20 жыл күткөн сүйүү: БЕН АФФЛЕК ЖАНА ЖЕННИФЕР ЛОПЕС БАШ КОШУШТУ

“Сүйүү – бул керемет. Сүйүү – боорукер. Сүйүү, көрсө, чыдамкай дагы экен. Жыйырма жылга созулган чыдамкайлык. Биз бул нерсени аткардык...” Мындай сөздөрдү махабатка мас болуп турган адам гана жазат. Атактуу Голливуд жылдызы, актриса, ырчы Женнифер Лопес үлпөт тоюнда түшкөн сүрөтүнүн астына ушундай керемет саптарды жазды. Актёр Бен Аффлек менен Женниферди карап туруп “ии, сүйүү бар экен, жомок эмес окшойт” дегиң келет. 20 жылга созулган сүйүү, күтүү, акыры эки жүрөктү кайрадан бириктирген тагдыр. Алдыда Беннифер атка конгон түгөйлөрдүн махабат баянына көз жүгүртүңүз, окурман.

АЛГАЧКЫ ТААНЫШУУ

2001-жылы режиссёр Мартин Брест “Жильи” аталган комедия жанрындагы тасмасына баш каармандар катары Бен Аффлек менен Женнифер Лопести чакырган. Тасма 2003-жылы экранга чыгып, прокаттан 7 миллион доллар эле топтогон. Тартуу иштерине 54 миллиондон ашык каражат кеткен эле. Кошумча эң начар деп баалангандарга берилүүчү “Алтын малина” сыйлыгынын 6 номинациясында жеңишке жетишкен. Арасында “Эң начар актёр”, “Эң начар актриса” наамдары да бар. Тасма өзүн актабай калганы менен, Бен менен Женнифердин ортосунда сүйүү жаралган.

Женнифер сүйүктүүсүн “Jenny from the Block” ырынын клибине да тарткан. Эки атактуунун мамилесин Голливуд эле эмес, бүт дүйнө аңдыгандай эле. Ар бир кадамы камерага тартылып, ЖМКлардан аты түшпөгөн жашоо түгөйлөргө бир топ эле ыңгайсыздык жараткан. 2002-жылы көпчүлүк күткөндөй эле Бен Женнифердин колун сураган. 2003-жылы үйлөнүү үлпөт тою болмок... Бирок тойго 1 күн калганда элдин баарын “шок” кылып, Бенниферлер той болбосун айтып, көп өтпөй эки ажырым жолго түшкөнү белгилүү болгон. Буга чейин эле тартылып, бирок экрандан 2004-жылы көрсөтүлгөн Аффлек менен Лопес түгөйлөрдүн ролун ойногон “Жерсиден келген кыз” тасмасы жарыкка чыкканда “сүйүү – тасмадагы гана жомок” дегендер көп болгон.

ЭКИНЧИ МҮМКҮНЧҮЛҮК

Арадан жылдар өттү. Женнифер да, Бен да жалгыздыктан жабыркашкан жок. Бен актриса Женнифер Гарнерге үйлөнүп, 2 кыз, 1 уулдуу болгон. Ал эми Женнифер ырчы, актёр Марк Энтониге турмушка чыгып, эгиз 1 кыз, 1 уул төрөгөн. Бирок экөөнүн тең курган үй-бүлөлүк союзу бекем болгон жок. Андан кийин да бир нече сүйүү мамилелери болду да, калды.

2021-жыл. Апрель айында Лопес 4 жылдан бери чогуу жашап келе жаткан сүйүктүүсү бейсболист Алекс Родригес менен эки жолго түшкөнүн жарыялаган. Ошол эле айда Бенниферлер тууралуу имиш-имиштер чыкканы менен, ишенгендер аз эле. Бирок папарацци июль айында Бен менен Женнифердин чогуу эс алып жүргөндөгү сүрөттөрүн тартып алган. Андан кийин өздөрү деле жашырбай социалдык тармактагы баракчаларына бактылуу көз ирмемдерин жарыялай башташты.

2022-жыл, 16-июль. Бул күнү Бен менен Женнифер экөө эле жетелешип барып Лас-Вегас шаарында никеге туруп, үй-бүлө аталышкан. Көпчүлүк чакырылган той август айында өтмөк. Ал күн да келди. 20-августта эки атактуунун үйлөнүү үлпөт тоюна тууган, дос, жакындары күбө болушту. Той баш-аягы 3 күнгө созулду. Ошентип 20 жылдык убакыт, күтүү, сүйүү, тагдыр 50 жаштагы Бен менен 53 жаштагы Женниферге экинчи мүмкүнчүлүктү берди десек болот. Түбөлүгүңөр түз болуп, эми урушпай-талашпай бактылуу жашагыла дейли.

  • Расмий түрдө баш кошкондон кийин Женнифер күйөөсүнүн фамилиясын алды. Эми ал Лопес эмес, Женнифер Аффлек.
  • 2003-жылы Бен Аффлек Американын Жорджия штатынан 7 миллион долларга үй сатып алган. Актёрдун оюнда Женнифер экөө дал ушул үйдө баш кошуп, бактылуу жашамак. Бирок анын ою дээрлик 20 жылдан кийин гана ишке ашып отурат. 36 гектарлык аянттын чок ортосунда жайгашкан үй үйлөнүү үлпөткө ылайыкталып ак түстө жасалгаланган. Тойдун катышуучуларынын баары ак түстө кийинип келгенин байкаса болот.
  • Тойго чакырылгандардын арасында атактуулар болдубу десеңиз, болду. Бендин жакын достору, актёрлор Мэтт Деймон, Жорж Клуни, актрисалар Рене Зеллвегер, Жейн Фонда жана башкалар.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан