түс тандабайм, бардык эле түстөгү унааны жакшынакай кылып айдай берсе болот. Унаанын негизги кызматы сени эки жакка ташуу да. Унааң бар, бара турган жериңе жетип жатасың, анан мындай түстөгүнү айдамакмын деп майдаланыштын кереги жок го дейм.

– Досторуңуз унааңызды сураса берип турасызбы? Жубайыңызга айдатасызбы?

– Эркек кишинин жашоосунда достук чоң роль ойнойт. Кээде жөө калган учурлар болот. Мен деле машинам жок жылдап жүрүп калгам. А машинага көнүп алган киши кандай кыйналарын билем. Ал кезде мен дагы досторумдун унаасын сурап айдап калгам. Мен деле жакшы айдаганына берип турам. Жубайым болсо “сен башка жакта болуп калганда убара кылбай өзүм айдай берем” деп эми айдоочулук күбөлүк алганы жатат.

– Ылдамдыкты жакшы көрөсүзбү?

– Мурун ылдамдыкты сүйүүчүлөрдүн катарында элем. Анан жол кырсыгына кабылдым, азыр ылдамдыкты 80ден ашырсам, бутум титиреп баштайт. Эң ылдам айдаганым саатына 60 чакырым эле болуп калган.

– Ал кырсыкта күнөөлүү сиз болгонсузбу?

– Экинчи тараптын дагы күнөөсү болгон. Ошон үчүн ишибиз Жогорку Сотко чейин барып бүттү. Өзүм калыстыкты сүйгөн адаммын, эгер күнөө жалгыз менден кетсе соттошмок эмесмин.

– Жолуңузда ар дайым жашыл күйүп турсун! Маегиңизге рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан