БИР БҮРКҮМ. РЕКТОР ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ...

  • Каржы министрлиги: Мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө 7 миллиард сом бөлүнөт.
  • Таласта аялын өлтүргөн деп айыпталган милиция кызматкери 12,5 жылга эркинен ажыратылды.
  • УКМК: Талас мамлекеттик университетинин ректору коррупцияга шектелип кармалды.
  • Таласта 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 43 жаштагы тургун кармалганы маалымдалды.
  • Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда 2 альпинист каза тапканын Ош облустук милициясы билдирди.
  • Кримавторитет Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө шектелип 5 жаран кармалды.
  • Акылбек Жапаров этностук жана диний жамааттарды биргелешип иш жүргүзүүгө чакырды.
  • СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев 31-августта 92 жашында көз жумду.
  • Улуттук статистика комитети: Жыл башынан бери Кыргызстанда өсүмдүк майынын баасы 6,9 пайызга кымбаттады.
  • Казакстан дан жана унду экспорттоого киргизген чектөөлөрүн алганы кабарланды.
  • 1-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 283 миллион метр кубду түздү.
  • Расмий маалыматка таянсак, учурда 1-4-класста окуган 440 миң окуучуга мектепте тамак-аш берилүүдө.
  • Акыркы 8 айда Ош облусунда жол кырсыгынан 19 өспүрүм каза болгон.
  • Быйыл Жалал-Абад шаарында 3600 бала мектепке 1-класска барганы айтылды.
  • Бишкектен Пакистандын Лахор шаарына жаңы аба каттам ачылды, учактар жумасына 1 жолу учат.
  • Орусиянын ЖОЖдорунда учурда 8,5 миңден ашык кыргызстандык студент билим алып жатканы жарыяланды.
  • Казакстандан Кыргызстанга 92 баш бодо малды айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалышты.
  • Салык кызматы бузук ККМ колдонгондорго айып пул салынарын эскертти.
  • Бишкекте жүзүнө пластикалык операция жасаткан аял операциянын жыйынтыгына нааразы болуп милицияга кайрылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1030, 2-8-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан