Алмаз Шаадаев: “БОЙДОКЧУЛУК ДООРУН ЭЧ КИМ МЕНЧЕЛИК СҮРГӨН ЖОК”

Ырчы Алмаз Шаадаев менен баарлаштык. “Бойдокчулукка тойдум. Бактыма жазылган кызды кезиктирерим менен баш кошууну сунуштайм”,- деген ырчы мырзанын маегине көз чаптырыңыз.

– Саламатсызбы? Байланышканымда “Ошто жүрөм” дедиңиз эле, ордолуу шаарда бир топ күн болдуңуз көрүнөт. Бул жолу Ош эмнеси менен эсиңизде калды?

– Саламатсыздарбы? Ошто элдин жакшылыгында кызмат кылып 10 күндөй жүрүп келдим. Ошол учурда Нурмат Садыров, Данияр Эрматовдун дагы ал жакта тойго буюртмалары бар экен. Аларга жолугуп Сулайман тоого чыгып, Ошко дагы бир жолу суктанып келдик. Барган сайын элинин кең пейили, тамак-ашынын берекелүүлүгү менен эсимде калат.

– Жакшы, тойлор деп калдыңыз, чыгармачылыгыңыз кантип жатат?

– Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу азыраак иштедим. Чыгармачылыгымда эмнегедир жанымды жай алдырып эс алгым келген учур болду.

– Чыгармачылык эргүү эс алууну талап кылбайт деп коёт го, ага кандай карайсыз?

– Адамбыз да, бул жашоодо чыгармачылыкка тоскоол боло турган нерселер дагы бар экен. Эми алар айтылбай турган себептер. Жан дүйнөм тынчтыкты каалады, жан дүйнөнүн каалоосун аткардым. Бирок чыгармачыл адам болгондон кийин бул чөйрөдөн такыр эле четтеп кете албайт экенсиң. Бул жылдын эсебинен Кызсайкал Кабылова менен дуэт ырдадым, анан “Көлдүк кыз” деген ырды жаздырдым. Карап көрсөм, репертуарымда Бек агабыздын (ред.: Борбиев) ыры жок экен. Анан ырларынын арасынан “Көлдүк кыз” деген ырын тандаган элем. Буюрса, кайрадан жакшы ырларды жаздырып иштеп баштайм. Негизи чыгармачылык мага жаман жолдордон алыс болууга дем-күч берди.

– Кызсайкал экөөңөргө бакыт каалаган билдирүүлөргө себеп болгон “Сүйүү балым” аттуу дуэтиңизге токтоло кетсеңиз.

– Бул Кызсайкал экөөбүздүн экинчи дуэтибиз болду. Студияда отуруп кокустан эле ырдайбыз деген чечимге келдик. Эдил Маматов “ушул ыр силерге ылайык, экөөңөр ырдап көрбөйсүңөрбү” деп сунуштап калды. Ооба, негизи эл ушундай кабыл алып алат го, бирөө менен ырдап калсаң, аны менен үйлөндүрүп, бакыт каалап жиберишет. “Кызсайкал менен үйлөнүп алсаң болмок” деген билдирүүлөрдү мен да окуп калам. Эми бул нерсе буйруктан го дейм. Негизи шоу-бизнестин адамы болгондон кийин элдин мындай сөздөрдү айтып, жазып турганы жаман деле эмес. Мен Кызсайкалды карындашымдай көрөм, ортобузда эл ойлогондой сезимдер жок. Экөөбүз таптакыр эки башка адамбыз, мүнөзүбүз бири-бирибизге төп келбейт. Эки жолу сүйүүнү даңазалап ырдадык, бирок жашоодо экөөбүздү чогуу көрө албайм. Ага башкача адам, мага башкача кыз керек.

– Жакшы жаңылыгым бар деп жаттыңыз эле. Убагы келгендир, кандай жаңылык экенин билсек болобу?

– Кудай буюрса, быйыл сөзсүз үйлөнөм. Ар жылы быйыл активдүү иштейм же машина алам дегендей бир нерсеге ниет кылам. Быйыл үйлөнүүнү ниет кылдым, планда бар. Жакынкы 2-3 айдын ичинде үйлөнөм деп турам. Азыр баарын талдап жаткан кезим. Өз адамың экенин сезесиң дешет го. Бактыма жазылган кызды кезиктирерим менен баш кошууну сунуштайм. Сезип турам, өз адамымды табарыма аз гана убакыт калды.

– Жашыңыз отуздан ашты, үй-бүлө күтүүгө абдан олуттуу карап жатсаңыз керек...

– 20 жашымда деле үйлөнүп алсам болмок, бирок анда чыгармачылыгым унутта калат беле деп ойлонуп калам. Азыр жашым 32де. Улам жашың өйдөлөгөн сайын чочулап, баарын талдап, кадимкидей психолог болуп калат экенсиң. Айланаңдагылар да “качан үйлөнөсүң?” деп шаштыра беришет экен. Бирок өзүм шашпай элемин. Бардык нерсе өз убагы менен дейт го, маңдайга жазылганы болот. Карьера, үй-бүлө дегенди карасак, эркек киши биринчи жумушун, анан үй-бүлөсүн түптөшү керек. Чыгармачылыгымды гүлдөтүп, өзүм сүйгөн жумушумду тургузуп алдым. Эми буюрса, үйлөнөм, үй-бүлөмдү кыйналбай багып кете алам деп ойлойм.

Бойдокчулуктун доорун менчелик эч ким сүрбөдү го дейм, кадимкидей тойдум. Жан дүйнөм үй-бүлө күтүүнү, үйдө мени жубайым тосуп алчу күндөрдү каалап жатат.

– Автордук ырларды жаратсам, музыкалык билим алсам деген ойлор барбы?

– Жок, мен өзүмдү шоу-бизнесте аткаруучу катары көрөм. Мен акын же композитор эмесмин. Аракет кылып көргөм, бирок окшошпой койгон. Бир эле кезде укмуш аткаруучу да, укмуш жаратуучу да боло албайсың, баары бир бир тарабына тартып турат. Ошондуктан жакшы аткаруучу эле болоюн дегем. Аткаруучумун деп эле туш келди ырды ырдай бербейм. Сөзү, обону төп келип, жан дүйнөмө жакканын гана тандайм. Ыр шөкөттөлүп жатканда ошол жерде отуруп ырдын ичине сүңгүп кирип, өзүмө сиңирип, анан эл алдына ырдап чыгам. Ырга канчалык мээрим төксөң, эмгек жумшасаң эл ошончолук жакшы кабыл алат. Мээнетиңдин жообун элден аласың.

Азыр өз угармандарым бар. Алар үчүн дагы мыкты ырларды жазып, ырларымдын сапатын жакшыртсам дейм. Атайын музыкалык билим алайын деген деле оюм жок. Өзүмдүн стилим, өзүмдүн жасаган атым бар. Эми миң жакшы ыр жаратсам деле Мирбек Атабеков боло албайм да. Баягы эле Алмаз Шаадаев бойдон калам.

– Кавер ырдап, интернетте ырчы менен тең жарыша көрүүлөрдү топтоп жаткандарга кандай карайсыз?

– Колунан келсе ырдай берсин. Алар деле жан дүйнөсүнө жаккан ырды элге ырдап чыккысы келишет да. Даяр ырды дал ошондой кылып ырдап коюп жүрө бербей, алар дагы издениши керек бир чети. Алардын ырчылыгынын түптөлүшүнө кавер ырдоо түрткү болот деп ойлойм. Канчалык эмгек жумшап ырдап жатканын эл өзү таразалайт. Азыр элге таанылуу өтө жеңил болуп калбадыбы. Айрымдар туура эмес сүйлөп, мас болуп алып тантырап интернетке чыгып койсо эле белгилүү болуп кетип жатпайбы. Бирок кандай статуста элге таанылганың маанилүү. Элге белгилүү болуп жаткан ар бир адамдын өз статусу бар.

– Жакшы, маегиңизге рахмат. Чыгармачылыкта, жеке жашоодо ийгиликтер болсун!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Antiradikal11
2022-09-27 04:03:00
Кыздар жактырбай, тоготпой коюп байкуш карт бойдок болуп кетиптир... Ушул убакытка чейин уйлонбой журуп, тун алыс спермасы туну ага берип, акыры уйлонойун дептир да. Турмушта жолу болбой, турмушка чыга албай карт бойдокко айланып бара жаткан кыздардын бири колдон чыгарбай кармайын дептир да. Ону суук болсо болсун, за то байлыгы, уй-жайы бар деп...
+1
Antiradikal11
2022-09-27 04:06:00
Байкуш, ырчымын дейт. Бир-эки эле ырын эл билбесе, калган ырларын эл билбейт. Компьютердин жардамы менен студияда эптеп ыр жаздырып алышат да, ошону фонограмма менен ырдамыш болуп журо беришет. Жандуу ырдатчу болсон тааныбай каласын, тамтырап уну менен адамды качырат. Кантип эле тиги ырды ушул ырдачу деп тан калат адам. Компьютердин заманы болуп, уну жоктор да эптеп ырчы сорой болуп журушот, карганыкындай уну болсо да...
+1
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан