(Башы өткөн сандарда)
Ички бөлмөдөгү ызы-чууну угуп соода түйүнүнүн жетекчиси баш бакты.
– Бул жакта эмне болуп жатат?- кирип келген кишини карап баары ортодон бир кадам кетенчиктеп туруп калышты. Баягы ажылдаган аял гана жаагын тыйган жок. Карлыгач акчасын уурдап алганын, акча анын сумкасынан табылганын күйүп-бышкан түр көрсөтүп айтып жатты. Орто жаштагы орус улутундагы киши баарын айланта карап чыкты да, Карлыгачты тиктеди. Карлыгач коркконунан өңү кубарып турган эле.
– Эй, сен, жүрү мени менен,- деп башын ийкеди. Келин унчукпай башын жерге салган бойдон тура берди.
– Жөнө, барбайсыңбы, шеф сени чакырып жатат,- деп кабыргага нукуп жиберди тиги аял. Карлыгач сыртка чыгып узун коридордо кожоюндун артынан ээрчип баратты. Бул учурда анын башына эмне деген гана ойлор келген жок. Бирде жумушунан куулганын, бирде милиция кишен салып алып бара жатканын баары жарданып аны карап турганын, Байыш уурулук кылдың деп жек көрүп, андан баш тартып жатканын, темир торго киргенин элестетип жиберди да, “болду, Карлыгач, токтот, эмненин баарын ойлоп жатасың?” деп башын чайкап жиберди. Жетекчи иш бөлмөсүнө кирип, эшигин ачык калтырды. Аны ээрчий Карлыгач кирди.
– Отур,- деп алдындагы үстөлгө кол жаңсады.
– Ачыгын айтчы, алдың беле акчасын?
– Жок, мен бүгүн ал бөлмөгө бир да жолу кирген жокмун. Сумкама акчаны ким салып койгонун билбейм. Ал акчаны сумкамдын ичин аңтарганда көрдүм,- деди акырын сүйлөп. Жалооруй карап турган көздөрү анын чындыкты айтып турганына далил эле.
– Түшүнүктүү,- деп башын ийкегилеп отуруп калды. Мындай чоң соода түйүндү жетектеп, көптөгөн кишилер менен иштешип жүргөн неме кыраакы болуп бүткөн. Кимдин чын, кимдин калп айтып жатканын кыймылынан, сүйлөгөн сөзүнөн, үнүнөн эле билет болчу. Тигил албууттанып жаткан аял өткөн аптада кылган иши жетекчиликтин купулуна толбогону үчүн катуу эскертүү алган. Жакшы иштеп жетекчиликтин көзүнө көрүнүп жаткан Карлыгачты ал жактырган жок. Ордун ага алдырып жибербеш үчүн бул ызы-чууну уюштура салган. Муну кожоюн дароо эле баамдаган, ошентсе да тактап алгысы келген.
– Бүгүн үйүңө бара бер. Тигилер менен мен өзүм сүйлөшөм. Сен андан көрө эртең жумушка кечикпей кел,- деп киши Карлыгачты узата карап иш бөлмөсүндө калды.
– Кудайга шүгүр,- деп Карлыгач отура калды каалганы сыртынан жабары менен.
ххх
– Өлгөн киши менен кошо эч ким өлбөйт. Тирүүлүктүн күндөрү ачкасыңбы-токсуңбу, соосуңбу-массыңбы, кандай болсо да өтө берет. Мына, аялыңдын кеткенине канча болду? Жеңемди кечээ эле жерге берип жаткандай болдук эле, бүгүн кыркына чогулуп отурабыз. Кандай жашап жатканыңды укпай жатат дейсиңби, угуп жатам. Килейген киши болдуң, сени эми сабайынбы? Арак кимге жакшы жашоо берди эле? Кайсы арыңа ичесиң, тиги балдарыңды ойлосоң боло. Арак деген азгырык, билинбей сүңгүп кете бересиң, аракка сүңгүп канчалаган гүл өмүрлөр соолуп жатат? Мен сага бул сөздөрдү жыргаганымдан айтып жаткан жокмун. Сени жакшы болсун деп жатам. Сага ыраматылык байкемден кийинки эле ата мен эмесминби.
Маратты отургузуп алып агасы бир топко насаатын айтты.
– Болду, байке, мындан ары ичпейм,- деди Марат.
– Кайталанбайт деп коюп кайталаган эркекчиликке жатпайт, балам. Токтотом дедиңби, токтотушуң керек. Шалдырабай чыйрал, бекем бол. Адам баласы, биз ар күн сайын адам болууга аракет кылып өзүбүз менен өзүбүз күрөшүшүбүз керек.
Марат түшүндүм дегенсип башын ийкегилеп отурду.
– Айылда жашай албай жатсаң шаарыңа бар, бирок балдарың менен кыйналасың го. Айылда үй-жайың да кароосуз калат.
– Айылда эле жашайм, баарыңар эле мага насаат айткыч болдуңар го. Мен деле ойлонуп жатам,- Марат жактырбагандай күңк этти.
– Жаман көрбө, сени эртерээк көзүн ачсын деп жатам. Менден башка сага ким күйөт? Биринчиден, өз жаныңа жоопкерчилик менен кара, анан уулдарыңдын жоопкерчилигин сез.
– Түшүндүм, байке, болду,- Марат эшикти тарс жаап сыртка чыгып кетти.
Бул учурда эки баласы конок бөлмөдө эч нерседен кабары жок досторкондогу момпосуйларды бөлүшүп отурушкан.
– Муну мен алам,- кичинекейи бир шоколадды талашты.
– Ала бер, тигил үйдө момпосуйлар көп. Атамдан алдырып алам,- деди улуусу.
– А мага апам велосипед алып келип берет,- деди кичүүсү.
– Апам азыр келбейт.
– Ыкы, келет,- деп кичүүсү эки колун кийиштирип мурчуйуп бурчка туруп калды. Балдар атасынан апасы тууралуу сурабаш керектигин, ал тууралуу укса атасынын ачуусу келип кетерин түшүнүп калышкан. Кээде ушинтип өз ара отуруп алып апасы тууралуу сүйлөшүп калышат.
ххх
Айсара бүгүн эртеден бери үйүн тазалоо менен алек. Маанайы көтөрүңкү, музыканын үнүн бийиктетип алган, кыңылдап анда-санда ырга кошулуп коёт.
“Тандап сүйүү таптым,
Балдай ширин бактым.
Тагдыр ушул жазган,
Бактым менин, бактым...”- деген Кенже Дүйшееванын ыры жаңырып жатты. Көңүлү менен берилип оокат жасап жатканда ал дайыма ушинтип музыка коюп алмайы бар. Бир кезде бөлмө гүлдөрүнө суу куюп жатып орхидеяга өзгөчө көңүл буруп, токтолуп калды. Калган гүлдөрүнүн баарын өзү сатып келсе, муну болсо Тимур белек кылган. Көзүнө дайыма ушул гүл бөтөнчө көрүнүп, дайыма ага өзгөчө мамиле кылат. Азыр да жалбырагын аярлап сүртүп чыкты. Айсара азыр Тимур берген ар бир белекке, анын ар бир буюмуна аяр мамиле кылат. Экөөнүн бирге жүргөндөн берки туш болгон окуялары дагы кызды ага ого бетер жакындатты. Азыр кыз Тимурга жан дили менен мамиле кылып, экөөнүн ортосунда бир гармония пайда болду. Тимур менен Айсаранын тилеги орундалып, тынчын алган мурдагыдай эч ким жок бактылуу жашап жатышат. Нурзат болсо өткөнкү окуядан кийин булардын тынчын алууну токтоткон. Ал психологго барды, учурда убактысын өзүн өнүктүрүүгө, өзүн таанууга арнап жаткан маалы. Мурдагыдай ар кимдин тынчын ала бермей адаты калып бара жатат.
ххх
Байыштын иши жакшы болбой эле. Туруктуу жумушка кире албады. Бишкектеги кафеси өз чыгымын араң жаап жатат. Кызматкерлеринин айлыгын араң чыгарып беришти. Насыялары төгүлүүчү күндөн бир апта өтүп кетти.
– Кафеден пайда түшпөйт же жакшы иш чыкпайт. Кайдан да кафе ачам деп ээленгенимди билбейм,- Байыш бүгүн да Карлыгачтын маңдайында наалып отурду.
– Эми кафенин иши жолго коюлса пайда түшөр, дароо эле баары болуп кетмек беле,- деди Карлыгач Байышка чай сунуп жатып.
– Кредитти төгүш керек болуп жатпайбы, атамдын үйүн күрөөгө койдургам, төгө албай калсам үйдү алып коёт.
– Мына, айлыгымды, анан кийинки айлыктан да аванс алып келдим,- деди Карлыгач. Күндө Байыштын наалыганы Карлыгачтын көкөйүнө тийип баратты эле, бүгүн болгон акчасын анын колуна карматты.
– Батир акысы да келе жатат, сенин акчаңдын баарын кредитке төгүп салып, анан эмне кылабыз,- деди Байыш. Москвага келгенден бери Байыш Карлыгачтын тапканына жашап жатат.
– Кредитти төгүп тур, эптештирип жашап турарбыз,- өзүн күнөөлүү сезе сүйлөдү келин...
(Уландысы кийинки санда)