Назгүл Раман кызы, 7 баланын энеси: “БАЛАМДЫН БУЛ ЖАРЫК ДҮЙНӨНҮ КӨРҮШҮН КААЛАЙМ”

Бул жолку каарманыбыз – Назгүл Раман кызы, 7 баланын энеси. Ал 8 айлык эгиз балдарынын биринин көзү оорудан улам көрбөй калганын, алдыда ага экинчи ирет операция жасоо иши турганын билдирди. “Баламдын көзү бул жарыкты көрүшү үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз, үмүтүбүз чоң, анткени биздин балабыздыкындай диагноздон айыгып кеткендер бар экен”,- дейт эне. Жашоодо кандай гана сыноолор болбойт. Эне менен маектешип жатып кайрымдуу, боорукер жарандарды наристенин тагдырына кайдыгер карабоого чакыргым келди.

“Эгиз балдарым маалына жетпей төрөлдү”

– Мен 38 жаштамын. Биз Аксы районунун Кара-Суу айылынан болобуз. Кош бойлуу болуп, курсагымдагы эгиздериме 33 апта болгондо кан басымым көтөрүлүп, Кербен шаарындагы ооруканага жатып калдым. Дарыгерлер мени бир сыйра карап, “абалың оор экен” дешип Жалал-Абад облустук ооруканасына жөнөтүштү. Ал жакта эки күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым, укол алгандан кийин толгоо башталып, эгиздерим жарык дүйнөгө келишти. Балдарымды мага беришкен жок, дароо кычкылтек вакуумуна жаткырышып, башка бөлмөдө карашты. 11 күндөн кийин бизди кайра оорукананын ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө которушту. Ошондон кийин балдарым жакшы болуп, үйгө чыктык. Жаңы төрөлгөн баланын көзү көрүп-көрбөгөнү билинбейт экен. Мен өзүмдүн ден соолугум менен алышып жатып баламдын көрүүсү начар экенин башында байкаган эмесмин.

“4 ай болгондо көзү көрбөй жатканын билдик”

– Ооруканадан чыккандан кийин балдарым жакшы эле чоңоюп жатышты. 3 айдан өткөндө күлүп, үндөшүп, бир нерселерди карай баштаганда эгиздерибиздин биринин өөрчүүсү экинчисинен артта калып жатканын байкадык. Бир балам кадимкидей сыналгы тиктейт, экинчисинде эч кандай реакция жок. Дарыгерге көрсөтүп келели деп Кочкор-Ата шаарындагы ооруканага алып бардык. Ал жерден бизге эч нерсе айтпай эле “Бишкекке алып баргыла” деп койду. Балабызды Бишкектен Айдай Русланбековна деген окулист карап, 4-даражадагы эрте төрөлгөндөрдүн ретинопатиясы деген диагноз койду. Курсакта кезинде баланын көзүнүн тамырлары карегин жаап калыптыр. Эми операция жолу менен каректеги тамырларды алыш керек дешти.

“Дарыгерлер баарын ачык эле айтышты”

– Дарыгерлерден баламдын эки көзү тең көрбөй жатканын укканда дүйнөм аңтар-теңтер болуп кетти, оюңа ар нерсе келет экен. Бирок бардык ойлорубуз бир гана нерсеге барып такалып жатты – айыктырыш керек. “Кандай жол менен, кантип айыктырабыз?” деген суроолорго жооп таба албай кыйналдык. Дарыгерлер “Санкт-Петербургга же Түркияга барып операция жасаткыла, башка жерден жыйынтык болбойт” деп эле ачык айтышты. Бишкектен кайтып келе жатып баламды боорума кысып жол бою ыйлап келдим. Жолдо балдарыма суук тийип, пневмония болуп ооруп калышты. Кайрадан ооруканага жатып калдык. Айтор, эне үчүн баласынын ооруганынан өткөн азап жок экен, андан көрө мен оорусамчы деп кээде кейип кетем. Баламдын оорусу тууралуу интернеттен маалымат издеп, баласы биздикиндей оору менен ооруган аксылык аялды таап жолуктум. Ал бизге Санкт-Петербург шаарындагы оорукана менен кантип байланышып, кантип сүйлөшүү жүргүзүүнүн жолун айтып берди. Сүйлөшүүдө Санкт-Петербургдун дарыгерлери операция акысы 300 миң рубль болот дешти.

“Эл, кошуналар, классташтар, бир туугандар жардам беришти”

– Баламды Санкт-Петербургга алып бардык, быйыл июнь айында биринчи операциясы жасалды. Өзүбүздүн акчабыз жетпей, жакындарыбызга жардам сурап кайрылдык. Айылдаштар, бир туугандар, кошуналар, классташтар акча чогултуп беришти. Негизи Кыргызстанда деле бул ооруну дарылашат экен, бирок балага эки ай болгуча алпарыш керек дешти. Эки айдан өтүп кетсе дарылай алышпайт экен. Буюрса, биринчи операциясы жакшы өттү, эми экинчи операциясына да ушундай эле каражат керек болууда. Учурда жолдошум Орусияда эмгектенип жүрөт, бирок жетиштүү каражат топтолбой жатат. Эгиз балдарымдан сырткары 5 балам бар, 4 уул, 1 кыз. Эгиздеримдин экөө тең уул. Улуу кызым 19 жашта, ал дагы иштеп биздин кем-карчыбызга жардам берет. 5 балам үчүн мамлекеттен жөлөк пул алам. Бирок ал каражат баары бир чоң үй-бүлөгө жетпейт. Арга жок, баламдын операциясы үчүн элден, кайрымдуу адамдардан жардам суроого мажбурмун. Баламдын бул жарык дүйнөнү, андагы кереметтерди көрүшүн каалайм. Эч бир эненин мендей болуп баласы үчүн жүрөгү оорубасын, баласы ооруган эненин жүрөгү эч качан тынчтыкта болбойт экен. Күнү-түнү ойлоном, кыжалат болом. Бардык балдар оорубай, ойноп-күлүп бактылуу жашасын.

Ысманбек Курбанов, атасы: “Кепилдик бербейбиз, бирок аракет кылабыз дешти”

– Биз 2021-жылдын 8-декабрь күнү эгиз уулдуу болуп, аларга Бексултан жана Нурсултан деген ысым ыйгарганбыз. Аялымдын кан басымы көтөрүлүп, шишип кеткендиктен балдарды 8 айдан ашканда эле төрөтүп алышты. Эгиздеримдин бири 1600, экинчиси 1500 грамм салмакта төрөлүп 20 күндөй ооруканада жатышты. Бексултан баламдын көзү көрбөй турганын 4 айдан кийин байкап калдык. Мындай ооруну дарылабай жүрө берсе кийин көзү таптакыр агып түшүп калышы мүмкүн экен. Биз кайсы жакта арзан операция жасайт деп сураштырсак Түркиядагы дарыгерлер 7 миң долларга жасайбыз дешти, жол акы, тамак-ашы, дарылары кошулуп жалпы 10 миң доллардай керектелет экен. Екатеринбургда да көз микрохирургиясы бар экен, ал жактан "200 миң рублга операция жасайбыз, бирок эч кандай кепилдик болбойт" дешти. Анан тааныштар аркылуу Санкт-Петербургда да баламдыкындай ооруга операция жасала турганын билдик. Ал жакта таякемдин баласы жашачу, аны менен сүйлөшүп, июнь айында учуп бардык. Айылдагы мал-жандыктын баарын саттым, айылдаштар, туугандар, достор, АКШда иштеген жердештерим акчалай жардам беришти, аларга ыраазымын. 6-июнь күнү баламдын бир көзүнө, кийинки жумасында экинчи көзүнө операция жасашты. Бул операция менен баланын оорусунун өөрчүшүн гана токтоттук дешти. Негизи бала көрүүсү үчүн 3-4 жолу операция жасалышы керек экен. Мен баламдын кийинки операциясына акча чогултайын деп июнь айында келген боюнча Орусияда иштеп калдым. Аялым баламды алып айылга кетти. Буюрса, экинчи операциясы жакында, октябрда болот. Ага биздин каражат жетпейт, элден жардам сурап кайрылууга аргасыз болуп турабыз. Санкт-Петербургдун дарыгерлери көзү толук көрүп кетерине кепилдик бербейбиз, бирок аракет кылабыз дешти. Дарыланып, толук болбосо да, бир аз көрүп калгандар бар экен. Ошондуктан үмүттү өчүрбөй, балабыздын көрүп кетүүсү үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Сбербанк: 4276640331261885

Компаньон: 9417728936776115

Мбанк: 9417608995925649

Байланышуу номери: 0771 310778 (бирдик салса да болот)

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан