ЭМГЕК БААЛАНДЫ, КИМ КАНДАЙ НААМ АЛЫП КУБАНДЫ?

1-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, бир топ маданият өкүлдөрүнө мамлекеттик наамдар ыйгарылды. Кинорежиссёр Болот Шамшиевге каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылса, композитор Курмангазы Азыкбаев менен Бишкектеги улуттук филармониянын жетекчиси Кыргызбай Осмонов III даражадагы “Манас” ордени, ырчы, композитор Каныкей Эралиева “Даңк” ордени менен сыйланды. Ырчылар Чырмаш Төрөбеков, Алтынай Нарбаева, Сыймык Бейшекеев, актёр Бусурман Одуракаев, режиссёр Мурат Мамбетов “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамына татышты. Ошондой эле “D Billions” Ютуб каналынын негиздөөчүсү Эрнист Уметалиев, фольклор ырчысы Кенже Көбөкова, куудул Эрнест Бөрүбаев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алды. Ал эми телеалпаруучу Алмаз Касымалиев “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, жазуучулар Сулайман Рысбаев менен Кален Сыдыкова “Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу” наамын алды.

Эмгеги бааланып, мамлекеттен наам алып кубанып турган өнөр адамдарын куттуктап, кубанычтары менен тең бөлүштүк.

Курмангазы Азыкбаев: “АТА-ТЕГИМЕ, КЫРГЫЗЫМА ЫРААЗЫМЫН...”

– Мен 10 жылдан бери Манасты, кыргыздын жаралуусун, келип чыгышын, анын бурмаланбаган эски тарыхын, санжыраларын казып, изилдеп келем. Аталган эмгектерим наам алуу үчүн эмес, кыргыздын келечек мууну, урпактарыбыз үчүн табылгыс белек болуп калуусун каалайм. III даражадагы “Манас” орденин алганымды жакындарым айтып сүйүнчүлөштү. Кубанычым чексиз. Биринчи Кудайга, ата-тегиме рахмат айттым. Мени сүйүнтүп төбөмдү көккө жеткирген кыргыз элиме рахмат. Биринчи эле устаттарыма, шакирттериме сүйүнчүлөдүм. "Манас" бул казып бүткүс кенч, кыргыздын наркы, баалуулугунун баары ушунда, андыктан баарыбыз бул илимге сугарылышыбыз керек.

Алтынай Нарбаева: “5 ЖЫЛДАН БЕРИ ДОКУМЕНТ ТАПШЫРЫП ЖҮРГӨМ”

– “Эл артисти” наамын алуу үчүн 5 жылдан бери документ даярдап, президенттик администрацияга тапшырып келгем. Жыл сайын жиберген документтерим кайра кайтарылчу. Бул жылы маданият тармагында иштеген 20 жылдык эмгегимди баалап сыйлык беришиптир, абдан кубанып турам. Наам мага дем-күч берди, шыктанып чыгармачылыгымды мындан ары өркүндөтөм деп турган чагым. Наам артисттерге эч кандай материалдык жардам болуп бербейт, бирок анын баркы, баасы бардык материалдык нерседен жогору турат. Сыйлык, наам алуу ар бир чыгармачыл адам үчүн жаңы тепкич, стимул болот.

Сыймык Бейшекеев: “АТАКЕМ, ЖАКЫНДАРЫМ БААРЫ СҮЙҮНҮП ЖАТЫШАТ”

– Мен өзүм бир айдан бери чет өлкөдө жүрүп, Бишкекке кечээ эле келгем. Келип эле атакем менен учурушканы айылга баратсам президенттик администрациядан чалып “Эл артисти” наамын алганымды айтышты. “2-сентябрь күнү сыйлык тапшыруу аземи болот, сиз каякта болосуз?” деп сурашты. Абдан толкунданып турам, атакем, жакындарым баары сүйүнүп жатышат. Мени былтыр Чыңгыз Айтматов атындагы чыгармачылык клубу аталган сыйлыкка көрсөтүшкөн, бирок албай калган элем. Айтматовдун клуб көрсөтүп жаткандан кийин берилбесе, демек, берилбейт экен да деп түңүлүп калгам. Быйыл өзүм да даярданып, чуркап документ тапшырган жокмун. Былтыркы документтерим менен эле сыйлыкка көрсөтүшүптүр.

Бул сыйлыкты канча жылдан бери жасап жүргөн эмгегимдин акыбети деп билем. Ошол эмгегимди өкмөт документ жүзүндө белгилеп жатканы, албетте, жагымдуу. Чыгармачыл адам үчүн наам чоң стимул, эми бул наамды жакшы чыгарма, концерттер менен актайбыз. Учурдан пайдаланып өнөр жолунда жүрүп наам алган бардык кесиптеш ага-эжелерди куттуктайм.

Мурат Мамбетов: “ЭМГЕГИҢДИН БААЛАНГАНЫ ЧОҢ БАКЫТ”

– Мындан он күн мурун президенттик администрациядан чалышып, “сыйлык тапшыруу аземине келип бериңиз” дешкен эле. Бирок анда жарлык чыга элек болчу, эми чыккан турбайбы. Абдан кубанып турам, эмгегиң эл тарабынан бааланганы бул чоң бакыт. Ал эми өкмөт баалап жатса бул эки эсе чоң бакыт. Кинодогу, театрдагы эмгектеримдин баары элди агартуу, тазартуу үчүн көрүлгөн аракеттер. Мындан ары да элге кызмат кылгандан жазбайм.

Кенже Көбөкова: “КӨПТӨР ЖАҢЫЛЫШ УГУП, ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТТИ АЛДЫҢ ДЕП ЖАТЫШАТ”

– Мен 18 жашымда Нарын театрында иштеп баштагам. Ушул күнгө чейин элиме өнөрүмдү тартуулап, жалаң мамлекеттик мекемелерде иштеп жүрөм. Президенттин Ардак грамотасын алганымды 5-6 күн мурун чалып айтышкан. Бирок азыр баары жаңылыш угуп, Эмгек сиңирген артистти алдың деп куттуктап жатышат. Өзүм да чын эле Эмгек сиңирген артист наамын алдымбы деп улам интернетти карап коём (күлүп). Президенттин Ардак грамотасы деле мен үчүн барктуу наам. Баары өз убагы менен болгону жакшы эмеспи, буга чейин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алгам, эми Ардак грамота алдым. Буюрса, бул наамдар Эмгек сиңирген артистине айланарына бөркүмдөй ишенем жана мындан ары күчтөнүп, талыкпай иштей берем.

Алмаз Касымалиев: “НААМ АЛУУ БУЛ ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК”

– Менин мүнөзүм ушундай, кубанычтуу кабар уксам деле токтоо кабыл алам. Ичиңден, албетте, сүйүнөсүң. Бул "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамына мени КТРКнын эмгек жамааты сунуштаган. Негизи былтыр сунушташып, комиссиядан өтпөй калдың деп айтышкан. Андан кийин Жаңы жылда сунуштадык деп да айтышкан, бирок сыйлык алган жокмун. Минтип 3 жолку аракеттен кийин алып жатам. Мамлекеттик сыйлыктын даражасы канчалык жогору болсо аны алган адамда ошончолук жоопкерчилик өсө берет. Андыктан мен да бул наамдын баркын түшүрбөй, татыктуу жүргөнгө аракет кылам. Теледеги 20 жылдык эмгегим бааланды, мындан ары да элге пайдалуу көрсөтүүлөрдү жасай беребиз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан