БАЛАНЫ МЕКТЕПКЕ КАНТИП КӨНДҮРҮҮ КЕРЕК?

Мектеп босогосун аттап, бала 1-класска барганда эле жаңы чөйрөгө дароо көнүп кетпейт. Психологдор 1-класс баланын билим алуудагы пайдубалы бекем болсо кийинки жылдары бала кыйналбай окуйт дешет. Баланы мектепке оңой көндүрүү үчүн эмне кылыш керек, кандай ыкмалар пайдалуу, төмөнкү макаладан окуңуз.

Мектепке көндүрүү – бул баланын физикалык жана психологиялык жактан жаңы социалдык шарттарга ыңгайлашуусу жана системдүү окууга өтүү процесси. Баланы мектепке көндүрүү мезгилинин узактыгы көп факторлордон көз каранды жана орто эсеп менен бир нече күндөн 3-6 айга чейин созулат. 1-класс баланын жашоосундагы эң маанилүү жылы болуп эсептелет. Туура адаптация окуу процессине оң таасирин тийгизет, жаңы билимдерди алууга түрткү берип, жаңы командага кошулууга жана досторду табууга шарт түзөт. Бала бакчага барган балдардын мектепке көнүүсү барбагандардыкына караганда жеңил өтөт.

АДАПТАЦИЯ УБАКТЫСЫ ЖЕҢИЛ ӨТҮШҮ ҮЧҮН...

  • Эртең менен мектепке тургузганда эркелетип, ал жакшы көргөн сөздөр менен ойготуңуз. Бала эртең мененки маанай менен күн бою жүрөт. Ата-энесинин жакшы сөзүнөн энергия топтойт.
  • Мектептен алып кетип жатканда толтура суроолорду берип башын оорутпаңыз, бала мектеби тууралуу өзү сөз баштаганы туура. Көйгөйү болсо өзү биринчи айтсын.
  • Баланы бат-баттан мактап, катасы үчүн айыптабаңыз.
  • Туура күн тартибин уюштуруу зарыл. 1-класстын окуучусунда уктоого, эшикке чыгып ойноого жана достору менен баарлашууга убактысы болушу керек.
  • Адаптация убагында сабактан кийин кошумча ийримдерге алып барып көп кыйнабаңыз.
  • Анын жетишкендиктерин башка балдардын окуусу менен салыштырбаңыз.
  • Ата-эне бала менен сабактарын кадимкидей окушу зарыл. Балага буйрук түрүндө “тапшырмаңды аткар”, “ушуну да билбейсиңби” деген сөздөрдү колдонуудан оолак болгон жакшы. Анын сабак аткарууга каалоосун ойготуу үчүн жакшы көргөн оюнчугун алып берип же жасагысы келген нерсесин жасатып койгон жакшы.
  • Эгерде 1-класстагы балаңыз мектепке толук көнүп кете албаса, сабак окуудан такыр эле баш тартса альтернативдүү окутуу вариантын карап чыксаңыз болот. Мисалы, аралыктан окуткан онлайн мектепке берсеңиз болот.
  • 1-2 жумада бир жолу мектепке барбай коюуга уруксат бериңиз.
  • Ата-эне, мугалим, окуучу үчөө тыгыз байланышта болуусу шарт. Мугалим менен таанышып, баарлашып балаңыздын өзгөчөлүктөрүн, жетишкендиктерин айтып туруңуз.
  • Мугалим эскертүү берсе аны баланын көзүнчө талкуулабаганга аракет кылыңыз.
  • Тапшырма жазууда бардык сабактарын аткарууну талап кылбаңыз, мажбурлабаңыз. Бала эс алышы да керек, бул куракта бат чарчайт.
  • Башым, ичим ооруп жатат деп тапшырма аткаруудан баш тартса “шылтоо, сен калп айтып жатасың” дебеңиз, бир аз убакыт берип, кайра тапшырмасын эске салыңыз.

Чолпон Сманова, психолог: “БАЛАГА АТА-ЭНЕНИН ЧОҢ КОЛДООСУ КЕРЕК”

– Бала бакчадан кийин мектепке көнүү этабы айрым балдар үчүн оор стресстик абал менен коштолот. Анткени бала ыңгайлуу зонадан чыгып, жашоонун башка этабына өтөт. Мектептеги жаңы эрежелер, милдеттерди аткарууга мажбур болот. Кыймыл-аракети чектелет, 45 мүнөт сабак бүткүчө бир орунда отурушу керек, тапшырмаларын аткарышы зарыл. Бул нерселер баланын психо-эмоционалдык абалын чыңалтышы мүмкүн. Ушул учурда ата-эненин абдан чоң колдоосу керек. Чоң ата, чоң эне, агасы, эжеси, айтор, баары мектепке жаңы барган балага шык берип жардам колун сунса бул этаптан бат өтүп кетет. Мектепке жаңы барган бала оюнкараак болот. Андыктан мугалимдер сабак өтүү учурунда оюндун элементтерин кошуп сабак өткөнү туура. Бул нерсени ата-эне да жасаса анын мектепке ыңгайлашуусу бат болот. Мисалы, үйгө партаны коюп апасы мугалимдин ролун аткарсын. Бала “үйдөгү мектепке” келип партага отурду. Аны апасы доскага чакырып бир нерсе сурады, баласы жооп берет. Кийинчерээк бул нерсени мектепте реалдаштыруу бала үчүн күтүүсүз сюрприз болбойт. Баланын стресс жана тынчсыздануу деңгээлин азайтат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан