Руслан Асанкан, ырчы: “МЕНДЕН КӨП ЫРЧЫЛАР КОРКУШАТ”

Таланттуу ырчы Руслан Асанкан менен фонограмма, шоу-бизнестин табияты, жеке жашоо жаатында кызыктуу сүйлөштүк. “Министрликтин колунан келбеген иш менин колумдан келип жатат” дейт ал. Аттуу-баштуу ырчыларды да бир сындап өттү. Маекке көз чаптырыңыз.

Туулган жылы – 1990-жыл, 27-июнь

Туулган жери – Бишкек шаары

Билими – Опера жана балет театрынын алдындагы студияны, Улуттук консерваторияны бүтүргөн

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Салам, Руслан! Инстаграм баракчаңыздан “чыгармачылыкты баалагандар азайды” деген сөзүңүздү окуп калдым. Бул пикир эмнеден улам жаралды?

– Саламатсыздарбы? Азыр көбүнчө коммерция болуп калды да. Ырчылардын 5 же 10 ырынын бирөөсүндө эле чыгармачылык болушу мүмкүн. Калгандары элди бийлетет, акча табат деген маанайдагы ырлар.

– Фонограмма менен ырдагандарга да кескин каршы чыгып келесиз...

– Маданият министрлигинин колунан келбеген иш менин колумдан келип жатат. Министрликтин көз алдында ырчылар фонограмма менен ырдай беришет. Бирок мени көргөндө титиреп турушат, кечирим сурап жиберишет. 3-4 жолу байкадым, күчтүү делген артисттер да менден уялып “Руслан келатат, жандуу ырдайын, минусовканы кой” дешет. Бир жолу мен барган жерде абдан популярдуу, эл оозунан түшпөгөн бир ырчы фонограмма менен ырдап жатыптыр. Мен баргандан кийин жандуу ырдай баштады. “Биринчи ырды фонограмма менен ырдап койдум” деп менден кечирим сурады. Болбосо эл аны аябай күчтүү ырчы деп билет. Мен жандуу үн менен ырдайм, элге ырдын атмосферасын сездирем.

Мамлекеттик деңгээлде фонограммага тыюу салынса, азыркы ырчылардын 3 пайызы гана калат. Азыр күчтүү деп эсептелген ырчылардын да алсыз экени билинип калат.

– Ал 3 пайыздын арасында кимдер бар?

–Аксай Мукамбет уулу, Мыктыбек Нурланбеков, Адик Жумабеков жана башкалар. Тойдо сөзсүз жандуу үн менен ырдаш керек эмес да. Көбүнчө техникага шылтап коюшат. Бирок артист ал жерге үнүн көрсөткөнү барат да, өзүн эмес. Жөн эле оозун кыймылдатып койгон ырчылар машыгуу залына барып машыкпай эле, селфи кылып кеткендерге окшош. Бирдеме болсо эле “тамагым ооруп жатат”, “баланча болуп калды” дей беришет. “Кудайды, ата-энеңди, элиңди алдайм деп ойлобо, баары бир билинип калат” деген сөз бар.

– Бирок аларды деле эл өзү чакырып, ырдатып жатат да.

– Алар фонограмма менен ырдайм деп айтышпайт да.

– Сиздин үңүңүз жакшы, өзүңүздүн күйөрмандарыңыз бар. Азыркы ийгилигиңиз, деңгээлиңиз үчүн кимдерге ыраазысыз?

– Менин 3 агайым болду. Керим Орузбаев – опера жагынан сабак берген. Улукмырза Полотов – эң күчтүү устаттардын бири. Операны, анан элдик ырдоону үйрөндүм. Элдик ырларга караганда операда ырдоо жеңил. Кыргыз ырлары цент менен, эки нотанын ортосунда ырдалат. Биздикилер билбейт, кээде аны нотага салып коюшат. Операда болсо музыка так чыгат. Элдик ырдоону окуп бүткөндөн кийин бир иш-чарада ырдап калдым. Үнүм аябай элдик ырга төп келип жатты, улууларга жактым, жаштарга жаккан жокмун. Анан эстрададан техника кошоюн деп Ырыскелди Осмонкуловго бардым. Ал эң күчтүү агайлардын бири. Көптөр байкабайт, эгер АКШда жашаса Ырыскелди Осмонкуловду эл төбөсүнө көтөрүп алмак. Ушунчалык бийик нотаны кыйналбай туруп созуп коёт. Ушул агайларга, анан өзүмө ыраазымын.

– Ата-энеңиз да таланттуу адамдарбы?

– Экөө тең сонун ырдайт. Атам – менин башкы редакторум, ага жакпаган ырды ырдап чыкпайм. Ал убагында “Эдельвейс” деген топтун гитарачысы болгон. Атам үйдө комуз черткенде кулагын тиштеп отуруп калчумун. Кичине кезимден эле ырчы болорумду билгем. Атамдын ырчы болом деген кыялы болуп, бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип кетиптир. Андыктан менин ырчы болгонум үчүн аябай сүйүнөт. Атам башынан эле “кыргызча ырларды ырда” дечү. Мен болсо англисче ырларга кызыкчумун. Көрсө, кыргызча ырлардан кыйын ыр жок экен. Мазмуну, күчтүүлүгү боюнча Америка, Европаны бириктирсең да биздикине жетпейт.

– “Издей берем” ырыңыздын өзүңүзгө таандык тарыхы бар экен...

– Бул ырды бир кызга ашык болуп жазгам. Ыр күчтүү мырза тууралуу. Ал жигит бир кызды аябай жакшы көрүп калып, экөө эки ажырым жолго түшкөндө катуу сынат. Ичимдик да, башка да жардам бербей калат. Карыган кишилерден сурасаң көбүнүн жаш кезде башка сүйүүсү болгон болот го, ыр ошондой башка сүйүү жөнүндө. Ырдын сөзү, обону, баары мага таандык.

– Сизде ошондой сынган учур болдубу?

– Ооба, андай учур эртеби-кечпи ар бир эркекте болот. Эркекти эр кылган да, кара жер кылган да аял дейт го. Ал кыз менен 4 жылдай сүйлөштүм. Бирок “муну менен өмүр бою жашай албайм” деген чечимге келгем. Мүнөзү күчтүү, жадырап-жайнаган, эч нерседен уялбаган, коркпогон кыз. Ал кызга үйлөнсөм эмне болот деп да корктум окшойт.

– Азыр жеке жашооңузда абал кандай?

– Жеке жашоомду ачыкка чыгаргым келбейт.

– Маегиңизге рахмат. Чыгармачылык ийгиликтер боло берсин!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nursul
2022-09-11 10:55:00
Туура айтыптыр азыр баары эле ырчы болуп алышты ырынын маанисине таптакыр түшүнбөйсүң фонограмманы жоюп койсо 10 дой эле ырчы калса керек.
+1
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан