“КОКА-КОЛА” ЖАНА “ХОРЕКА ПЛЮС” БИШКЕКТИКТЕРГЕ МАЙРАМДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАДЫ!

31-августта өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн урматына “Кока-Кола” жана “Хорека плюс” компаниялары Бишкек шаарынын тургундарына жана меймандарына жагымдуу маанай тарттулашты. Иш-чара баарыбызга белгилүү болгон “Ынтымак-2” сейил багында болуп өттү. Майрамдык сонун маанай тартуулаган иш-чарага кары-жашы дебей 3000ден ашык адам катышты. Элге атайын майрамдык концерт тартууланып, андан соң бекер тамак-аш – палоо, корн-дог, хот-дог, чак-чак, мөмө-жемиштер таркатылды.

Элиза Кудаярова, “Кока-Кола” компаниясынын маркетологу:

– Бул иш-чара “Сoco-Cola FoodFest 2022” деп аталат. Башкача айтканда, тамак-аш жана суусундук фестивалы. Бул иш-чараны уюштурганыбыздын себеби, негизи кыргызда илгертен конок чакырып, дасторкон жайганды жакшы көрөбүз да, бүгүн да ошол салтты улантып жатабыз. Ошондой эле бизде “street food” (көчө тамагы) деген бар. Мына ошол көчө тамагынын да сапаттуу экендигин элге жеткиргибиз келди.

Гүлзат Райымбекова, ““Хорека плюс” компаниясынын жетекчиси:

– "Хорека плюс" компаниясы өзүнө өлкөбүздөгү мыкты ресторан, кафелерди камтыйт. Бүгүн алдынкы ресторандардын ашпозчулары келип өздөрүнүн таланттарын көргөзүштү. Бул иш-чараны уюштурганыбыздын максаты – бүгүн бизде майрам болгондуктан шаарыбызга жагымдуу маанай тартуулоо! Жагымдуу маанай болсо даамдуу тамак жегенде пайда болот.

Салтанат Кубанычбекова, “Хорека плюс” компаниясынын менеджери:

– Бүгүнкү эгемендүүлүк майрамыбыз менен баарыңыздарды жалпы компаниянын атынан куттуктайм. Ар дайым асманыбыз ачык, пейилибиз көлдөй кенен болсун. Өлкөбүздө токчулук, молчулук болсун.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан