КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

«Сен Москвага жакында эле келдиңби?» – деп сурады ал жаныма басып келип. Москвага жаңы келгеним үчүн, жанагы кызга эч нерсе сата албаганым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип, «ооба» дедим. «Карындашым» деди тиги киши. Улуту башка болчу. Ким экенин деле билбейм. Тааныганга убактым деле болгон жок да. Бирок ал мени жанагы кыз эч нерсе албай кетип калгандан кийин дароо таанып алган кишидей: «Карындашым, сени бул базарда эч ким жумушка албайт, убактыңды бекер коротпой, өзүңө кара жумуш эле караштыр»,- деди. Мен Москвага келген күндөн тартып эле кара жумушта иштеп жатам деп ойлоп жүргөм да. «Базар ак жумуш болсо, бу Москванын кара жумушу кандай болду экен?» деп оозумду ачып туруп калдым. Ал киши «буга тамактанып ал» деп колума 100 рубль карматты. Ыза болуп кеттим. 100 рублду мыжыга уучтап, ыйлап жибербейин деп тиштенген бойдон базарды аралап жөнөдүм. Ошол окуядан кийин базарга баргыс болдум. Сизге жазган мурунку катымда «базарчы болуп калдым» деп бекер эле кейиген экенмин. Базарчы да боло албадым. Москвада жумуш табуу оор турбайбы. Жумуш тапкан күндө деле ошол жерге жагып, батып, жаныңды багып иштеп кетүү андан оор экен. Бирок мекендештердин мурун келгени кийин келгенине жол көрсөтүп, тыңыраагы бошураагын, улуусу кичүүсүн сүйрөп, алыс жерде бири-бирине күйөт тура. Чоочун жердеги сага чоочун эле адамдардын кол сунганы, жардам бергени, жакшылык жасаганы башкача сезим.

Бая күнү сиз тааныштырган Акбермет менен Мурат мени Москвага көчүрүп келип, өздөрү жашаган батирден орун берди. Колуңуз бош болгондо үйгө келип кетпейсизби дейин дегем. Бирок бул шаарда оңою менен колуң бошоп, оңою менен бири-бириңди көрбөйт окшойсуң. Эртең жаңы жумушума чыгам. Акбермет өзүнүн жанынан жумуш таап берди. Эми иштеп кете алар бекенмин деп коркуп турам. Пол жууганга акылдын, тажрыйбанын, жөндөмдүн деле кереги жок деңизчи. Бирок колумдан эч нерсе келбечүдөй болгон, кандайдыр бир ишенимсиздик пайда болуп калды...

– Өткөндө сага «жакшынакай жумушуң бар туруп Москвага эмнеге келдиң?!» деп чырылдаганым да ушундан болчу. Пол жууп, көчө шыпырып, кар күрөп жүргөн мугалимдерди, инженерлерди, акындарды көрө берип жүрөгүм безилдеп калган...

Мен да Москвага жаңы келгенде пол жууп иштедим. Биринчи жакшы жумуш табам деп ойлогом. Бирок жакшы жумуштарга албай коюшту. Дипломума, жогорку билимиме эч ким караган жок. Москвага келгени тез эле эч ким болбой калдым. Акыры акчасыз калганда пол жууганга көнүшкө туура келди. Мен арданбай бардык жумушту жасап, жан багып кетчү адамдардан эмес экенмин, кадимкидей эле ардандым. «Туалетти да жууйсуң» дегенде апама чалып, арызданып ыйлагым келди. Адатымча бар-жоктон кечип, бурулуп басып кетким келди. Эч кимди укпай, «өз жашоомду өзүм чечем» деп Москвага келип алганым үчүн гана унчуга албай калдым. Өзүмдү иштегенге көндүрдүм. Ичимден туалетти «эки же үч маал жуусам керек, чыдасам болсо керек» деп ойлогом. Андай эмес экен. Кафеде киши үзүлбөйт. Тынбай идиштерди жыйнайм, столдорду аарчыйм. Анын ортосунда пол жууйм. Анан туалет жууйм. Туалетти карганып, сүйлөнүп, арданып жатып жууйм. Мен туалет жууп жүрүп жолдошумдун ата-энесин бир аз болсо да түшүнгөнсүдүм, эмнеге мени жактырбаганын, эмнеге бизди ажыраштыргысы келгенин түшүнгөнсүдүм. Москванын атактуу университетинде окуган, кандидаттык диссертация жактап жаткан баласына ким эле пол, туалет жууп жан баккан кызды ыраа көрсүн?! Өзүмдүн көзүм менен караганда деле жолдошума татыктуу болбой калдым. Бирок өз жанымды бакканга жарабасам, ага андан бешбетер өзүмдү татыксыз сезмекмин. Ошон үчүн чыдадым. Жыйынтыгында ага жүк болбойм, өзүмдү багам деп жүрүп сүйүүмдү бага албай калдым. Сүйүүмдү өзүм ойлогондой кастарлай албай калдым. Оңой болгон жок. Кечке пол жууп, туалет жууп жүрүп, кечинде үйгө келип аспирантурада окуган, чыкыйып кийинген, билимдүү, такай атыр жыттанып жүргөн жигитти сүйүш кыйын экен. Өзүмдөн өзүм корунуп, чүнчүп кеттим...

Пол жууган оңой эмес. Баары сени тиктеп тургансый берет, баары сенин үстүңдөн күлүп жаткансый берет. Тиктеп тургандар сага тыңсынат, сен аларга... Сен алардын алдында бечарасың, чын, бирок алар да сенин алдыңда бечара... Койко юп жасанып, супсулуу, маданияттуу болуп ашайры, бычак менен тамак жеп жаткан адамдар үстөлдө отурганда башка, туалетке киргенде такыр башка. Аны мен эле көрөм, мен эле байкайм, өздөрү байкабайт. Алардын артынан кирсең туалеттин ичи бок-жини аралашып калган болот. Анан туалеттен сыртка чыкканда эле тиги адамдар кайра маданияттуу, супсулуу. Тиктеп туруп кыжырым кайнайт. Баарын эле чачынан, галстугунан сүйрөп барып, «могу не кылганың? Туштап ишиңди жасай албадыңбы?» деп унитазга башын тыгып койгум келет.Олурайып карагандан башка айлам жок. Ошондо бир кызык нерсе байкагам. Эмнегедир эркектердин туалетине караганда аялдардын туалети балит болот. Эркектердики деле таза эмес, көбү сыртына коё берет, бирок аялдардын туалети шалпылдап, кускуңду келтирип кир болот. Ошого туалетте чачын силкип, оозун боёп жаткан супсулуу кыздарды тиктеп туруп «артыңды тазалай албай жатып оозуңду кайсы арыңа боёп жатасың? Кайсы арыңа сулуу болосуң, ыя? Биринчи туалетке кишиче барганды үйрөнсөң эмне?» деп ичимден сүйлөнөм. Туалетти ким булгады, ким булгабады – ишим жок, кирип-чыкканын эле жаман көрөм. Ошентип жүрүп бүт адамдарды жек көрө баштадым. Өзүмдөн-өзүм эле тааныбаган адамдарды тиктеп алып жек көрө берем, жүдөй берем. Бактылуу адамдарды өзгөчө, башкача сезим менен жек көрөм. Бар-жоктон кечип, ушул жашоону өзүм тандап келип жатсам... Өзүмдү жек көрбөй коймок белем? Акыры өзүм тизмеде биринчи орунга чыгып калдым. Сен туура эле айттың, пол жууп иштеш үчүн акылдын, тажрыйбанын, жөндөмдүн кереги жок, бирок полду басынбай, кемсинбей жууш үчүн акыл, тажрыйба, жөндөм керек. Оңой болбойт.

– Сиз турмушка чыккансызбы?

– Ооба, чыккам. Кандайсың? Бутуң жакшыбы?

– Жакшымын, кыжалат болбоңуз. Сизди убара кылдым окшойт. Уялып калдым.

– Мунун уяла турган эч нерсеси жок. Дарыны эмнеге көтөрүп барды дейсиң? Өзүм деле сени ошентип элестетип баргам. Пол жууш эле оңой дейсиңби?

– Сиздин айтканыңыз туура чыгып калды. Пол жууш үчүн деле жөндөм, талант керек турбайбы...

– Керек эмей!

– Кыйналып жатам. Москвага келгеним үчүн өкүнүп калдым. Ушунун баары кайсы учурда, кайсы жерден башталды эле? Мен эмне болуп Москвага келип калдым? Ушинтип эле өзүмө-өзүм суроо берип жатам...

– Ушунун баары сен кыргыз болуп төрөлгөн күндөн башталган. Бул бир эле сенин башыңа келген күн эмес... Кыргыздын башына келген күн...

– Эже, сурайм деп эле унутам. Зайнап кандай?

– Атасы келди. Акча чогултуп жатабыз...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан