ДАЛЬТОНИЗМ – ТҮСТӨРДҮ АЖЫРАТА АЛБОО

Айланабыздагы бардык нерселер кандайдыр бир түскө ээ. Кызыл алма, күлгүн роза, көк асман, күрөң уй... Айрым адамдар аларды кандай болсо ошондой түстө көрө алышпайт. Тагыраагы, айрым түстөрдү көрө жана ажырата албагандар бар. Бул медицина илиминде дальтонизм деп аталат. Оору эмнеден келип чыгат, айыктыруу жолдору барбы? Бул тууралуу офтальмолог-хирург Өмүрбек Жолдошев маалымат берди.

Илдет окумуштуунун атын алып жүрөт

Дальтонизм илдетинен жабыркагандар дальтониктер деп аталат жана алар кийим, бышкан жемиш, эмерек, белек тандоо, жолдон жол чырактан өтүү, үйдү жасалгалоо сыяктуу учурларда кыйналышат. Негизи ар бир жаңы туулган наристе дальтоник болуп саналат. Ымыркай 6 айга барганда гана анын түстү ажыратуусу толугу менен калыптанат. Дальтонизм – түстөрдү көрүүнүн жана ажырата алуунун жетишсиздиги. Медицинада “түс сокурлугу” деп да айтылат. “Дальтонизм” термини англиялык физик, химик Жон Дальтондун фамилиясы менен байланыштуу. Ал 18-кылымдын аягында өзүнүн үй-бүлөсүнүн тарыхына таянып, түстөрдү ажырата албоо көйгөйү тууралуу жазып чыккан. Көрсө, 2 бир тууганы менен Дальтон өзү 26га чыккыча кээ бир түстөрдү көрүп жана айырмалай билчү эмес экен. “Адамдар мени көгүлтүр түстү күлгүн түстөн айырмалай албаганымды айтышчу. Кызгылтым сары (оранжевый), жашыл жана сары түстөр мага боз-сары түс сыяктуу сезилчү” деп эскерген Жон.

Айрым түстөрдү көрбөө жана айырмалай албоо ошентип Дальтондун фамилиясынан аталып калган.

Дартка көбүнчө эркектер кабылышат

Дальтонизм аялдарга караганда эркектерде көбүрөөк кездешет. Болжол менен илдет эркектердин 8, ал эми аялдардын 1 пайызында бар. Дүйнө жүзүндө дальтониктердин саны 300 миллиондон ашуун. Кызыл менен жашыл түстөрдү ажырата албоо илдеттин эң кеңири таралган түрү. Көк жана сары түстөрдү ажырата албоо сейрек кездешет. Илдет бар экенин кантип билсе болот? Эгерде сизде бир нерсенин түсүнүн кызыл, жашыл, көк же башка түстө экенин айырмалап айтууда кыйынчылык болсо, сиз айткан түстү башкалар башка түс деп айтышса, демек, сизде аталган илдет бар. Окуучунун түстү так ажырата албоосун ата-энеси, мугалими же теңтуштары байкашы мүмкүн. Же кайсы бир себептер менен баланын көрүүсүн текшерте келгенде аныкталышы ыктымал.

Оору жана колба сымал клеткалар

Адамдын көзүнүн торчосунда (сетчатка) жарыкты кабыл алууга жооптуу клеткалар-фоторецепторлордун 2 түрү бар: таякча жана колба сымал. Таякча сымал клеткалардын саны болжол менен 100 миллион. Аталган клеткалар жарыкты сездирет, бирок түстү кабыл алууга жооп бербейт. Колба сымал клеткалардын саны 6-7 миллиондой. Булар көрүүнүн курчтугуна жооп берип, түстөрдү ажыратууда башкы ролду ойнойт. Көздүн торчосунун борбордук бөлүгү «макула» деп аталат жана анда колба сымал клеткалардын көп бөлүгү жайгашат. Түстөрдү так ажыратууда дал ошол бөлүк башкы ролду ойнойт. Ошол бөлүктө аталган клеткалардын жетишсиздигинен дальтонизм келип чыгат.

Илдеттин келип чыгуусуна кайсы факторлор себеп болот?

Тукум куучулук. Мындан эркектер көбүрөөк жабыркашат. Аялдардын генинде Х хромосомасы экөө болот, ошондуктан бир хромосомада аномалдуу ген болсо, экинчи хромосома анын үстүнөн доминанттык кылат да, дальтонизм пайда боло бербейт. Ал эми эркектердин генинде 1 эле Х хромосома бар. Эгер ошол хромосомага дальтонизмдин гени өтө турган болсо ага доминанттуулук кыла турган экинчи Х хромосома жок, ушул себептүү илдеттин пайда болуу ыктымалдуулугу жогору.

Баш мээнин оорулары, жаракаттары. Мисалы, Паркинсон оорусунда жогоруда айтып кеткен клеткалардын иштөөсү бузулуп, түстөрдү ажырата албоо пайда болот.

Лебердин тубаса оптикалык нейропатиясы. Бул көз менен баш мээни байланыштырып турган нервдин тубаса патологиясы. Оору күчөгөндө көрүүгө жооп берүүчү нерв сезгенип, көрүү, түстөрдү ажыратуу кыйындайт.

Нерв системинин айрым инфекциялык оорулары.

Түрлөрү

Ахромазия – бул адамдын түстөрдү такыр эле көрө албашы. Айлана-чөйрөдөгү түстөрдүн баары ак-кара жана боз болуп көрүнөт. Бул түрү сейрек кездешет жана дальтонизмдин эң оор формасы.

Дихромазия – адам негизги үч: кызыл, жашыл, көк түстүн бирөөсүн такыр көрө албайт, бирок калган экөөсүн оңой эле ажырата алат. Бул дальтонизмдин орточо оор формасы.

Дихромазия ич ара майда түрлөргө бөлүнөт:

Протанопия – адам кызыл түстү көрө албайт, бирок жашыл менен көктү оңой ажырата алат.

Дейтеранопия – адам жашыл түстү көрө албайт, бирок кызыл менен көктү оңой эле ажыратат.

Тританопия – адам көк түстү көрө албайт, бирок кызыл менен жашылды ажыратып билет.

Аномалдуу трихромазия – бул түрүндө адам бардык эле түстөрдү көрө алат, бирок кайсы бир түстү толук ажырата албайт. Бул дихромазиянын жеңил формасы болуп саналат жана кадимки жашоого олуттуу терс таасири жок.

Кантип дарыласа болот?

Тилекке каршы, азыркы учурда дальтонизмди дарылап, айыктыруучу ыкмалар жок. Келечекте ген терапиясы адамзатты бул көйгөйдөн толук арылтышы мүмкүн.

Көпчүлүк дальтониктер өзүндө түстөрдү ажырата албоо патологиясы бардыгына карабастан жашоого оңой эле ыңгайлаша алышат. Бирок дизайнер, аскер адамы, химик, учкуч болсом дегендердин кыялы ишке ашпайт, анткени аталган кесипте аларды жумушка алышпайт.

Дальтониктер үчүн түстү көрүүнү жакшыртууга багытталган көз айнектер, линзалар чыгарылат. Алар аркылуу адам түстөрдү толук көрүп кете албайт, бирок аларды туура ажыратууда бир топ жеңилдиктер болот. Түстөрдү ажыратуу үчүн алардын жайгашкан ордуна карап таанууну үйрөнсө болот. Мисалы, кызыл түс жол чырактын жогору жагында, сары ортосунда, жашыл ылдыйында экенин билүү керек.

Смартфондордо түстөрдү аныктоого жардам берүүчү колдонмолор иштелип чыккан. Айта кетчү нерсе, дальтонизм адамдын толук кандуу жашап, бактылуу өмүр сүрүшүнө тоскоол боло албайт. Бул илдетке чалдыгып, бирок аты дүйнө жүзүнө таанылган адамдар аз эмес. Алардын бири – америкалык миллиардер Марк Цукерберг.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1029, 26-август-1-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан