ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТЕРГЕ БЕРИЛЧҮ ЖЕҢИЛДИКТЕРДИ АЗАЙТУУ СУНУШТАЛДЫ

Кыргызстанда экс-президенттерге берилген жеңилдиктерди азайтуу боюнча мыйзам долбоору даярдалып, 23-августта коомдук талкууга илинди. Демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев көтөрүп чыкты.

Сунушталган мыйзам долбоорунда “жаңы шайланган президент кызматына киришкенден кийинки 1 айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденцияда жайгашкан кыймылсыз мүлктөрдү пайдаланууну токтотот, президент катары ыйгарым укуктарын токтоткон күнү өзүнө жана жубайына, жашы жете элек балдарына акысыз берилген медициналык тейлөө алып салынат, мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылат” деп жазылды. Ошондой эле “мамлекетке караштуу телефон, интернет жана байланыштын башка түрлөрүн акысыз колдонууну токтотсун” деген да норма киргизилүүдө. Экс-президентти өмүр бою мамлекеттик кайтарууга алууну да жокко чыгаруу сунушталып жатат.

Эскерте кетсек, колдонуудагы мыйзамга ылайык, Кыргызстанда экс-президенттер өмүр бою мамлекеттик күзөт менен камсыздалат, мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалана алат, аэропорттордун, темир жол вокзалдарынын делегациялар үчүн залдарын бекер пайдаланууга укуктуу. Мындан башка да бир топ жеңилдиктер каралган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан