Нурсултан Медеткулов: «ДҮЙНӨЛҮК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ АВИАКОМПАНИЯ АЧУУНУ КЫЯЛДАНАМ»

Мекендешибиз Нурсултан учурда АКШда билим алып, учкуч адистигин өздөштүрүп жатат. Жаш болсо да 2 компания түптөөгө жетишкен. Аны менен ийгилик сыры тууралуу пикир алыштык.

Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы

Туулган жылы – 1992-жыл, 6-январь

Билими – жогорку, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин логистика бөлүмүн бүтүргөн. Германиянын Майнц шаарындагы Гутенберг атындагы университетинде жалпы курста 1 жыл окуп, логистика жаатында билимин жогорулаткан, IT тармагында билим алган.

Учурда – АКШнын Орландо шаарында 2 жылдык авиациялык окуу жайда учкуч адистигине окуп жатат.

– Нурсултан, айтсаң, эмнеден улам учкуч адистигине окууну чечтиң?

– Муну түшүндүрүү үчүн баарын башынан баяндайын. Мен айылдагы мектепте 6-класска чейин, анан Талас шаарындагы Түрк лицейинде окудум. Лицейди бүткөн соң Германиянын Майнц шаарынан билим алдым. Техникалык университеттин логистика бөлүмүндө сырттан окуп жүрүп, ишкерлик менен алектене баштадым.

2012-жылы логистикалык компания ачтым. Компания ачуума бир таанышымдын «алыска оор жүктөрдү ташуучу унаам бар. Кардар таап берсең жүгүн чет өлкөгө чейин жеткирип берет элем» деген сөзү таасир этти. Интернет булактарынан карап, ага Казакстандан бир кардар таап бердим. Жүктү Орусияга жеткирттик. Анан ал кардардын тааныштары, кыргызстандыктар да «биздин жүктөрдү да жеткиргенге унаа керек» деп мага кайрыла башташты. Байкап көрсөм, бул жаатта компания ачса болчудай экен, ачтым.

– Иш кандай башталды анан?

– Ар кандай жүктөрдү буюртма аркылуу Литва, Латвия, Чехия, Эстония, Польша, Беларусь, Украина, Кытай жана башка өлкөлөргө жеткире баштадык. Бул ишке менин Түрк лицейинде окуганым, англис, орус, түрк тилдерин мыкты өздөштүргөнүм, өз алдымча немис тилин үйрөнүп алганым да мүмкүнчүлүк түзүп берди. Чет өлкөдөн биз менен туруктуу иштешүүчү компанияларды, кардарларды таап, бизнесимди кеңейттим. Өзүбүз да оор жүк ташуучу унааларды сатып алдык. Жүк жеткирүүдө чек арада, жолдордо ар кандай көйгөйлөр болот, аларды чечкенге жетишип, тажрыйба топтодук. Кыргызстандагы социалдык иш-чараларга катышып баштадык. Кыргызстан өзү транзиттик өлкө болгондугу да ишибиздин алдыга жылышына түрткү болду.

– Эмне себептен учкучтукка окуп жатканыңды айтам дедиң эле…

– АКШда авиациялык окуу жайга тапшырганымдын себеби – логистикалык компаниябызды өнүктүрүп, дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуу. Бул үчүн жүктөрдү учак менен ташуу кызматын кошуу керек. Ушул максатта АКШнын Орландо шаарында жашап, учкучтарды окутуп чыгаруучу окуу жайда билим алып жатам. Ал жактан окуу менен катар авиашоу, авиакөргөзмөлөргө катышып, учактарды кантип, каяктан алса болоруна кызыгып маалымат топтоп жатам.

Окуу тажрыйба топтоо менен коштолууда. Окуу жайдын инструкторлору бизди жанына алып 4 адамдык учактарды башкарууну үйрөтүштү. 7 айдан кийин өз алдыбызча учак башкара баштадык. Бир шаардан экинчи шаарга, 100 чакырымдай учуп барып келебиз. Жерден 2 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлөбүз. Аптасына 3-4 ирет учабыз. Окууну бүткөндө лицензия берет, дүйнөнүн каалаган авиакомпаниясында ишке орношсок болот.

– Түшүнүктүү. Учакты өз алдынча башкаруудагы сезимдер кандай экен?

– Алгач учакка өз алдымча отурганымда балалык кыялымдын ишке ашканына сүйүнүп, толкундандым. Анткени кыялым – учкуч болуу эле. Учуу кезинде диспетчер менен тыгыз байланыштабыз. Башында анын сөздөрү башкача угулуп, толук түшүнө албай, окуу жайдын жетекчилигине арыздангам. Көрсө, андай көрсөтмөлөр дайыма эле берилет экен, бара-бара аларды толук түшүнүп калат экенсиң.

Учакты башкарууда жаралчу ар кандай терс кырдаалдан чыгып кетүү ыкмаларын үйрөнөбүз. Кыймылдаткычты өчүрүп, учакты өзүнүн күүсү менен канча бир аралыкка жеткирүү, кондуруу керектигине чейин үйрөтүп жатышат.

– IT тармагында да компанияң бар экен...

– Туура. Биздин компания анимация багытында мультфильмдерди тартат. Командада 20дай адис иштейт. Арасында аниматор, сүрөтчү, сценарист, үн режиссёру, музыкант бар. Аларга багыт беребиз, сценарист YouTube’дан популярдуу тематикаларды иргеп, алар боюнча сценарий жазып берет. Биз тарткан анимациялар түрк, немис, англис, малай, испан, орус тилинде чыгат. Биз менен иштешкен дүйнөнүн ар бурчундагы IT компанияларга тексти жөнөтөбүз, алар бизге өз тилдеринде үн коштоп беришет. Антип үн коштоо иштери Испания, Африка, Малайзия жана башка өлкөлөрдө жасалат.

– Сени АКШга барган кыргызстандык спортчуларга каржылык колдоо көрсөтүп келет дешет.

– Ооба, Кыргызстандын спорту жана спортчуларыбыз өссө, өнүксө деп бул жактан беттештерге катышкан спортчуларга демөөрчүлүк кылып да, коноктоп да калган учурларыбыз бар. Мисалы, хорсбол боюнча мелдешке катышуу үчүн биздин спортчулар Францияга барышты эле, колдоо көрсөттүк. Хорсбол – ат үстүндө топ менен ойнолуучу, эрежелери бар, ырайымсыз эмес оюн. Ушул оюн Кыргызстанда да өнүгүп, кыргыз спорту жаңы оюн менен толукталса дейм. Кыргыз жигиттери атка, ат оюндарына жакын эмеспи.

– АКШдагы билим алуунун өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетсең...

– АКШдагы окуу системи мага жакты. Коррупция жок. Ар ким билимди өзү, келечеги үчүн алат. Чет өлкөдөн окугусу келген жаштарга айтарым – өзүңөргө ишенгиле, англис жана башка чет тилдерин үйрөнгүлө. Жашоо көп мүмкүнчүлүктөрдү берет, аракет кылып, ийгиликке жетүүгө тырышуу зарыл. IT десе бир гана программалоону түшүнбөш керек, бул жаатта көп кесиптин ээси болууга болот. Кыргызстанда жашап, чет элдик компанияларда аралыктан иштеп, айына 5 миң долларга чейин айлык алгандар бар.

– Үй-бүлөң тууралуу айтып берсең.

– 2 уул, 1 кызым бар. Келинчегим жогорку билимдүү. Үй-бүлөм мени менен чогуу АКШда турат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Гулнура
2022-09-30 21:56:00
Ийгилик каалайм.
0
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан