ЖҮЗҮМ – ӨМҮРДҮ УЗАРТУУЧУ ЖЕМИШ

Учурда жүзүм толук бышкан убак. Ошол үчүн бул универсалдуу жемиштин пайдасы анан бир аз зыяны тууралуу кеп кылалы деп турабыз. Жүзүмдөн мейиз, вино, желе жасалат. Курамында абдан көп пайдалуу витаминдер бар жүзүм тууралуу билип алыңыз.

ТАРЫХЫ

Байыркы мекени деп Грузия, Азербайжан, Армения, Орто Азия өлкөлөрү, Иран, Ооганстан эсептелет. Кийин дүйнө жүзүнө тарап, учурда көптөгөн сорттору бар. Жүзүмдөн жасалган винону байыркы доордо гректер, римдиктердин ак сөөктөрү абдан баалашкан.

ПАЙДАСЫ

• Улуу британиялык окумуштуулар мээ үчүн жүзүм пайдалуу экенин аныкташкан. Бул үчүн алар эс тутуму начарлаган улгайган адамдардын тамак-аш рационуна жүзүм ширесин такай кошуп турушкан. Натыйжада жүзүм эс тутумду жөнгө салары белгилүү болгон.

• Организмден холестеринди чыгарууга жардам берет.

• Кандагы уулуу заттарды чыгарганга жардам берет, канда тромбдун пайда болушунун алдын алат.

• Жүзүмдүн баалуулугу – анда антиоксидант (организмди коргой турган молекула) көп өлчөмдө. Айрыкча жүзүмдүн данеги менен кабыгында көп болот. Ошондуктан жүзүмдү данеги менен жеген пайдалуу.

• Окумуштуулар жүзүмдү өмүрдү узартат делген жемиштердин катарына кошушат. Альцгеймерден жабыркагандар үчүн атайын жүзүмдөн жасалган тамактарды беришет.

КИМДЕРГЕ БОЛБОЙТ?

Пайдалуу элементтер көп болгону менен, жүзүмдү жегенге болбой турган учурлар да бар.

1) Жүзүмдүн курамында кант көп болгондуктан кант диабети менен ооругандарга сунушталбайт. Ошондой эле ич өтүп жатканда же ичегилерде маселе жаралганда, боордун циррозунан жабыркагандар жебей эле койгону туура.

2) Жүзүмдү сүт азыктары менен, майлуу тамак менен, спирт ичимдиктери менен аралаштырып жегенге болбойт. Буларды чогуу аш кылууда ашказан кыйналат.

3) Кош бойлуулуктун акыркы айларында айымдар жүзүмдү көп жегенге болбойт. Курамындагы көп өлчөмдөгү кант салмак коштуруп, түйүлдүктү чоңойтуп жибериши мүмкүн.

ЖҮЗҮМ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

– Жүзүм дарагы орточо эсеп менен 25-30 жыл жашайт. Бирок бул багуудан жана кайсы климатта өскөнүнөн көз каранды.

– 10 миңден ашык түрү бар. Учурда улам жаңы сорттору чыгууда.

– Ачык түстөгү эмес, кара жана кочкул кызыл, сыя түстөгү жүзүмдөрдө витамин көбүрөөк.

– Бир бөтөлкө вино даярдоо үчүн болжол менен жүзүмдүн 600 даана мөмөсү иштетилет.

– Дүйнө жүзүндө жүзүмдүн көп бөлүгү вино даярдоого иштетилет, төрттөн бир бөлүгү гана желет.

– Жүзүмдүн данегинен косметикалык каражаттар жасалат.

КАНТИП ТУУРА ТАНДОО ЖАНА САКТОО КЕРЕК?

• Эгерде жүзүм сабагынан өйдө көтөргөндө мөмөлөрү чачырап кетсе анда эскирип бара жатканы.

• Мөмөлөрү мөлтүрөп жана барсайып турганы жаңы үзүлгөнү болуп саналат.

• Бутакта бири-бирине мөмөлөрү жабышып турган жүзүмдү жана сабагы жашыл болуп турганын тандасаңыз жаңылбайсыз.

• Жүзүм тез бузулуп кете турган жемиш, бөлмө температурасында бат ачып кетиши мүмкүн. Ошондуктан жакшы жууп, кагазга ороп муздаткычка сактаган туура.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан