«АТАГА ТААРЫНГАНДАР КӨП АКЧА ТАБА АЛЫШПАЙБЫ?»

Ата-эненин, ата тегиңиздин сизге келе турган акчага тийгизген таасири боло турганын уктуңуз беле? Бул тууралуу кванттык психолог Ызаткан Жусупова менен маектештик. Макаланы окуган ар бир адам ата-энеси менен мамилесин оңдойт, жакшыртат деп ишенем. Кызыктуу макала сиздер үчүн.

КВАНТТЫК ПСИХОЛОГИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?

– Ата-эненин ролунан мурун кванттык психология дегенди түшүндүрүп кетүү керек. Бул – адамдардын жашоосун башкарган энергиялык талаа. Адам өз жашоосун 5 пайыз гана башкарат, калганын кванттык талаа башкарат. Бул талаада адамдын эне тарабынан 7, ата тарабынан 7 тегинин энергиясы бар.

Бирөөнүн жашоосунда, балким, байлыктан улам трагедия болгон. Ошондон улам айрымдарга “чоң акча – бул жаман нерсе” деген программа кирип калышы мүмкүн. Энергиялык талаадан ушул түшүнүктү тазаламайынча, адамга акчанын агымы келбейт. Же өмүр бою маяна менен жашаган ата-эне баласына ошол программаны киргизип койгон, андан чыга албайт. Кванттык талаада эмне болсо мээбиз ошого жараша жыйынтык чыгарып, жашообузду башкара берет.

КВАНТТЫК ТАЛААДАГЫ ПРОГРАММАНЫ КАНТИП ӨЗГӨРТҮҮ КЕРЕК?

– Иликтеп, ата-тегибизде акчага байланыштуу бир маселе болгон болсо аны табуу керек. Эгерде көздөрү өтө элек болсо барып “ата-эне же таята-таене, чоң ата-чоң эне! Мен силерге ыраазымын, силер мага эң чоң нерсени берипсиңер, бул – менин өмүрүм. Бирок чоң ийгиликтерге жетүүм керек. Суранам, мени коё берип койгула” деп алардын ыраазычылыгын алуу керек. Көзү өтүп кетсе аларды элестетип, чын дилден жогорудагы сөздөрдү айтып сурануу керек. Кайтыш болгон ата-тегиңдин деле энергиясы, маалыматтар кванттык талаада сакталып калат.

КВАНТТЫК ТАЛААГА КАНТИП КИРҮҮ КЕРЕК?

– Медитация сыяктуу ыкманын жардамы менен киргизип, ата-теги менен сүйлөштүрүп, энергиясында кандай маселе болсо ошону чечип бергенге аракет кылабыз. Бул психолог менен кардардын ортосундагы эң чоң иш. Ата-энеге болгон таарыныч, ызанын баарын айтып, коё бергенде энергия тазаланат.

КӨП АКЧА ТАБУУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

– Көмүскө туюмда “көп акча табам” деген гана ойду кармап тура бербеш керек. “Акча табам” деген ойго “үй-бүлөмдүн жакшы жашашына шарт түзөм”, “кайрымдуулук кылам”, “ден соолугума кам көрөйүн”, “миссиямды татыктуу аткарайын” деген ойлорду да айкалыштыруу керек.

БАЛДАРЫБЫЗГА КАНДАЙ ПРОГРАММА ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ КЕРЕК?

– Балага акчанын энергиясын жакшы түшүндүрүү керек. Бала бир нерсе сураса, “сага ушул эле болот, акча жетпейт” дебеш керек. “Чоң акча бизге ылайыктуу эмес, баары бир жетпейт” деген түшүнүктү балага калыптандырбоо зарыл. Ааламда акча жетиштүү экенин, аны тапса болорун, ар бир адам миллионер боло аларын аң-сезимге сиңирүү керек. Балаңыз сураган нерсени алып берүүгө акчаңыз жетпей жатса “эмки жолу алып берейин, бирок ага чейин бул нерсе сага абдан зарылбы же жокпу, ойлонуп көрчү” деш керек.

АКЧА АГЫМЫНДА АТАНЫН ЭНЕРГИЯСЫ КӨБҮРӨӨК ДЕШЕТ, ЧЫНБЫ?

– Ата-эненин экөөсүнүн тең энергиясы маанилүү. Эмнеге атанын деген суроого жооп берсек, ата сырттагы адам. Ал баланы багууга, камсыздоого, коомдогу ордуна жооп бере турган киши. Эне үйдүн ичиндеги дүйнө, ал баланын сүйүү мамилелерине, рухунун таза болушуна таасир берет. Акчаны сырттан таап келип жатканыбыз үчүн атанын энергиясы акчага байланыштуу. Жөнөкөй тил менен түшүндүрсөм: атасы менен апасы урушту дейли. Бардык балдар, адатта, энесине болушат. Кванттык талаада дагы энесинин жанында туруп алып атасына жолобой коёт. Муну менен ал атадан келе турган акча энергиясын качырып жатат. Натыйжада канча тер төкпөсүн, акча качат. Атага таарыныч болсо, аны кечирүү керек. Эненин да акча энергиясына тиешеси бар. Эгерде энеге таарыныч болсо акча келет, бирок берекеси жок болуп, кайда кеткени билинбей калат. “Акчаны көп табам, бирок жукпайт” дегендер оболу энеси менен мамилени оңдошу керек. Эненин энергиясы үйдөгү берекеге, акчанын жугумдуу болушуна жооп берет.

БАЛА АТАСЫН КЕЧИРИШИ КЕРЕК ДЕЙЛИ? КЕЧИРҮҮГӨ СЕБЕПТИ КАНТИП ТАБАТ?

– Атасы баланы балдар үйүнө таштап кетсе да аны кечирүүгө күч табуу керек. Анткени ата эң сонун белек берди, балага жашоо тартуулады. Аталар кээде ызы-чуу менен жашагандан көрө баланын жашоосунан кетип калып ага чоң жакшылык кылышат. Анда аталык кылууга энергия жок. Өзүндө жок болсо, ал баласынын энергиясын уурдай баштамак. Демек, анын баланын жашоосунан чыгып кеткени, балким, жакшы болгондур. Кечирүү, кабыл алуу үчүн миң бир себеп бар, ата-энени жек көрүү үчүн себеп жок. Ким окуп жатса, ушул сөздү көңүлгө түйүп коюусун суранат элем.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан