31 МАНЖАЛУУ КУМАРИ НАЯК

Индиянын Кадапада айылында жашаган Кумари Наяктын 31 манжасы бар: колунда 12, бутунда 19. Тубаса анатомиялык аномалия менен төрөлгөн аялга врачтар полидактилия (көп манжалуулук) диагнозун коюшкан.

Бул дарт менен жабыркагандар кичинесинде эле ашыкча манжаларын операция жолу менен алдырып салса болот. Бирок Кумари Наяктын ата-энеси жарды болгондуктан кызына операция жасата алышкан эмес. Азыр Кумари 65 жашта.

2018-жылы көп манжалуулук боюнча “Гиннесстин рекорддор китебине” Индиянын тургуну Акшат Саксен кирген. 2010-жылы төрөлгөн Акшаттын колу-бутундагы манжаларынын саны 34.

33 САНТИМЕТРЛИК КОЛГО ЭЭ КАЛИМ МОХАММЕД

2006-жылы төрөлгөн Калим менен дүйнө жүзү 2014-жылы таанышты. Индиялык баланын өзгөчөлүгү – колунун болуп көрбөгөндөй чоң көлөмгө ээ экендигинде. Калимдин апасы уулу жаңы төрөлгөндө эле колунун манжалары кадимки наристелердикинен чоң экенин байкаганын айтат. Баланын өсүшү менен манжалары да чоңоюп, Калим 8 жашка чыкканда алакандын башынан ортондун учуна чейинки аралык 33 сантиметрди түзгөн. Ал эми ар бир колунун салмагы 8 килограммдан эле. Врачтар балага так диагноз коё албай убара болуп, акыры локалдык гигантизм дегенге токтолушкан. Айылдаштары аны “жин-шайтандын баласы” дешет, курдаштары болсо сөөмөй кезеп шылдыңга алышат, мугалимдер болсо башка балдарды коркутат деп Калимди мектептен чыгарып салышкан. Жакындарынын жардамысыз Калим кийине албайт, тамактана албайт, жаза да албайт. Баласынын келечегинен санааркаган ата-энеде операция жасатууга каражат жок.

Дүйнө жүзүнө өзгөчө бала тууралуу маалымат тарагандан кийин белгилүү индиялык хирург Калимге операция жасоого макул болгон. Ал убакта ар бир колунун салмагы 13 килограммга жетип калган эле. 8 саатка созулган операцияда Калимдин оң колу кичирейтилип, манжалары мындан ары өспөшү үчүн атайын пластиналар коюлган. Нервдерди жабыркатпай, колдун сезүү, кыймылдоо мүмкүнчүлүгүн сактап калуу оор болгонун айтат врач. Калим эми көп убакытка созулган дарылануудан өтүшү керек. Оорчулук жок болсо сол колуна да операция жасалат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан