Алиша Диа, актриса: “ЖАКЫНДА ТУРМУШКА ЧЫГАМ”

Актриса, ырчы Алиша Диа сахнадан көп көрүнбөй кетти. Кайда десеңиз, бизнес долбоорлор менен алек болуп жүрөт. Андан тышкары шоу-бизнесте айрым жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтат. Ал эми эң жакшы жаңылыгы – жүрөгүнүн ээсин таап, жакында турмушка аттанайын деп турганы.

– Салам, Алиша. Чыгармачылыктан алыстап кеттиң, себебин билсек болобу?

– Саламатсыздарбы? Ооба, алыстап кеттим. Анын бир нече себеби бар. Байкасам, актрисалар же ырчылар бир иш кыларда, ыр жаздырарда же клип тарттырарда сөзсүз демөөрчү издешет экен. Мага бул жага бербейт. Бирөө сага демөөрчү болуп берген күндө деле эртеси ал сени чогуу тамактанууга чакырат. Анан дагы бир нерселерди сунуштайт... Бекер эч нерсе жок. Бул – чыгармачылыктын жазылбаган мыйзамы. Билем, көп эле ырчы кыздар тигинин ойношу же мунун ойношу болуп жүрүп сахнага чыгып кетип жатышат. Мисалы, бир клип тарттырыш үчүн канча жигиттин көңүлүн алыш керек болот. Мен ушул жашка чейин өз эмгегим менен келдим, эми демөөрчү издеп чыгармачылыкта калгым келген жок. Бизнес кылып, ошол акчамды чыгармачылыкка салайын деп чечтим. Кинодон кеткенимдин себеби – ал жакта акча өтө аз, эч нерсеге жетпейт. Чыгармачылык сенин жүрөгүңдө болсо ал эч кайда кетпейт. Биринчи бизнес кылып, анан каалагандай чыгармачылык менен алпуруша берсе болот.

– Сага да демөөрчүлөрдөн сунуштар түшүп жаттыбы?

– Өтө көп түштү.

– Бардык ырларыңа, клиптериңе акчаны өз чөнтөгүңдөн короттуңбу?

– Ооба, баарын өз эмгегим менен кылдым. Биздин жашообуз өзүбүздүн тандообуздан көз каранды. Ошол үчүн туура тандоо кылыш керек.

– Жакында Ысык-Көлдө жаштар саммитин өткөрдүңөр. Кандай өттү, максатына жеттиби?

– Бул башында активист Канышай Рыскулованын долбоору болчу, бизди чакырып, үч адам ишке ашырдык. Бул биздин эл аралык биринчи долбоорубуз болду. Өзүм өткөргөн үчүн абдан мактай албайм, бирок жакшы ой-пикирлер айтылды. Коноктор 12 мамлекеттен келишти. Бул акыркысы эмес, мындай саммиттерди дагы далай өткөрөбүз деп ишенем.

– Кел, анда жеке жашоого кайрылалы. Ал тарапта эмне жаңылык?

– Жүрөгүмдө жакшы көргөн, аздектеген бир адам бар. Ал эл көзүндө жүргөн адам эмес, аны каалабайт дагы. Анын пикирин аябай сыйлайм, эсептешем. Бирге болгонубузга көп эле убакыт болду. Бала төрөө, турмушка чыгуу ар бир эле аялдыкындай менин дагы чоң максатым, бирок азыр иштерим көп болгондуктан коё туралы деп жатабыз. Жакында турмушка чыгуу планым бар (күлүп).

– Ишкерлик менен жеке турмушту чогуу ала кетсе болбойбу?

– Убактысынын баарын ишке жумшаган, долбоорлор менен алыша берген аялды ким жактырсын? Диңкилдеп эле иштеп жүрө берсең үйдөгү атмосфераны ким түзөт? Ал эми турмушка чыгып кетсем, долбоорлорум орто жолдо калат. Үй салып жатам, аны бүтүрүшүм керек. Иштерди бүтүрүп жолдошума бүт мээримимди берип, убактымды арнаганга даяр болушум зарыл.

– Мамиледе эң маанилүүсү сен үчүн эмне?

– Ишеним. Мен бирөөгө ишенбесем мамиле кура албайм. Ал адамды “меники” деп айтыш үчүн эки-үч эле сапат керек. Көп сүйлөй берген эркектер жакпайт, мен сөздүн көбүн угуп бүткөм, мага кылган иши маанилүү. Чын эле колунан келип, мен үчүн бир нерсе жасай алса, демек, ал менин адамым. Өзүм да эркекче жүргөнүм үчүнбү, айтканын аткарган эркек издейм. Укмуш чымыр денелүү, келишимдүү эркек болушу керек деген деле талабым жок. Мага адамдын ички маңызы, өзөгү бекемби, ошол маанилүү.

– Биринчи турмушу болбой калган айымдар мамиледе абдан абайлап калат эмеспи, сенде да абайлоо барбы?

– Албетте, бар. Биринчи жолку ачуу тажрыйба өз жыйынтыгын сөзсүз берет. Экинчи жолу жаңылбашым керек деп көпкө ойлонуп, салмактап жыйынтык чыгаруу керек болот. Бул жолу, кандай болсо да ажырашпай турганымды билем. Жыйынтык чыгардым.

– Турмушка чыкпай эле бактылуу болуу мүмкүнбү?

– Ар ким үчүн бакыт ар түрдүү. Бирөөгө акча, бирөөгө атак-даңк бакыт. Мен үчүн бакыт – турмушка чыгып, бала төрөө. Биз жыл өткөн сайын жашарбайбыз. Балаң чоңойгон сайын жашоонун башка бир мааниси ачылат. Бала төрөөнү аябай эңсейм. Өткөндө бир тууганымдын баласын эзилип эркелетип жатып өзүмө-өзүм “Алишка, сага эне болууга убакыт келиптир, бол эми батыраак төрө” дедим.

– Эркектин кандай кылыгын кечиргис деп эсептейсиң жана ага чыдабайсың?

– Кол көтөргөнүнө чыдабайт болушум керек. Биздин аялдар таяк жесе да күйөөсү менен өмүр бою жашап келе жатышпайбы. “Эмнеге? Эмнеге чыдашат?” деп өзүмө суроо берип калам. Чет өлкөдө көп жүрөм, башка улуттардын аялдарына караганда кыргыз аялдары ар тараптуу болушат. Бул чындык. Тамак жасаганды да билишет, үй тиричилигин, бала бакканды, карьера жасаганды, күйөөгө баш ийгенди, иши кылып баарын кылышат. Анан эле эмнеге булар зордук-зомбулукка көп кабыла беришет деп ойлоном. Кыргыз аялдарынын ушул нерсесин түшүнбөйм, биринчи балалуу болгон мезгилде эле кол көтөрүп жатса, экинчи-үчүнчү, андан кийинки балдарды төрөш керек беле?

– Эркектер тараптан ыдык көрсөтүүгө учурадың беле?

– 15 жаштарда болсом керек эле, коомдук унаада бир эркек аркама туруп алып кармалап жиберген. Кичине кызсың, коркосуң да, бул окуяны эч кимге деле айткан эмесмин. Ошондон кийин коомдук унаага түшкөндөн коркуп калгам.

– Чыгармачылыкта эми качан активдүү боло баштайсың?

– Аракет кылып жатам. Жакында бир тасмам чыгат. Анда да стерва кыздын ролун ойнойм. Эки тасмага тартылууга чакырышкан, бирөө башкы роль болчу, убактым аздыгынан улам баш тарттым. Экинчисине тартылдым, кандай тартылдым экен деп өзүм да ойлонуп жүргөн кезим. Андан тышкары сонун бир ыр жаздырдым, жакында элге тартуулайм.

– Ачык маегиң үчүн рахмат, ийгиликтериң арта берсин!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Айделина
2022-09-05 22:30:00
Бул кыз чыкты беле турмушка мурда?
+1
777888
2022-09-06 09:41:00
Айделина ооба, экинчи жолу чыгат экен.
0
Datka7777
2022-09-08 00:50:00
Айделина, эрге тийип бир аптадан кийин ажырашып кеткен
0
Гулнура
2022-10-03 14:34:00
Бактылуу бол.
0
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан