– Коомчулукта “эмне үчүн ушул чекисттерге эле үй бере берет? Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр айтылып жүрөт. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип жатабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып коюшуңуздар керек,- деди Жапаров.
Мамлекет мугалимдерди жана дарыгерлерди жеңилдетилген турак жай менен камсыздоого көңүл бурарын, жакшыртылган ипотекалык программа 1 жылдан бери иштеп жатканын белгилеп өттү.
Айта кетсек, 24-августта УКМК кызматкерлерине 306 батир тапшырылды. Көп кабаттуу үй 1 жарым жылдын ичинде курулган. Буга мамлекеттик казынадан 522 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.