БАЛАНЫ КАЙСЫ УЧУРДА ПСИХОЛОГГО КӨРСӨТҮҮ КЕРЕК?

Бала багуу – кылдат, жоопкерчиликтүү иш. Бирок күнүмдүк жумуш, көйгөйлөр менен жүрүп балага жеткиликтүү көңүл бурбай, анын жүрүм-туруму өзгөрүп кеткенин байкабай калабыз. Кандай учурларда атайын психологдун жардамы керек экенин билип алыңыз.

1. Бала дүйнө таануу үчүн ар кандай майда-барат суроолорго чейин берип чарчатат эмеспи. Бирок анын эч нерсеге кызыгы жок, кайдыгер, маанайы суз болгону көп убакытка, алсак, апталап, айлап созулуп кетет. Бул учурда урушуп, кагып-силкпестен, бала менен түшүнүшүп сүйлөшүп көрүү кажет. Эгер натыйжа бербесе балдар психологуна кайрылуу керек. Адис баланын таарынганын же каалоо, кызыкчылыгын аныктап, ата-энеге туура багыт көрсөтө алат.

2. Кээде бала кандайдыр бир окуялардын таасиринен улам жаңы оюнчуктардан, тамактан, оюн аянтчасынан же балдар менен таанышуудан баш тартат. Коркуу сезиминен арылтуу үчүн жакындары тескерисинче басынтып, уялтып, баланын өзүнө болгон ишеничин, баалоосун түшүрүп коюшат. Мындай учурда ал эмоционалдык стресске кабылып, түнт тартып, түнкү уйкусунун бузулушуна, жаман түш көрүүсүнө чейин жеткен учурлар болот. Бул көрүнүш көп кайталанганда психологго кайрылуу кажет.

3. Бир заматта ачууланып, ата-энесине, ойноп жаткан досторуна, же жаныбарларга карата агрессивдүү мамиле жасашат. Мунун баары жашоосундагы өзгөрүүлөргө карата (ата-энесинин, жакындарынын бири-бири менен катуу урушуусу, же ажырашуусу жана башка) же өз сезимдерин башкара албай жаткандыгына байланыштуу оюн билдирип жатышы мүмкүн. Эгер бул эмоциясын башкара албай жатсаңыз, көп кайталанып жатса психологго кайрылып көрүүгө туура келет. Адис балага сезимдерин түшүнүп, аны башкара билүүгө үйрөтөт, ал эми ата-энеге мындай сезимдерин кабыл алууга, кыйынчылыкты чогуу жеңүүгө жардам берет.

4. Көп эле балдар жаңы балдар менен таанышып, ойноп, дос болуп кетүүдөн ийменишет. Эгер бул көрүнүш такай болуп, бала дайыма жалгыз ойноп, башкалардан кетенчиктей берсе бул маселени чечүүгө жардам берүүчү адиске кайрылуу туура. Мындай көрүнүш мурунку таанышуудагы терс таасирлерден качуу үчүн болушу мүмкүн.

5. Бала кээде такай бир убакта же окууда эле башы ооруп же жөтөлүп, же тамагын кечке кырып калган учурлар болот, бирок оорунун башка белгилери болбойт. Мындай кылыктары менен ички туюмундагы оюн билдире албай жаткан болот. Чын эле ооруп жатабы же бир нерсе жагып-жакпай жатканын билүү үчүн сүйлөшүп көрүү туура, эгер психологдун жардамы керек болсо кайрылуу кажет.

6. Жер которуу же бала бакчасын, мектебин алмаштыруу, жакынын жоготуу сыяктуу жагдайлар орун алса сөзсүз психологго көрсөтүп койгон жакшы. Анткени бала жаман көрүнгүсү же уруш уккусу келбей ички сезимдерин жашырып жүрө берип, түнт, коркок, бир нерсени билүүгө, окууга кызыгуусу жоголуп, өзүнө болгон ишеничин жоготуп алат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан