КАТЫРЫЛГАН НАН: Пайдасы жана зыяны

Катырылган нан же орусча айтканда “сухарь”. Бул азыкты сүйүп жегендер барбы? Өзүн кытыратып же салатка, түрдүү тамактарга кошуп жесең да болот. Катырылган нандын пайдасы барбы, зыянычы?

ЗЫЯНЫ

Дүкөндөрдө сатылган катырылган нандын курамына көптөгөн татымал жана башка кошумчалар кошулгандыктан, алардын пайдалуулугу шек жаратат.

Катырылган нан жеңил болгондуктан өлчөмүн билбей эле жей беребиз. Бул учурда ичегилерге күч келтиребиз.

Эскертүү! Он эки эли ичегиси ооругандар жана ашказанда жарасы барлар таруудан жасалган катырылган нанды гана аз-аздан жесе болот.

ПАЙДАСЫ

Клетчаткага бай.

В тобундагы витаминдер көп.

Калий, магний, натрий, кальций, темир, фосфор сыяктуу микроэлементтер бар.

Курамында углевод көп болгондуктан ашказанга бат сиңет. Ошондуктан диетологдор карыган адамдардын рационуна катырылган нан кошууну сунушташат. Ошондой эле тамак-ашка ууланганда же башка операциядан кийин күчтүү эмес, бирок пайдасы көп деп катырылган нан берилет.

Арыктагысы келген адамдарга да бул азык сунушталат. Жакшысы, кара буудай унунан жасалган катырак нан жеңиз.

КАТЫРЫЛГАН НАН ЖАСАЙБЫЗ

Буудай, кара буудай, таруу, гречка же башка дандын унунан нан жасайбыз. Нанды төрт бурчтук, үч бурчтук, тегерек же башка каалагандай формада кесебиз.

Электр мешинде эң төмөнкү температурада кактап, бышырып алабыз.

Күн тийип турганда кагазга же жыгач тактайга жайып кургатып алсаңыз да болот.

Көмөч казанга кичине май куюп, ысыганда тууралган нанды, туз мурч кошуп аралаштырасыз. Аягында майда тууралган сарымсак кошуп койсоңуз да болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан