БИР БҮРКҮМ. ОШКО 50 АВТОБУС АЛЫНАТ...

  • Министрлер кабинети Кара-Балта спирт заводун модернизациялоо тапшырмасын берди.
  • ӨКМ: Кыргызстанда жер көчкү жүрүү коркунучу жогору 44 тилке бар.
  • 31-август – Эгемендик күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту 10 миңдей милиция кызматкери көзөмөлдөйт.
  • “Үмүт жана Ко” компаниясынын жетекчиси Журат Абдуллаев 2 айга камакка алынганы кабарланды.
  • Төлөбек Абдырахманов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды.
  • Ош шаарына Өзбекстандан 50 автобус сатып алынат, келишимге 22-август кол коюлганы кабарланды.
  • Бишкекте талапка жооп бербеген 10 кабаттуу турак жай пайдаланууга берилип кеткен, бул боюнча кылмыш иши козголду.
  • 21-22-августта Ысык-Көлдө рейд жүрүп, көл астына мыйзамсыз жайылган 82 тор чыгарылды.
  • Канатбек Азиз Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды.
  • Облустук телерадиокомпаниялар УТРКнын карамагына өткөрүлдү.
  • Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда август айынын 3 аптасында дизель майынын баасы 5,2 сомго кымбаттады.
  • Өлкөдө мектеп окуучулары 31-октябрдан 6-ноябрга чейин күзгү каникулга чыгышат.
  • Бишкекте 25-августта бир топ адам митингге чыгып, Алымкадыр Бейшеналиевди кайрадан министр кылып дайындоону талап кылышты.
  • Бишкекте мектеп директорлорун тандоо сынагы 30-августта өтөрү айтылды.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги 168 миллион сомго “Тез жардам” унаасын сатып алууга тендер жарыялады.
  • Жалал-Абад облусунда атайын рейдде 23 тоннадан ашык кара куурай жок кылынганы маалымдалды.
  • Расмий маалымат боюнча учурда Орусияда 1 миллион 55 миң Кыргыз жараны иштейт.
  • Бишкек-Ош жолунун Кара-Көл аймагындагы тилкесинде жол кырсыгы катталып, 16 жаштагы 3 бала каза тапты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан