Сиз эмне максат менен, кантип, кандайча ушул шаарга келип калдыңыз эле? Кайра Кыргызстанга кетип калсамбы деп артыңызга кылчактаган күндөрүңүз болду беле? Бүгүн менде кайра Кыргызстанга кетип калсамбы деген ой пайда болду. Бирок, кантип кетип калам? Эмне деп барам? «Кокуй, мен Москвага кетпесем болбойт. Жакшы көргөн бир эжем Москвада кыргыз тилдүү гезит ачыптыр. Ошол гезитте жооптуу редактор болуп иштеп бер» деп чакырып атат. Жооптуу редактор! – деп кайра-кайра баса белгилеп, «айлыгы да жакшы» – деп карандай калпты айтып келгем да.
Эми эмне деп барам? Ушуларды ойлонуп отуруп сизгекат жазайын дедим. Жанымдагылар биринен бири талашып, базардын сууктугун, сооданын жоктугун, бүгүн да сокур тыйыны жок отурганын, жакында ижара акы төлөш керек экенин, мындай болчу болсо куурашарын айтып, аңгеме-дүкөн куруп отурат. Булар күндүз базарда бири-бирине атаандаш, кечкисин ушундай сырдаш-курдаш... Биринин сөзүн бири угуп жатабы, билбейм, бирок мен жалгыз баарын угуп отурам. Баалар гана айтылып, баалуулуктар айтылбаган кандай жерге түшүп калдым? Мен китептерден окуп, кинолордон көргөн, көрсөм деп көксөгөн Москва кайсы жакта?
– Катың аябай узун экен. Акыркы жылдары узун кат алуу кызыктай көрүнүп калбадыбы... Ошого таң калып окуп, таң калып кабыл алдым. Мен дагы деле илгеркидей айта турган сөзүңдүн башы бар, аягы бар узун каттарды жакшы көрөм. Азыркыдай абал сурашуу же маек эмес, кат. Ошондой каттардын бир балакети бар. Атайын сага жазылганына алданасың, өзүң атап бирөөгө жазып атканыңа алданасың. Маектешкен башка нерсе, узу-ун, уз-ун кат жазган башка нерсе да. Кат менен кошо адамга ишенимиңди жибересиң, ишенимиңди бирөөнүн колуна карматасың. Мындай каттар аярлыкты талап кылат, аяр мамилени талап кылат, өзүңө да, кат жазган адамыңа да ишенимди талап кылат. Ошонусу менен жагымдуу, ошонусу менен коркунучтуу. Болбосо күндө эле сүйлөшүп жатпайбызбы, бирок ошолордун баары кат эмес да. Суроо-жооп эле... Анын жарымы чын жүрөктөн төгүлгөн маек экенинен шегим бар. Ошого катыңды көрүп, таң калдым.
Кандай жооп жазышымды билбей кызыктай болдум, жооп жазыш керекпи деп да ойлондум. Дароо эле сенден: «Сага не болду?» – деп сурагым келип кетти. Мен сени түшүнүп эле турам. Москвада өзүңдү талдаш кыйын. Талдатпайт. Шаштыра берет. Шашылып метрого түшөсүң, шашылып жумушка барасың, шашылып үйгө кайтасың. Ал ортолукта керебетиң көзүңдөн учат. Уктаган, уйкуң канган, чарчооң басылган күндү жашоо деп эсептесең болот. Калган учурлар кудум бирөөнүн жашоосундай эле. Өзүңдүн жашооңду же жашап бүтүп койгонуңду түшүнбөйсүң же жашай элегиңди түшүнбөйсүң...
Жаңы келгенде мен да көп эле жолу кинодон көргөн Москваны таппай кыйналгам. Ал кезде чындап эле оор болчу. Кыргыздар Москвада аз. Сүйлөшкөнгө, арызымды укканга киши жок. Үйдөгүлөр менен деле аз сүйлөшөм. Бейбаштанып Москвага баса бергеним үчүн, өзүм билемдик кылганым үчүн апам мени менен сүйлөшпөйт. Инилеримди деле мени менен сүйлөштүрбөйт. Бир-эки жолу арыздансам, апам: «Ырас болуптур! Ошону көрмөксүң! Бизден кечип кеткенсиң, эми чыдайсың!» – деп кесе айткан. Ошондон кийин арыздана албай калгам. Ал аз келгенсип, уюлдук байланыш кымбат, үйдө апамда эле телефон бар. Менин деле сүйлөшкөнү убактым болбойт, кээде акчам болбойт, кээде чарчап, күчүм жетпей калат. Кээде ушул үч себеп үстүмдөн бир басып түшөт.
Өзүм үйгө чалбайм деле. Күтүп тажаганда атам өзү чалат.
Атам мени аяп, бирок аяганын мага билгизбегенге аракет кылат. Мен андан кыйналып жатканымды жашырам. Бири-бирибизди алдап, жасалма сүйлөшөбүз. Бир жолу ошондой маектердин биринде атам менден Москванын жашоосун сурап калды. Чарчап, ал аз келгенсип, апам мени сурабаганына таарынып, ыза болуп тургам. Ошондон болуш керек: «Ата, Москвада жашоо москвичтерге, анан туристтерге эле кызыктуу, бизге оор» – деп салдым. Деп алып эле тилимди тиштеп, өкүндүм. Атам азыр дагы адатынча: «Кыйналсаң үйгө келе бер, кызым», – дейт, анан ары жактан: «Аныңды үйгө ким киргизет экен, келбесин! Жоголсун, ошондон ары!» – деп апам кыйкырат, ушуну менен сөзүбүз бүтөт деп даярданып калдым.
Андай болгон жок. Атам ошондо такыр мен күткөндөн башка сөздү айтты. Акырын гана: «Кызым, сени ким кой деп жатат? Сен да туристтерге окшоп жаша да. Кыдыр Москваны!» деди. «Акчам жок, ата. Мен кыйналдым. Тапканым өзүмдөн ашпай жатат. Жүдөдүм!» – деп эле өңгүрөп ыйлап жибергим келди. Бирок, Москвага келген күндөн тартып эле ыйлоо, арыздануу укугунан ажырап калганымды билчүмүн. «Макул, ата», – деп кутулдум. Атамдын ошондо эмне дегенин кийин, оо, кийин түшүндүм. Жашоом өзгөрүлүп, оңолуп, мен өзүмдөн башка эч кимге көз каранды болбой калгандан кийин, Москваны жөө кыдырганды адат кылгандан кийин түшүндүм. Азыр деле Москванын эски көчөлөрүн кыдырганда, акын-жазуучулары, атактуулары баскан көчөлөрдү, алар жашаган үйлөрдү, театрларды, түнкү Москваны көргөндө атамдын сөзү туура экенине ынана берем. «Качандыр бир, жашоо жакшырганда, өлкөм оңолгондо бул шаардан кетем» деген ой башымда бар үчүнбү же ушунча жыл жашап дагы эле Москвага өз болуп кетпеген үчүнбү, айтор мен дагы деле турист бойдонмун. Мага ушул «кетерман» сезим жагат... «Эртең менин жашоомдо ушунун баары жок болот» деген сезим, дүйнөнү кайра башынан таанычудай болгон сезим... Сен айткан бааларга байланбай жашайсың. «Акча, кийим, алтын, машина, үй, эр» деген, анан «баланча мындай үй салыптыр, түкүнчө тигиндей көйнөк кийиптир, тиги мындай алтын алыптыр, тигилер мындай маркадагы машине алыптыр» деген жашоодон алысыраак болосуң. Балким, ал жашоо деле жакшыдыр... Аял болгондун, жакшы жашагың келгендин эмнеси жаман? Бирок, антип жашаш үчүн көп нерседен кечиш керек, тынымсыз иштеш керек. Алтынга да, шубага да, түрдүү көйнөккө да, майрамдаганга да акча керек. Ошонун баары чыныгы Москванын жүзүн жаап салат. Москвага кошуп, сенин өзүңдүн жүзүңдү жаап кетет. Жууп кетет. Көйнөктөн-көйнөккө, алтындан-алтынга, майрамдан-майрамга чейин эле жашап каласың. Анын ортосундагы өмүр өзүнөн-өзү жоголот. Мен ошондон көбүрөөк корктум. «Турист» боло калганым да ошондон. Сага деле айтарым ошол, «турист» бол...
– Бирөө Фейсбукка «Кыргызыма Манас төрөп берем» деген ыр илди. Начар ыр экен, жакшы болсо, Манас төрөй аларына ишенмекмин. Ишендире алган жок....
Бирок ошол начар ырды элдин баары колдоп атат. Ырдын алдында: «Тилегиңе жет! Сен Манас төрөйсүң! Бар бол!» – деген комментарийлер жайнайт. Мен дагы барып: «Ар экинчи аял Манас төрөй берсе, төрөй алса, биз ушинтип жашайт белек? Кан Манас төрөш не оюнчукпу?!» – деп жазып койгум келди аябай. Анте албадым... Мен ошол аялдын ырын окуп эле тим болбой, бүгүн кечке анын чыгармачылыгын, ага кошуп кичинекей чыгармачыл чөйрөнү бүт изилдедим. Же китеп окубай, же алгылыктуу жумуш жасабай, аларды тиктеп отуруп, Фейсбуктун курмандыгы болгону калдым.
– Билем, булар аябай көп. Анан көпчүлүгүнүн ыры ушундай. Кечээ эле Суусар деген акын, «Оо, мени көпөлөгүм дебегин, ийиниңе кондурба» деген сыяктуу ыр жазыптыр. Суусардай көпөлөк болсо, желкең сынып, омурткаң омурулуп өлөсүң го.
– И-и-и!
– Чын да, 90 килолук көпөлөк көрдүң беле? Ырды
деле күзгүгө карап жазыш керек да.
– Өлдү окшойт баары?
– Айтпа. Кээлери эки-үч жолудан өлүп жиберди.
– Салкын эже эмне, ыр чыгарган машине сатып алдыбы? Ал да жаман көп жазыптыр. Ошол машинкасын сурап турбайлыбы. Бир-эки күнгө берип турса, биз деле ыр жазып алат элек...
– Окудум. Жакшы келатып аксап кетиптир. Ыр жазбай калам деген коркунучтан болуш керек. Негизи жаман жазгандарга капа болбой койсок деле болот. Жакшылар ушинтип курутуп жаткандан кийин....
– Ошо да. Эже, Зайнап кандай?
– Кудай билет. 2-3 күндөн бери кабар ала элекмин. Бошой албадым.
– Сатуучу дегениң келген кардардын ичи-коюнуна кирип, мактап, алдап, ишендирип, жагалданып, жаркылдап туруш керек экен. Ошондо гана каршыңдагы адам колун чөнтөгүнө салып, акча сууруп чыгып, то-варыңды алып кетет тура. Мен базарга барганда издеген буюмумду таап, жакса, алып, жакпаса, басып кетчүмүн. Элдин баарын өзүмдөй көрөм. Бирок, бул жерде контейнерге баш баккан адамдын басып кетишине шарт түзбөшүм керек экен. Тагыраагы сатпайсың, таңуулайсың. Менден андай жалаңдаган, жасакерленген сатуучу чыкпады. Солдоюп эле соодага эби-сыным жок. Тээ башында эжем мага: «Сени бул жерге баш-көз болсун деп алып келдим» – деди эле. Менден баш-көз да чыкпады. Тескерисинче, мага базардагынын баары баш-көз чыкты. Араба түрткөнү, чай сатканы, сатуучусу, башкасы – баары келип, соода кылганды үйрөтүп, акыл айта берип мени шүмүрөйтүп, шүмшүйтүп коюшту.
Эң соңунда иш берген эжем, иш жакшы жүрүшпөй жатканын, бир контейнер үчүн эки сатуучу көптүк кыларын айтты. Жанымда иштеген 17 жаштагы кызча боло албадым. Москвага келип, эң алгач көргөнүм, ушул 17 жаштагы Мээрим болду. Укканым – анын мектепте окубаган, атасыз өскөн бактысыз балалыгы. Өгөй атанын кордугуна чыдабай Москвага качып келгени. Өзүмдүн 17 жашымды эстедим... Анан Мээримди карап, угуп отуруп, «ушул кыз кантип эле 17 жашта болсун?» деп таң калдым. Ойлонсо ою, сүйлөсө сөзү, кыялданса кыялы, күлсө күлкүсү, деги эле эч нерсеси 17 жашка окшобойт. Алда канча улуу... Бизде балалык кыскарыптыр, эже... «Сиз базарда иштей албайсыз, башка жумуш караңыз» – деп мага биринчи Мээрим айтты. Анан иш берген эжем айтты. Башка жумуш издей баштадым. Күндө бир маал базарды кыдырып, «сатуучу керек» деп жарыя илинген жерлерге барып иш сурадым. Мени бутумдан башыма чейин бир сыдырып карап эле «жок» деп баш чайкашат. Бир-эки жерде иштеп көрдүм. Бирөөндө эки күн, бирөөндө бир күн, дагы биринде бир саат. Ошол бир саат иштеген жеримде жумуш таап алганыма сүйүнүп, бирок ишти эмнеден баштаарымды билбей адатымча солдоюп турсам, бир кыз келип көйнөктөрдү кармалап калды. Ага жардамчы боло алган жокмун, бир сыйра айланып карап эле чыгып кетти. Башымды көтөрсөм, жанатан бери тушубузда бизди кожоюн карап турган экен. Анын ошол көз карашынан эле иштен куулганымы түшүнүп калдым.
(Уландысы кийинки санда)