Азиз Биймырза уулу, манасчы: “КОЛУМДАН КЕЛБЕЙТ ДЕБЕЙ БАРДЫК ИШКЕ КИРИШИП КЕТЕМ”

Манас айтып улуу өнөрдү аркалап келе жаткан Азиз Биймырза уулу маек төрүбүздө. Ал өзүн бир гана манасчылыкта эмес, алпаруучулукта дагы мыкты көрсөтүп келе жатат. “Өнөрдүн кайсы талаасы болбосун, сунуш түшсө колумдан келбейт дебей ага киришип кете берем. Мага негизи элдин арасында болгон жагат”,- деген Азиз мырзанын маегине назар салыңыз, окурман.

Туулган жылы – 1996-жыл, 16-сентябрь

Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Кең-Арал айылы

Билими – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган

Учурда – манасчы, алпаруучу

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы

– Салам, Азиз, кош келипсиң. Байланышканымда чет жерде экениңди айттың эле. Иш сапар менен барып келдиңби?

– Ооба, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына карата Кыргыз өлкөсүнүн маданият күндөрү өттү. Ага улай эле байыркы түрк тилдүү мамлекеттердин курултайы болду. Аларга катышып, өнөр тартуулап келдик.

– Сени алгач манасчы катары тааныганбыз да, бул улуу өнөрдү кантип аркалап калдың эле?

– Бардык жаратман манасчылар сыяктуу эле кереметтүү түш көрүү менен баштагам. 14 жашымда эң алгачкы дааруулар башталды. Түшүмдө ак-кара кийимчен кишилерди көрөм, чочуйм. Ошол кезде жаттап манас айтып жүрчүмүн. Жан дүйнөм тынч албайт. Эмнегедир манасчыга жолуккум келди. Анан манасчы Камил Мамадалиевге жолугуп, өзүмдөгү болгон окуянын баарын айтып бердим. Ээрчитип салттуу манасчылыкка мүнөздүү болгон иш-аракеттерди үйрөттү. Күндөрдүн биринде экөөбүз Манас Ордодо түнөп калдык. Түн жарымында кырк чоронун (эстеликтер) арасына барып манас айтмакчы болдук. Айтып жатабыз, бир убакта атчандар, каптаган калың кол келди, силерге калп, мага чын. Маңдайымды карасам кадимки Айкөл Манас атабыздын эстелиги тирилгендей, аппак нурга бөлөнүп бизди көздөй түшүп келе жатты. Ошондо өңүмдө көрдүм. Негизинен бул жолго түшкөн өнөрпоздун турмушунда мындай окуялар көп эле кездешет. Байма-бай эле түш, туюм, сезимге салынган учурлар боло берет.

– Алпаруучулук сапарың кандай башталды?

– Манас айтып жүрүп эле алпаруучу, тамада болуп жеңил оокатка ыктап кетти деген сын-пикирлер айтылат. “Өз оокатың болбосо, өлдүм десең ким берет” демекчи, мен дагы өз тирилигимди кылышым керек да. Кудай ушундай талант бергенден кийин мен аны пайдаланышым керек. Манасчылык менен Манас театры ачылганга чейин эч жерден айлык алчу эмеспиз, киреше тапкан булагым алпаруучулук болчу.

Мен “Манас таануу” телеберүүсүн алып барууга кастинг аркылуу келгем. Ошол эле учурда Кыргыз радиосунда да иштеп калдым. КТРК мага чоң мектеп болду, чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди, жаңы Азизди көрсөттү. Өзүм кыргыз филологиясы факультетинде окугандыктан текст түзүүдөн, суроо узатуудан дагы эч кыйналган жокмун. Канча өнөр артынсаң, анын дагы азабы-жыргалы болот. Эфирге жаркырап чыгып коюунун аркасында түмөндөгөн түйшүк, сапырылган санаа турганына көпчүлүк маани бербеши мүмкүн. Бирок алпаруучулук менин сүйгөн кесибим болгондуктан бул иштен чарчагандан ырахат алам. Эфир алпаруучу үчүн чоң дүйнө болуп калат экен. Эфирге чыкпай калсаң өзүңдү кереги жок адамдай сезип баштайт экенсиң.

Өзүмдү ар тармактан сынап көргүм келет. Кичинемден театрга болгон кызыгуум бар эле. Ал кыялым орундалып Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында эмгектенип калдым. Бүгүнкү күндө өзүмдү тасмадан көргүм келет. Өнөрдүн кайсы талаасы болбосун сунуш түшсө колумдан келбейт дебей, ага батынып кете берем. Мага негизи элдин арасында болгон жагат. Элдин көзүндө болууну сүйөм.

– Тасма деп калдың, кандай роль жараткың келет?

– Мен иргебейм, кандай роль болбосун ойной берем. Селсаяк, аракечпи же ханбы, айтор, режиссёр мага ишенип берген ролду ойноп берүүгө даярмын. Мен искусствонун кайсы тармагы болбосун өзүмдү көргүм келет. Бир гана ырчылыкка аралаша албайм, себеби үнүм такыр жарашпай койду.

– Манас театрын жетектеп жатасың, сенде бул ишти улуу манасчылар аркаласын деген ойлор болбой койбосо керек?..

– Албетте, андай ойлор болгон. Бирок манасчы агаларыбыз “эми биз сакалыбызды сүйрөп кагаз ташып ушул жерде жүрмөк белек” деп мага ишеним артышты. Сентябрда Манас театрынын ачылганына бир жыл болот. Театрдын ачылганы – саргара жортуп, кызара бөртүп Манас деген улуу жүктү артынып келе жаткан залкар манасчыларыбыздын эмгеги. Театр мамлекеттик статуста бир бөлмөдө ачылса, бүгүнкү күндө эки кабаттуу өзүнчө шаарчада жайгашкан имаратыбыз болду. 33 штат бар эле, азыр 83кө жетти. Бул аралыкта республиканы кыдырдык, эл араладык, мааракелик айтыштарды, манасчылардын кароо-сынактарын өткөрүүгө жетиштик. Кудай буюрса, күздө Табылды Актановдун “Айкөлдүн аманаты” деген спектаклин элдин назарына сунабыз.

– Жакшы, айтышты алып барып калганыңа да токтоло кетпесек болбос...

– Айтыштын буга чейинки алпаруучусу Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенден кийин улуулар “сен алып бар, сенден чыгат” дешти. “Сиздер ишеним көрсөтсөңүздөр алпарайын” дедим. Ошентип республикалык, эл аралык айтыштарды алпарып келе жатам. Эфирдеги, тойдогу алпаруучулуктан айтыштыкы такыр бөлөк. Акын ыр менен төгүп жатса, алпаруучу кара сөз менен төгүш керек. Мен канчалык деңгээлде алпарып жатам, эл өз баасын берет.

– Иниң Арген дагы акындык өнөрдү аркалап келе жатат. Бир үйдөн мындай өнөрлүү адамдардын чыгышына эмне түрткү болду?

– Негизи бул кандан келе жаткан нерсе. Биздин ата-бабаларыбызда сөз бакан чечен, жамакчы, саяпкер, мүнүшкөр өткөн. Тегибиздеги касиет себепкер го дейм. Анан, албетте, жеке изденүүбүз, аракетибиз өсүп-өнүгүүгө арка-бел болуп келет. Иним менден эки жаш кичүү, кичинесинде эле шыгы бар болчу. Буюрса, ал дагы өнөрдүн улуу жолунда өзүн сынап келе жатат.

– Жубайыңды дагы алпаруучулук кесиптин арты менен таптың көрүнөт...

– Менин чыгармачылыгымды, ишимди, табиятымды туура түшүнгөн адамды теледе иштеп жүрүп жолуктуруп, экөөбүз турмуштун улуу сапарына аттанганбыз. Учурда эл-журттун, ата-эненин батасы менен Аруузат, Абылай атуу эки баланы тарбиялап-өстүрүп жатабыз. Жубайыма ыраазымын, качан болбосун кабагы жайнап, казаны кайнап турат. Ким болбосун үйгө ээрчитип барууга даярмын. Кесиби боюнча журналист, балдар торолсо кайрадан кесиби боюнча иштейт.

– Маегиңе рахмат. Ийгиликтериң көп болсун!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан