Марс Ибраев, теолог: “МАНАС ДАГЫ КАНЫКЕЙГЕ МАХР БЕРГЕН”

Интернет желесине тараган видеодон улам (келин нике кыюуда күйөөсүнөн Айфон сураганы) коомчулукта махр темасы дүңгүрөй түштү. Махрга кымбат автоунаа сурагандар да чыкты. Мусулманчылыкта никелешүүнүн бир шарты деп саналган махр деген эмне? Ал кандай максатты көздөйт? Кыргыздын каада-салтында орду кандай? Макалабызда ушунун тегерегинде сөз кылдык, Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Ислам университетинин окутуучусу, теолог Марс Ибраев маалымат берет.

Махр деген эмне?


– Махр – үйлөнүп жаткан жуптардын ортосундагы диний шарт. Күйөөсү жубайына бере турган материалдык акы. Исламда махр никенин толук болушуна шарт түзөт, башкача айтканда, жолдошу махр бербеген болсо жубайына өмүр бою карыз болуп калат. Бул нике жүрбөй калат деген сөз эмес, никени бекемдөөчү шарт. Муну акча, алтын, мал менен берсе болот.

Учурда көп айымдар убагында махр сурабай калганын айтышууда, кийин талап кылууга болобу?

– Махр белгилене турган жагдай – үйлөнүү учуру. Нике күнү берүү идеалдуу. Кээде нике кыйылып жатканда убада берилип, күйөө качан берерин айтса, ошол убакта берилгени жакшы.

Калың менен махрдын айырмасы?


– Көп чаташуу болуп жатат, экөө эки башка нерсе. Калың – кыргыз салтындагы кыздын ата-энесине бере турган акы. Кааласа бериле турган нерсе, каалабаса берилбейт. Махр – кыздын керт башына берилет. Анткени турмушка чыгып жаткан кыздын башына кандай тагдыр келерин эч ким билбегендиктен алдын ала кам көрүү.

Мүлктү аял кааласа күйөөсү менен бөлүшөт, каалабаса өз алдынча колдоно алат.

Махрдын максимум жана минимум өлчөмү канчалык?


– Динде махрдын эң аз өлчөмү 10 араб дирхамы деп айтылат. Бул акчага ошол учурда эки кой келчү экен. Бүгүнкү күндө эки койдун орточо баасы 30 миң сом. Келин мындан кымбат нерсени да талап кылышы мүмкүн, ага акысы бар. Үй, машина, телефон, же чоң суммадагы акча талап кылганга укугу бар. Бирок шариятта эркек тарапка жеңилирээк жана аткара ала тургандай кылып суралган махр жакшы деп айтылат. Демек, кыз жолдошу аткара ала турган нерсени сураганы жакшыраак. 30 миң сом минимум, максимум эмне сураса да боло берет. Кыздын махр сураганы анын адебине, нысабына байланыштуу болсо, эркектин өтө аз бербей ортолукту тапканы маанилүү. Махр үчүн талаш-тартыш болуп кетпеш үчүн алдын ала сүйлөшүп алган оң.

Эркек махр бербей калса эмне болот?


– Эркек махр бериши керек экенин билбей калды, нике кыйган молдо дагы унутуп эскертпей калды дейли. Махр акысы күйөөнүн моюнунан түшүп калбайт, бериши керек. Эркек билбей, же бербей калып бул жашоодон көзү өтүп кетсе, анда махр анын мурасынан болсо да алып берилет деген жактары бар. Жубайлар ажырашып кете турган болсо да махрды төлөмөйүнчө эркектин моюнунда карыз болуп кала берет. Мындай жагдайда келин махрды кайра кайтарып бербейт. Махр – шариятта аялдардын укугун сөз менен гана эмес, материалдык жактан да коргоо дегендик.

Кыргыз каада-салтында махр деген түшүнүк качантан бери бар?


– Кыргыз эли исламды кабыл алгандан баштап эле билиши керек болгон нерсе. Кыргызда махр болгон эмес деп айта албайбыз. “Манас” эпосун карасак, Манас атабыздын Каныкей энебизге берген белектери махр катары эсептелинген. Махрды арабдардын салты катары карабаш керек. Араббы, башкабы махрдын маанисин терең түшүнбөй жашап жүргөндөр толтура. Бул шарияттагы аялдардын акысы деп түшүнүү керек. Азыр аял укугун коргоо, гендердик теңдик деп ураан чакырып жатабыз. Мына, динде аялдардын укугун коргоочу шарттардын бири ушул.

Калың берген учурда махрды бербей койсо болобу?


– Калың берип жаткан учурда же күйөө тарап кызга алтын тагынчактарды берген учурда айтуу керек. “Биз махр ниетинде берип жатабыз, кабыл аласыздарбы?” деп сураш керек. Кыз бул сунушка макул болсо, анда махр эсебинде кете берет. Негизи махрды татаалдаштырбай бир жагдайды түшүнүп алуу керек. Канча бересиң? Калың катары бересиңби? Ниет кылыш керек жана аны сөзсүз кызга айтып ыраазылыгын алуу керек. Ал “калыңды же тагынчактарды махр ниетинде кабыл алдым, башка эч нерсе кереги жок” десе, анда автоматтык түрдө күйөөнүн моюнунан карыз алынат .

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан