БИЗДИ 2011-ЖЫЛЫ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

Астро-пыр-алла!

Чыгыш төлгөсү боюнча
Коён жылы 2011-жылдын 3-февралында башталып,
2012-жылдын 22-январында аяктайт.

ДҮЙНӨДӨ

“Forbes” журналынын, орусиялык астрологдор Александр Зараев менен Павел Глоба жана көзү ачыктардын божомолдоолору.

  • 2011-жылы Корея Элдик Демократиялык Республикасынын лидери Ким Чен Ир көз жумушу мүмкүн. Анын ордун кичүү баласы Ким Чен Ун басат. Айта кетсек, Ким Чен Ир 2011-жылы 70 жашка чыгат.
  • "Кылым алдамчысы, шумпайы" атка конуп, учурда түрмөдө отурган 72 жаштагы Бернард Мэдофф асылып өлөт. Ал 20 жыл бою инвесторлорду алдап келгендиги үчүн 2009-жылы соттолуп, 150 жыл түрмөгө кесилген.
  • Египетте Жер шарынын 7 миллиардынчы жашоочусу төрөлөт.
  • АКШ президенти Барак Обаманын өмүрүнө коркунуч туулат.
  • 2011-жылы AVХ Aircar учуучу автомобили сатыкка чыгат. Ал асфальт жолдо саатына 130 чакырым жүрө алса, абада саатына 225 чакырым учат.
  • Окумуштуулардын СПИДге каршы дары ойлоп табышына негиз бар.
  • Январда Ирандын "Бушер" АЭСинин курулушу аяктап, ишке берилиши күтүлүүдө.
  • Январдын аягында Франциянын экс-президенти Жак Ширактын үстүнөн сот ишинин башталышы күтүлүүдө. Эскерте кетсек, ага мамлекеттик мүлктү жок кылганы үчүн айып тагылган.
  • Жаздан тарта буудай менен ундун тартыштыгы күтүлөт.
  • Марттын ортосунан тартып апрелдин алгачкы 10 күндүгүндө жана август, октябрда дүйнөнүн ар жеринде теракттар, ГЭСтерде кырсыктар, ошондой эле авиакырсыктар, өрттөр, суу каптоолор, зилзалалар болушу мүмкүн. “Бийлик” кризиси жүрөт. Тактап айтканда, бийлик менен оппозициянын тиреши күчөп, митингдер чыгат. Аскерий күчтөр колдонулуп, айрым ири саясий лидерлер отставкага кетишет.
  • 13-апрелден кийин Иранда куралдуу күч колдонула турган жаңжал чыгышы, ошондой эле Түштүк жана Түндүк Корея ортосунда чыр-чатак күчөшү күтүлүүдө.
  • Июнда финансылык кирешелерди көбөйтүүгө мүмкүндүк түзүлөт.
  • Августта жеке жана улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн чыр-чатактар болушу ыктымал.
  • 2011-жылдын 4-декабрында Орусияда өткөрүлүүчү Мамлекеттик Думага шайлоолор чыр-чатактар менен коштолушу мүмкүн.
  • Жыл аягында чоң коомдук-саясий окуялар күтүлөт.
  • 2011-жылы 4 ирет күн тутулат (адатта, 1 жылда 2 ирет): 4-январда, 1-июнда, 1-июлда, 25-ноябрда жана башка.

КЫРГЫЗСТАНДА

Жыл жаңырар алдында ар бирибизди “алдыдагы жыл кандай болот?” деген суроо кызыктырбай койбойт. Бул жаатында Бишкектеги көзү ачыктар менен төлгөчүлөргө кайрылган элек. Алардын божомолу төмөнкүчө болду.

  • 2011-жылы саясатта бир топ маселелер чечилет.
  • Элдин акыйкатка жана теңчи­ликке умтулуулары өсөт. Жаңы коомдук-саясий кыймылдар түзүлүп, саны көбөйөт.
  • Билим берүү, дин, аскер тармактарында жаңы реформалардын жүргүзүлүшү күтүлүүдө.
  • Март-апрелде жана күз айларында массалык толкундоолор өкүм сүрүшү мүмкүн. Улуттар аралык майда чыр-чатак чыгып барып, басылышы ыктымал. Майда жардыруулардын болушу күтүлүүдө.
  • Март-апрель ичинде айрым министрлер кетип, ордуна жаңылары келет.
  • Августта президент ден соолугуна байланыштуу дарылануусу мүмкүн.
  • Жыл аягында өтүүчү президенттик шайлоо митингдер, майда кагылышуулар менен коштолот. Оппозициялык лидерлердин биринин өмүрүнө чоң коркунуч туулат. Орусия кийлигишип, президенттикке талапкерди сунушташы мүмкүн.
  • Жыл ичинде илим жана техника жаатында ойлоп табуулар жаралып, медицина тармагында иштегендерди ийгилик күтөт.
  • Жыл ичинде ичеги-карын жана дем алуу жолдорунун оорулары (анын ичинде өпкө оорусу) көп болот.
  • Кайрымдуулук коомдору менен фонддорун түзүүгө, искусство жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга ийгиликтүү.

ЖАНА ДА...

  • 2011-жылдын январь, февралында башка жылдарга салыштырмалуу кар көбүрөөк жаап, күн суук болот.
  • Жаз өз убагында келип, бир аз жаанчыл болору күтүлүүдө.
  • Жай абдан ысык, кургакчыл болуп, күз өтө узакка созулбайт.
  • Жыл ичинде эркек наристелер, эгиздер көп төрөлөт.
  • Басма сөз беттеринде жарыяланган маалыматтар боюнча, чыр-чатактар көп жаралып, соттошуулар күтүлөт.


ТУУРА КЕЛГЕН БОЖОМОЛДОР

Ар бир жыл ар кандай окуяларга бай болот эмеспи. Андыктан жыл аягында артка кылчая карап, жыйынтык чыгарабыз. Башкаларды коё туруп, Жолборс жылы кандай болору, 2010-жылы өлкөбүздө жана саясатта эмнелер күтүлөрү тууралуу божомолдордун көпчүлүгү туура келиптир.

  • Бир калыптагы жашоону унутуңуз! 2010-жыл – Жолборс жылы стабилдүүлүк менен тынч жашоого убада бербейт. Бир калыптагы жана түшүмдүү Уй жылынан кийин табият кырсыктары менен согуштук чыр-чатактардын тилкеси башталып, кооптуу кадамдарга баруу күтүлөт. Чечкиндүүлүк, өзүнө-өзү ишенүүчүлүк, даңкты сүйүүчүлүк сыяктуу сапаттар алдыга чыгат.

Жолборс жылында бардык процесстер күтүүсүз жана өтө тездик менен өнүгө тургандыгын эске алып, кыраакы болуу зарыл.
Тактасак: Жогоруда айтылгандай, 2010-жыл тынч өтпөй, кооптуу кадамдар, атүгүл өлкөбүздө төңкөрүш менен коштолду.

  • 3-8-апрель аралыгында чыр-чатактар курчуп, митингдер өтөт. Бул элдин бийликке нааразылыгынан жана бийликте орун талашуулардан улам чыгат. Бийликте алмашуулар болушу ыктымал. Оппозиция биригип, чогуу иш алып барат. Кан төгүүлөрдүн болуп кетиши ыктымал.

Саясий куугунтуктоолор болот. 7 кишинин артында аңдуу бар. Мындан тышкары жыл ичинде 5 адамдын өмүрүнө коркунуч туулат. Парламент тарап, ордуна жаңы депутаттар келет. Диндик башкаруу мекемелеринде орун талашуулар, орун алмашуулар жүрөт.
Тактасак: Бийликке каршы эл көтөрү­лүп, бийлик-оппозиция маселеси кур­чуп, өлкөбүздө төңкөрүш болуп өттү.
Кан төгүлүп, 7-апрелде 86 адам өмүрү менен кош айтышты. Экс-президент Бакиев чет өлкөгө качып, өлкөдө Убактылуу өкмөттүн бийлиги орноду. Ал эми июндагы улуттар аралык кагылышуу 893 адамдын өмүрүн жалмады (расмий маалымат боюнча). "Саясий куугунтуктоолор болот. Негизги лидерлердин артында аңдуу бар" дегенди Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкуловдун камалып, Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев, Болот Шер, Азимбек Бекназаровдун артынан аңдуу жүргүзүлүп, атүгүл камакка түшүп чыкканы менен байланыштырууга болот.
Парламент тарап, жаңы депутаттар келди. Диндик башкарууда орун алмашуулардын болгону да чындык. Экс-муфтий кетип, ордуна жаңысы келди.

  • Кыргызстандын Чүй аймагында жайгашкан 1 аскерий бөлүктө (жайда) тополоң болушу ыктымал.

Тактасак: Ноябрь айынын 5инде Чүйдөгү “Ала-Тоо” аскерий полигонунда Аскердик окуу жайдын курсанттарынын машыгуу учурунда 4 курсантка ок жаңылды. Экөөсү каза тапты. Бул тополоң болбогондо эмне?

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Arstan
2010-12-30 17:52:19
Адамдын маанайын бузат экен бул толгочулор,тынч эле болсун эми,жакшылыктардан эч умут узбойбуз да кантсе да.

0
malish
2010-12-30 19:28:59
мен ишенбейм калп эле жаза беришет
0
zulya
2011-01-01 20:24:16
мен да ишенбейм кудайдын айтканы болот
0
ABDULLA
2011-01-02 05:28:08
алдын ала билишсе ошол окуяларга чара колдонбойбу аллахдын айтканы болор
0
izabel
2011-01-03 13:01:54
пендемдин оозунда болсо, кудайдын кулагында дейт эмеспи жакшылыктан умут узбойлу.
0
chiko22
2011-01-05 15:54:29
baardigi jalgan
0
bmmkgstan
2011-01-06 21:57:12
Kirgizstan jonundogu bojomolunar "Jamgir jait je jaabait"- degenge ele okshop kaliptir.
0
0777
2011-01-22 10:09:35
birok 2010 men yanvar'da 4ykkan sanynda okugan elem bular... owndo aytkan sozun 60% tuura 4ykty
0
i-net
2011-01-29 08:22:40
izabel
пендемдин оозунда болсо, кудайдын кулагында дейт эмеспи жакшылыктан умут узбойлу.-туура айтасын!
0
KANAT85
2011-03-14 00:41:12
бир гана кудай билет эмне болорун.
0
№ 426, 29-декабрь - 6-январь, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан