ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 5-сентябрдан 11-сентябрга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптада курортто же санаторийде медициналык кароодон өтүп дарылансаңыз болот, анткени ар кандай оорулардын алдын алууга ыңгайлуу мезгил. Жумушуңузга байланыштуу жагымдуу кабар угасыз. Сиз үчүн кызыктуу жана маянасы жогору кызматты сунушташат, баш тартпаңыз. Үйүңүздү иреттеп, эски, көптөн бери колдонулбай турган керексиз буюмдарды ыргытуу сунушталат, анткени эскиден арылмайынча жаңынын келиши күмөн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Үй-бүлөлүү букачарлар өнөктөшүнө көбүрөөк ишенүүсү керек. Ошондо сиз сүйүктүү адамыңыздын жалпы иштер менен канчалык ийгиликтүү күрөшөрүн көрөсүз. Апта ортосунда ден соолугуңузга кам көрүңүз, суук тийгизип албаңыз. Бойдоктордо романтикалык мамилелер жакшырат, арзышып жүргөндөр келечекке карай чогуу кадамдоону ишенимдүү чечишет. Дем алыш күндөрү каржылык кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Апта башында үй-бүлөлүү эгиздер жакын адамы менен таарынышып кетиши мүмкүн. Буга жол бербөө үчүн, аны менен акча жана кирешеге байланыштуу маселелерди талкуулабаганга аракет кылыңыз. Ким кандай иштеп, канча таап жатканын териштирсеңиз урушуп кетесиз. Бойдоктордо сүйүү мамилесинде туруктуулук орун алып, жашоосунда гармония өкүм сүрөт. Бейшембиден кийин жакын туугандар менен мамиледе пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Ата-энеңиздин эски көз карашы сиздин өзүңүздү көрсөтүү аракетиңизге тоскоол болуп, муундар ортосундагы ажырым пайда болушу мүмкүн. Бул убакта көптөгөн кызыктуу адамдар менен баарлашып достук мамиле баштоого мыкты шарт түзөт. Саякатта романтикалуу таанышуулар орун алышы мүмкүн. Тууган, коңшулар менен урушуп кетпегенге аракет кылыңыз. Жакын адамыңыз оорудан улам сиздин жардамыңызга муктаж болушу мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Үйдөгү чечилбеген маселелерди чечүү үчүн ыңгайлуу жума. Өзүңүз тууралуу жагымсыз маалымат угасыз. Ар кандай ушак-айыңдарга маани бербөөгө аракет кылыңыз. Үй жумуштарын жеңилдетүү үчүн тиричилик техникасын сатып алуу сунушталат. Келечекке пландарды түзбөй туруңуз, ойлогонуңуз орундалбай маанайыңыз түшүшү мүмкүн. Көптөн бери улам кийинкиге калтырып жүргөн жолугушууга убакыт таап кезикчү адам менен кезигиңиз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Апта башында дос-тааныштарга карызга акча берүү сунушталбайт. Ошондой эле сюрприз жасайм деп ал адамга жакпаган белек сатып алышыңыз мүмкүн, жакшысы өзүнөн сурап белек тандаганыңыз туура. Чыгармачыл бийкечтерде кыялындагы нерсени ишке ашырууда ийгилик коштойт. Бойдоктордо романтикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу мезгил. Апта аягында өзүңүзгө абдан дымактуу максаттарды жана милдеттерди койбошуңуз керек.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Таразалар ата-энеси жана жумуштагы жетекчиси менен талашып-тартышууга барбаганы туура. Анткени алар сизди түшүнүшпөйт, позицияңызды кабыл алышпай ого бетер маанайыңыз түшөт. Шейшемби жана шаршемби күндөрү жумушту эс алуу менен айкалыштыруу үчүн жагымдуу шарт болот. Бардык бош убактыңызды жалгыздыкта, ыңгайлуу, тынч чөйрөдө өткөрүүнү сунушташат жылдыздар. Бул ичтеги энергияны тең салмакка келтирүү үчүн зарыл.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада чаяндар ар кандай жашыруун иштерден алыс болгону жакшы. Чыгармачылык демилгелериңизди ишке ашырууда жардам берчү адамдар табылат. Көз карандысыз чечим кабыл алууга муктаждык өсөт, эми сиз мурда батына албаган нерселерди жасай аласыз. Адамдар менен болгон байланыштар, өзгөчө достук мамилелер жанданат. Ар кандай күтүлбөгөн убайга салган окуялар болушу мүмкүн, сизге сабыр жана чыдамкайлык керек болот.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Тынч жана жай кыймылдап отуруп максаттарыңызга жетесиз. Бул күндөр иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, сизди кызыктырган адамдар жөнүндө купуя маалыматтарды алууга ыңгайлуу учур. Сиз таасирдүү адамдын жардамына жана колдоосуна ишене аласыз. Апта соңунда жубайлык мамилелер начарлашы мүмкүн. Спорттук мелдештерге катышуу сунушталбайт, жаракат алып калуу коркунучу жогору.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Көптөн берки тилектериңиз орундала турган апта. Жашооңузда достордун ролу өсүп, алар сиздин позитив, энергия алчу башкы булагыңыз болуп калат. Ошондой эле бул күндөрү сиз алдын ала пландалбаган кызыктуу сапарга чыгышыңыз мүмкүн. Бизнестеги өнөктөшүңүз менен жаңжалдашып кетишиңиз ыктымал. Чыр-чатактын себеби мурда жетишилген макулдашууларды бузуу болушу ыктымал.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада коомдо кабыл алынган эрежелерди бузуп, айрым адамдардын укугун тепсебегенге аракет кылыңыз. Шейшемби жана шаршембиде жылдыздар өз позицияңызды тайманбастык менен коргоп, компромисске барбоого кеңеш беришет. Эгер кырдаал талап кылса, тобокелчиликке баруудан жана ачык-айкын суроолорду берүүдөн коркпоңуз. Ири суммада карыз алуудан оолак болуңуз.


БАЛЫК (20.02-20.03

Балыктар жакындарына сабырдуулук менен мамиле кылышы керек. Сүйүү мамилесинде өнөктөшүңүз менен өзгөчө руханий жакындыкты сезесиз. Үй-бүлөлүү түгөйлөр бири-бири менен эң талаштуу жана курч маселелерди көтөрүп талкуулай алышат. Жумушта келечектүү сунуштар түшөт, аларга алаксыбай буга чейин баштап, бирок аягына чыгара элек бизнес долбооруңузду аягына чыгарыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан