– Карт тарыхта кыргыз менен үзөңгүлөш жашаган далай элдер бүгүн жок, тарыхта алардын аталыштары гана калды. Эгемендик бактысына ар убак эркиндикти туу тутуп, тынымсыз күрөшүп келген намыстуу эл гана татыктуу. Көкүрөгүбүзгө сыймык уялап турган ушул күнү Кыргызстандын эркиндигин эңсеп-тилеп, ал үчүн жан аябай тынымсыз күрөшүп келген ата-бабаларыбыздын эрдигин жана элесин эстен чыгарбайбыз,- деди президент куттуктоосунда.
Садыр Жапаров 2022-жылы жасалган маанилүү иштер деп “Кумтөрдүн” Кыргызстанда толук өткөнүн, коопсуздук органдарына, чек арачыларга жакшы шарттар түзүлүп жатканын, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин, Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу башталганын, айлык, пенсиялардын көтөрүлүп жатышын жана башкаларды белгилеп өттү.
Чуңкурчакта ондогон боз үйлөр тигилип, майрамдык иш-чара улуттук оюндар менен коштолду. АКШ, Орусия, Кытай баштаган ондогон өлкөнүн президенттери Кыргыз элин көз карандысыздык майрамы менен куттукташты.