Композитор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Эгемберди Талипов жалпы 130 ырга обон жараткан. Эл оозунда ырдалып жүргөн “Сагынганда атамды”, “Насаат”, “Бүркүттөр кыш чилдеде жумурткалайт”, “Жанымда дагы бир аз олтуруңуз” жана башка ырлардын обону ушул кишиге таандык. Чыгармачыл инсан менен музыка дүйнөсү, турмуш, мугалимдик тууралуу баарлашып кайттык.
“Гармошка өнөр дүйнөсүнө жол ачты”
– Чоң атам Кангелди уулу Ботобек убагында бий болгон экен. Комузчу, жамакчы, анан төкмөчүлүк да өнөрү болуптур. Бий болгондуктан мансабы жол бербей, эл аралап ырдабай калган. Эл мага “сен чоң атаңды тарттың” деп калышат.
Мектепте 5-класста окуп жаткан кезим эле. Велосипед тепмей айылда мода болуп кетти. Агамды үйдөгүлөр бир күнү дүкөнгө жумшашты эле, мен ага “велосипед алып келип берчи” деп жабыштым. Кечинде мектептен келсем текчеде “Тула” деген төрт бурчтук бир буюм турат, велосипедден дайын жок. Ошондо чыр салып ыйлай баштадым. Ата-энем “дүкөндө велосипед калбай калыптыр, эмкиде алып беребиз” деп мени араң тыйышты. Бир нече күндөн кийин кызыгып баягы текчедегини алып көрсөм гармошка (кыяк) экен. Аны ары-бери чойгулап ойногонду үйрөнө баштадым.
Үйүбүз абдан чоң эле, үйгө келгендер “бул мектеппи?” деп сурашчу. Бошосом эле ошол чоң үйдү жаңыртып гармошка ойнойм. Ошентип бир нече обонду ойноону үйрөнүп, аны менен ырдай да баштадым.
Айылда клуб жок, кино көргөнү коңшу айылга барчубуз. Клубга жеткиче балдар, кыздардын ортосунда гармошка ойноп, ырдап барам. Анан беде аңызга аны бекитип, кинодон чыккан соң кайра айылга чейин ырдап келем. Мугалимдер менин бул өнөрүмдү байкашып, майрамдарда мектеп сахнасында ырдатып жүрүштү. Көрсө, велосипеддин ордуна келген гармошка менин ичтеги талантымды ачып, өнөр дүйнөсүнө жол салып бериптир. Ал болбосо композитор болот белем, ким билет.
“Алгачкы обондорум студияда окуп жүргөндө жаралды”
– Бишкектеги Улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык студияда окуп жүргөнүмдө Өмүрбек Кулунбаевдин “Айтчы, секет” ырына обон жараттым. Ал кезде болочок жубайым Зуурабүбү да студияда окуйт эле. Жакшы ырдачу, таанышып, жакын мамиледе жүргөн кез. Ошол ырымды Зуурабүбү Роза Байтөриева менен ырдап чыкты. Андан көп өтпөй “Сенин көзүң” деген ырга обон чыгардым эле, ал элге жайылды. “Жаңы жыл” ырына обон чыгарсам Дарика Жалгасынова оркестрдин коштоосунда ырдап чыкты. Сөзү акын, жазуучу Таш Мияшевге таандык “Кыз ырдайт кайыкта” ыры атымды элге кеңири таанытты.
Ал ырдын обонун Ысык-Көлдүн касиетине арбалып калып жараткам. Ырды угуп Таш Мияшев ыраазы болуп “эч кимге баш кийимимди бере элек элем, сага берейин” деп кийип жүргөн калпагын берген. Ошентип обондорум биринин артынан бири жарала баштады. “Тоонун кечи”, “Нур заман”, “Насаат” жана башкалар. Ош мамлекеттик университетинде иштеп жүрүп “Үмүт” аттуу музыкалык топ түзгөм. Топ азыр деле бар. Окуу жайлар арасындагы сынактарга катышып, майрамдарда концерт коюшат.
“Жанымда дагы бир аз олтуруңуз” ырынын 1 куплети ырдалбай калды”
– Бир жолу үйдө отурсам Абдрашид Урбаев деген тааныш акын агам келип “бул менин ырларым, мүмкүн, обон чыгарарсың” деп ыр дептерин карматты. Карасам ичинде “Суранам, жанымда дагы бир аз олтуруңуз” ыры бар экен. Ошого обон чыгарып, ырчы Дилбар Дыйканбаевага ырдаттым. Ыр хит болуп кетти. Бирок ушул ырдын акыркы бир куплети эмдигиче ырдалбай келет. Ал куплетте:
Суранам, тосолучу күндү бирге,
Суранам, тосолучу түндү бирге.
Суранам, баягыдай күлүп-жайнап,
Суранам, жыттайлычы гүлдү бирге,- деген саптар бар. Дилбардан “эмнеге ырдабай койдуң?” десем, күлүп “ал куплетти ырдасам жолдошум экөөбүздүн ортобузда ызы-чуу чыгат го” деген эле.
Көп өтпөй Динара Акулова гастролдоп келип, менден ушул ырды, андан башка “Зирегим”, “Тоонун кечи”, “Суранамды” сурады. Макулдук бергем, ырдап чыгып, аларга клип да тарттырды.
“Сагынганда атамды” ырынын тарыхына кайрылсам... Бир күнү ырчы Самара Каримова келди. “Атам ооруп жатат, ылайыктуу ыр таап обон чыгарып берсеңиз жакшы болот эле” деди. Акындардын 20дай китебин барактап чыгып, Анатай Өмүркановдун “Сагынганда апамды” деген ырын жактырдым. Бирок ыр атага арналыш керек болгондуктан Анатай мырзага чалып, “ушул ырдын апамды деген жерин атамды деп өзгөртсөм болобу, обон чыгарайын дедим эле” дедим. Ал “атаны, апаны сагынуу бирдей эле, макул өзгөртө бер” деди. Ошентип обон чыгардым, Самара атасына ырдап берсе, төшөктө жаткан ал толкунданып, кайраттанып, төшөгүнөн туруп басып кетиптир. Ырды эл абдан жакшы кабыл алды, анын арты менен радио, көрсөтүүлөргө чакырылдык.
“Сөзү-обону төп келишпеген ыр элге сиңбейт”
– Мен обон чыгарардан мурун ырдын текстине абдан көңүл бурам. Обонго сөзү төп келишпесе, ыр элге сиңбейт. “Жашаймын шүгүр Кудай деп” деген ырдын тексти түрк акыны Юнус Эмреге таандык. Анын ырларын бирөө кыргызчага которуптур, окуп калып обон чыгаргам. Жакшы обон чыгарсам ырчылар келип “бул ырды мен ырдайынчы” деп талашып калышат. Ырларды аларга берип тим болбой, репетиция жасатып, аранжировкасына чейин көңүл бөлүп, анан элге ырдатып чыгарам. Ушундай мээнетимден улам да ырлар хит болуп жатат окшобойбу.
Самара Каримова 9 ырымды ырдап жүрөт. Алар “Баргым келет апама”, “Лейлегим”, “Оо Жараткан, сактай көр” жана башкалар. Айпери Кулбаева “Бир сөзүң качан айтылат”, “Жүрөк картайбайтты”, Элбарчын Калилова “Бүркүттөр кыш чилдеде жумурткалайт” деген ырымды ырдап элге жеткизди.
Дилшат Кангелдиева “Дыйкан”, Замир Арыкбаев “Зирегим”, Керим Турапов менен Кутман Султанов “Насаатты”, Гүлнур Асанова “Шашпа, шашпаны”, Надира Сарыкова “Сенин көзүң”, “Алайымды” ырдап жүрөт. Булардан башка ырчылар да башка көптөгөн ырларымды ырдап жүрүшөт, аларга чыгармачылык ийгилик каалайм.
Билимим текке кетпесин, Кыргыз музыкасына салым кошоюн деп орто жана жогорку музыкалык окуу жайлардын студенттери, окутуучулары үчүн 5 методикалык китеп жазып чыгардым.
“Жубайым мага жол бошотуп, өзү сахнага чыкпай калды”
– Өмүрлүк жарым Зуурабүбү Мендешова экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ал музыка изилдөөчү, сынчы. Экөөбүз ушул кезге чейин түшүнүшүп, сен-мен дебей жашап келебиз. Эжеңер жакшы ырдайт, болгону мен ырдап жүргөнүм үчүн менин жолумду бош коюп, өзү чоң сахнага чыкпай калды.
Уул-кыздарымдын баарынын жогорку билиминен тышкары музыкалык билими бар. Бирок турмуш шартка жараша чыгармачылыктан алыс, башка жумуштарда иштеп жүрүшөт. Таалайбек деген неберем аккордеондо ойнойт, ушул неберем жолумду жолдошу мүмкүн.
Канымжан Усупбекова