СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КЫРГЫЗ ЖЕРИНДЕ ЖАА АТУУ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ ӨТӨТ

Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда 20дан ашуун өлкөнүн жаачылары катышкан эл аралык мелдеш өтөт. Аталган турнир Байтик баатырдын 200 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулууда. Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Малайзия, Сингапур, Орусия, Венгрия, АКШ, Германия, Франция, Испания жана Индонезия сыяктуу мамлекеттерден 120 жаачы катышары күтүлүүдө. Алар эркектер, кыз-келиндер категорияларына бөлүнүп, жөө жана ат үстүндө жаа атуу боюнча мелдешет.

Турнир 29-августта саат 12:00дө старт алат. Финалдык оюндар 31-августта болот.

Ошондой эле 31-август күнү эл аралык ат чабыш марафону уюштурулат. Анда күлүктөр тоо аралап 31 чакырым аралыкты чуркап өтүшү шарт. Жарыш Байтик айылынан башталып Чуңкурчактан аяктайт. Кыргыз күрөшү, ордо, салбуурун сыяктуу улуттук оюндар да өткөрүлөт.

БАЛБАНДАР ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНА БАРАТ

Сербиянын Белград шаарында 10-18-сентябрь аралыгы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Ага төмөнкү балбандар барат:

Грек-рим күрөшү боюнча:

Жоламан Шаршенбеков, Тынар Шаршенбеков, Амантур Исмаилов, Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков, Бексултан Махмудов.

Эркин күрөш:

Бекболот Мырзаназар уулу, Улукбек Жолдошбеков, Алибек Осмонов, Эрназар Акматалиев, Исламбек Орозбеков, Арсалан Будажапов.

Кыз-келиндер күрөшү:

Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова.

Кошумчалай кетсек, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова өз салмак ченинде упайлары боюнча лидер болуп катышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан