КАБАКЧАДАН ТАМШАНТКАН ДААМДАР

Кабакча (кабачки) башка улуттарда эң популярдуу азыктардын бири. Бизде да көп колдонулуп келет. Анын жумшак да, бир аз киртилдеп турган жагымдуу даамы бир жеген адамдын эсинде калат, кайра жегини келтирет. Ошондуктан бышып жетилип турган учурунан пайдаланып кайталангыс даамдарды жасап, кышкыга да сактап коюуну сунуштайм.

  • Ашкабактар түркүмүндөгү жашылча.
  • Ашказан, ичегиге оорчулук келтирбейт, эч кандай аллергия чакырбайт.
  • Зааранын бөлүнүп чыгышын жакшыртып, шишиктен арылтат.
  • Адамды ток кармайт да, арыктоого диеталык азык болуп берет.
  • 300 грамм азыктан С витамининин бир күндүк дозасын алууга болот.
  • Курамындагы көп өлчөмдөгү С витамини коллагендин иштелип чыгуусуна жакшы таасир этет.
  • Жашартуучу маска, косметикалык каражаттарды жасоодо кеңири колдонулат.
  • Курамындагы А витамини тиштин, чачтын бекем болушун шарттайт, чачка ак түшүүнүн алдын алууга көмөкчү.
  • Кант диабети менен ооругандарга, наристелерге да зыяны жок.

КЫТЫРАК ТАЯКЧАЛАР

Керектелүүчү азыктар:

Кабакча – 2-3 даана

Өсүмдүк майы – 4-5 аш кашык

Үбөлөнгөн нан күкүмдөрү (панировочные сухари) – 5-6 аш кашык

Сарымсак – 2 тишче

Туз, татымалдар – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жуулган кабакчаны узунунан 1 сантиметр калыңдыктагы тилимдерге, тилимдерди кайра таякчаларга бөлүп чыгабыз.

2. Өсүмдүк майына туз, каалаган татымалдарды салып, сарымсакты болсо эзгичтен өткөрүп кошобуз. Сарымсак менен кабакчанын даамы эң сонун айкалышат, ачуураак болушун кааласаңыз сарымсакты көбүрөөк кошуп алыңыз. Кабакчанын үстүнө бул аралашманы куюп, 15-20 мүнөт маринаддап коёбуз.

3. Кабакча таякчаларын упаланган нан күкүмдөрүнө оонатып, пергамент кагазы төшөлгөн электр табасына тизип, 200 градуста ысып турган электр мешине салабыз. 15-20 мүнөттө кызара бышып, кыртылдап чыга келет.

РУЛЕТ ЗАКУСКЕ

Керектелүүчү азыктар:

Кабакча – 3 даана

Тоок эти – 250 грамм

Быштактуу сыр – 200 грамм

Пияз – 1 баш

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Туз, ашкөк жана татымалдар – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин сууга бышырып, майда туурап коёбуз.

2. Кабакчанын кичигирээгин тандаган оң. Жууп, тазалап, узунунан ичке тилимдерге бөлөбүз. Бир аз туздап, тузу сиңгенче ары жылдыра турабыз да, пиязды майда туурайбыз. Ширесин чыгарган кабакчаны кагаз майлык менен кургатып алуу оң.

3. Көмөч казанга майдан аз-аздан куюп, кызыган кезде тилимдерди эки тарабынан кызартып алабыз. Эгер майлуу болбосун десеңиз майсыз эле ысыган көмөч казанда бышырып алууга болот.

4. Пиязды да бир аз май куюп кууруп алабыз.

5. Тоок этин, пиязды, быштактуу сырды бир идишке салып, каалаган ашкөктү майдалап туурап, татымалдардан кошуп аралаштырабыз. Тузду аз татытуу керек.

6. Тилимдердин баш жагына толтурмадан салып ороп, тарелкага тизип, дасторконго коюңуз.

КАБАКЧАДАН ИКРА

Керектелүүчү азыктар (1 литрлик банка үчүн):

Кабакча – 2 килограмм

Сабиз – 0,5 килограмм

Пияз – 0,5 килограмм

Томат пастасы – 3 аш кашык

Уксус (6) – 2 аш кашык

Өсүмдүк майы – 60 миллилитр

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Кабакча менен пиязды жууп-тазалап, анча майда эмес төрт чарчы бөлүктөргө бөлөбүз. Сабизди сүргүчтөн өткөрүп алабыз.

2. Эми үчөөнү өз-өзүнчө май куюлган көмөч казанга салып демдеп бышырабыз.

3. Жумшарган азыктарды блендерге салып эзип алуу керек.

4. Түбү калың казанга куюп, капкагын жаап жай отто 20 мүнөттөй кайнатабыз. Андан соң туз, мурч, томат пастасын салып дагы 20 мүнөттөй кайнатабыз да, уксусту кошобуз. Икрабыз коюуланганча кайнатып, бууланган банкага куюп, капкагын бекитебиз. Көмкөрүп, майлык менен муздаганча жаап коёбуз

ЖАШЫЛЧА АССОРТИСИ

Керектелүүчү азыктар (3 литрлик банка үчүн):

Кабакча – 1 килограмм

Черри помидору – 800 грамм

Бадыраң – 1 килограмм

Болгар калемпири – 4-5 даана

Ачуу калемпир – 2 даана

Сарымсак – 5-6 тишче

Йоддолбогон туз – 2 аш кашык

Кумшекер – 3 аш кашык

Уксус (9) – жарым стакан

Кара тоголок мурч – 1 аш кашык

Укроп сабагы – 2-3 талча

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчаларды жууп-тазалап алабыз. Бадыраңдын эки башын кесип муздак сууга 4-5 саатка салып коюу керек. Кабакча менен болгар калемпирин чоң-чоң бөлүктөргө бөлүп коёбуз.

2. Бууланган банкага алгач жуулуп кургатылган укроп сабагы менен сарымсакты салабыз. Андан кийин жашылчаларды кезек-кезеги менен тизип батышынча салабыз. Үстүнө кайнак суу куюп, капкагын жаап бир аз муздаганча күтө турабыз. Мындан соң суусун куюп алабыз. Банканын капкагын кайра жаап коюу керек. Куюп алган сууга туз, кумшекерди салып кайноого жеткизебиз. Суунун даамын татуу менен туз, кумшекерди азайтып же көбөйтүп алыңыз.

3. Кайнап чыккан сууну кайрадан банкага куюп, мурчту салып, уксусту кошуп, банканы бекитебиз. Эгер уксус 80 пайыздык болсо 1 аш кашык жетиштүү.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан