– Украина бийлигинин сунуштарына байланыштуу коопсуздук коркунучунан улам Киев шаарынын борборуна, эл көп чогулган жерлерге баруудан, ошондой эле Украинанын башка аскердик жана административдик мекемелеринин жанында болбооңуздарды суранабыз. Украинага келүүнү пландап жаткан мекендештерге сапарын убактылуу токтотуп турууга, ал эми Украина аймагындагы тургундарды кырдаал толук турукташканга чейин өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүгө чакырам,- деп билдирди элчи Идрис Кадыркулов 23-августта өзүнүн интернет баракчасы аркылуу.