“КУМТӨРДӨ” МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АНЫКТАЛЫП, БАШЧЫСЫ ИШТЕН АЛЫНДЫ

"Кумтөрдүн” жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк кызматтан алынды. Буга компаниядагы каржылык мыйзам бузуулар себеп болгонун 23-августта Министрлер кабинети билдирди. Эсептөө палатасы “Кумтөр” компаниясында текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында “Кумтөр” күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш азыктары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатып алынгандыгы аныкталды деп кабарланды. Мыйзам бузууларга байланыштуу ишкананын каржылык директору Рыспек Токтогулов да кызматтан четтетилди.

– Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде УКМК, ИИМ жана Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады. Бул текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка так маалымат берилет. Бүгүнкү күндө Кумтөрдө алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылат. Быйыл 17,5 тонна алтын казып алынат,- деп айтылат маалыматта.

Теңгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылды. Бул холдинг кен казуу тармагын башкаруудагы интеграцияланган түзүм катары 2021-жылы түзүлгөн.

“Кумтөр” ишканасынын жетекчиси болуп Алмаз Барыктабасов, башкаруусунун төрагасы болуп Болот Идирисов дайындалганы маалымдалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан